Пример HTML-страницы

ЧЫНЫГЫ ЭРКЕКТЕР ТУУРАЛУУ КЭЭБИР МИН БИР ФАКТТАР.

https://kyrgyzcha.site/?p=57456&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЧЫНЫГЫ ЭРКЕКТЕР ТУУРАЛУУ КЭЭБИР МИН БИР ФАКТТАР.

 

Эң начар эркектерди эң мыкты аялдар сүйүшөт…

 

Аялдарды кол жоолуктай алмаштырдым деп ойлогон эркек терең жаңылышат: дал ошол эркек аялдардын колунан өтүп жүргөн кол жоолук.

 

Эркектин жардамы менен аялзаты өзүн алсыз сезүүсү керек, а күчтүүлүк ар дайым аялзатынын канында.

 

Эркек бул — үч саат бою кайырмагына балык түшүшүн чыдамдуулук менен күтүп, а бирок аялы кийинип алышын жыйырма мүнөт күтө албаган жаныбар.

 

Кадимки эркектер менен чыныгы эркектердин айырмасы мына мында: алардын биринчисинен башыбыз ооруса, экинчисинен башыбыз айланат.

 

Эркекке аял менен баарлашуу үчүн үч эле сөз жетет: сатып берем, алып барам жана албетте, сүйөмүн!

 

Кээ бир эркектер өзүнүн бардыгы менен башкаларга бакыт тартууласа, кээ бирлери жоктугу менен кубандырат.

 

Ар бир эркек аялзатынын чачынан сылап, өөп жана аны менен ойногонду жакшы көрөт. Бирок, аялдын чачын тамак ичкен табагынан байкаар замат, каарданып ачуусу келет.

 

Эгерде эркек аялды төшөккө сүйрөгүсү келип ал үчүн ар кандай зулумдукка барууга даяр болсо, ал эркекти ага турмушка чыгууну чечкен аял басып өтөт.

 

Эркектин жашоосу шахматка окшош: кара чач — сары чач, кара чач — сары чач, аялдардын жашоосу болсо, зоопаркка окшойт: теке, коёнек, эшек, маймыл…

 

Эркек адегенде кыялдарын, андан кийин тиштерин, андан кийин гана акылын жоготот.

 

Эркектин кандай экендигин билүү үчүн адегенде аны менен ажырашуу керек.

 

Эркек эч качан аял ал тууралуу чындыгында эле эмне деп ойлооруна ишенбейт.

 

Карышкырды канчалык бакпа — баары бир токойду карайт, эркекти канчалык караба, баары бир башка аялга умтулат.

 

Эгерде эркек аялга машиненин эшигин ачса, экинин бири — же машинеси жаңы же аялы…

 

Эркек — сүт сыяктуу: аны кайнатканда көз айырбай карап туруш керек. Бир аз эле көзүң мындай болсо, ташып, а эгер убагында кайнатпай койсоң ачып кетет.

 

Эркектин үстүнөн күлүшкөн болсо, бул жаман — мындан да жаманы анын астынан күлүшкөнү…

 

Машине айдоо эркек үчүн төшөк кумары сыяктуу. Алардын ар бири машинени мен гана эң мыкты айдайм деп ойлошот.

 

Чыныгы эркек тууралуу жомокту күйөөлөрүн коркутуу үчүн аялдар ойлоп табышкан.

 

Чыныгы эркек үй тапичкесиндей ыңгайлуу жана жоокердин батинкесиндей ишенимдүү болушу керек!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE