Пример HTML-страницы

Прокурорлор жооптуу кызматтагылардын шалаакылыгын айтып чыгышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСузак районундагы «Манас» айтуу саамалыгы учурундагы кырсык боюнча бүгүн, 4-майда президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев башында турган жыйын өттү.

Маалым болгондой, ага район жана шаарлардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, билим берүү бөлүм башчылары катышты. Абсаттар Сыргабаев уюштуруу иштеринде жергиликтүү бийликтин да чабалдыгы болгонун, милиция кызматкерлеринин да шалаакылык мамиле кетиргенин белгилеп, Жалал-Абад ОИИБ башчысы Марлис Асановго кызматкерлерине сабак өтүү сыяктуу жолдорду кароо сунушун айтты.

«Кызматкерлериңизге сабак өтөсүзбү же иш-чара өтөсүзбү, иштөө тартиптерин күчөтүңүз. Кандайдыр бир кадамдарга барыңыз. Ошондой иш-чараларда коопсуздук каралыш керек. Балдар ылдыйда, унаалар өйдөдө турат. Бул туура эмес экенин жөн адам да айтат. Бул окуядагы мамиле кызматтык милдеттерин билбегендик экенин көргөзүп койду. Иш-чараларда коопсуздук эрежелер кантип сакталышы керек? Муну билбеген да кызматкерлериңиз болушу мүмкүн», — деди Сыргабаев.

Ошондой эле ал мектептеги, бала бакчадагы иш-чаралардан өйдө жетекчилер кабардар болуп турушу керектигин айтылды. Саамалыктарды өткөрүүгө жеиекчилер макулдук берүүдө бюрократиялык мамилеге өтүп албоону да эскертти.

Жалал-Абад облустук прокуратуранын өкүлдөрү айрым жетекчилер Сузактагы окуядан кабары жоктугун айтып жатышканын, бул жоопкерчиликтен кутулуунун жолу эместигин, райондогу жооптуу кызмат адамдарынын шалаакылык, кайдыгерлик мамилеси бар экендигин айтышты.

Сузактагы кырсык:

2-майда Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жерге-Тал айылында ондогон балдарды унаа сүзүп кеткен.

Маалым болгондой, кырсык саат 13:30 чамасында «Манас» эпосунан үзүндү айтуу саамалыгы өтүп жаткан учурда болгон. Токтоп турган «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, окуучуларды аралап кеткен. Жабыр тарткандардын саны 35 адамга жетти. Окуучулар ооруканага жеткирилген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номуруна милициянын старшинасы Т.Айдарбеков кабар берип, Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын«Манас» айтуу аземи болуп жаткан учурда Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган тургуну Б.Ж. өзүнүн башкаруусундагы «Хендай Портер» автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан унаасы жылып кетип, «Манас» айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткенин кабарлаган.

Кызматтан алынгандар:

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-майда Сузактагы кырсык боюнча Сузак РИИБдин башчысы Арстанбек Усанов, анын орун басары Нургазы Ботоканов жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулганын маалымдады. .

  • Милициянын полковниги Арстанбек Усанов Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2023-жылдын январь айында дайындалган болчу.

Буга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев кызматынан убактылуу четтетилгенин кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE