Пример HTML-страницы

Жайыл районунун базарларында жашылчалардын баасы кандай болууда?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБыйыл Жайыл районунун базарларында жашылчалардын баасы былтыркыдай болууда.

Базарларда эң популярдуу жашылчалар — редиска, көк пияз, шпинат, петрушка, укроп, салат жалбырагы, ошондой эле помидор жана бадыраң. Эң популярдуусу редиска болуп саналат. 5-6 даанасы 20-25 сомдон турат. Көк пияз, щавель, жүсай, укроп, райхан, петрушка жана шпинаттын бир тутамы 10 же 15 сом, бадыраң 100 сомдон 120 сомго чейин, помидор 120 сомдон 160 сомго чейин болууда.

Бардык жаңы жашылчалар Чүй облусунун күнөсканаларында өстүрүлөт. Алардын баасы былтыркыдан айырмаланбайт. Бирок сатуучулар май майрамдарына чейин жана май айынын дем алыш күндөрү жашылчанын бул түрлөрү 5-10 сомго кымбатташы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE