Пример HTML-страницы

Периштем!     

https://kyrgyzcha.site/?p=55637&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мен бул күндөлүктү үч күндө окуп чыктым,жазган адам жашоодон тайып кеткен бутун тартып алгыча, өзү үчүн күйгөн адамдын кадырына жете билгенче,ал кеч эстеген адамдын өмүр сызыгы соңуна чыгып кеткенине ичим ачышып турду…Тирүү кезде неге сыйлап ала албады экен,мүмкүн, жашоо башка нукка түшмөк беле? Өтө кечигип кечирим сураптыр,өмүрүндө айтпаган жакшы сөзүн айтыптыр,албетте,өз башына мүшкүл түшкөндө гана…

Күндөлүк менин колума анын карындашы аркылуу тийди,алгач каршы болдум,ал байкеңден уруксаат болбосо,оңдой да,жарыялай да албайм деп …Ал күндөлүктү азыр жазбай калганын,өзү колу менен тапшырып,окусаң, өрттөсөң өзүң бил дегенин угуп, аны бир аз оңдоп,бирок,маанисин өзгөртпөй кагаз бетине түшүрдүм.Жазылган убактысы баары бирдей, эрте мененки 6 . 40 деп коюлуптур, демек,жан дүйнө көп түйшөлүп,көп азап тартып,анан да,соолуккан кезде жазылган…

 

 

 

Периштем!

Сенин мен үчүн күйүп айткандарыңды неге укпай койдум экен деп,өзүмдү жемелеп келем,жашоом сен айткандай болуп жатканы мени таң калтырды.

Көрсө,сен жөн гана мээнеткеч аял эмес,даанышман ,акылдуу да жан экен элең. Ооруп жүргөнүңдөн улам менден мурда акыретке кетээриңди билдиң бекен, менин сенин кадырыңа кеч жетээримди да сезген экенсиң.»Жок дегенде балдарыңа сыйлуу болчу ,мени сыйлабады деп деле капа болбойм, бирок,кайсы бир күн кадырыма жетесиң ,сен жеткен кезде ,мен бул жашоодо жок болуп калышым мүмкүн» деген сөзүң кулагыма жаңырып ,ичимди өрттөп келет.

Менин азаптуу жашоом сенин көзүң өткөндөн кийин эки жумадан соң башталды.Өз балама,өз үйүмө ,ал тургай жаман-жакшыны ылгай элек небереме да өгөй боло баштадым,чынын айтсам,өзүмө өзүм да жакпай турдум.Ооба,сен айткандай актана да,уруша да албай,таарына да албай турган абалдамын.Сен мен үчүн коргоочу да,актоочу да,күйгөн да жан экениңди кечигип сезип жатам.Не деген жан элең,бир ооз жаман сөз айтпадың, азыр эстесем,күйүп кетем, өрттөнүп кетем.Сага канча жолу колум тийди,бир да жолу таарынбадың, балким,таарынычың ичиңде кеткендир. Сөзүңдөн да,ишиңден да кемтик таап,жакшы сөз деле айтпаган экенмин.»Мага чала ,азыркы күнүм » деп, өзүмдү-өзүм жемелеп алам.

«Балдарыңа тарбия бербесең, өзүң минтип жүрсөң,кийинкилиги кандай болот экен,ичкенди токтотчу куракка деле жеттиң,кичине ойлонуп иш кылсаң» деген сөзүңдү оор көрүп,»Жакшы күйөө таап ал,мен жаман болсом » деп,сабаганым азыр өзүмө токмок болуп тийип жатат.

Балам таарынычы таркай элек,унчукпайт.

Сага колум тийген сайын,мени жек көрө карап ,сени алачалап турчу эле,катуу сөз айтса, сен тыйып койчусуң, » Жаман болсо да атаң ,өз ишиңди кыл,балам,атаң соо болгондо, айыбын сезет, дайым кечирим сурайт » деп койчусуң. Мен каякта сурайм,көрсө,атасын сыйлап жүрсүн дегениң экен.Аны азыр түшүнүп жатам.

«Апамды кордоп жүрүп ,сиз оорулуу кылдыңыз, сиз түбүнө жеттиңиз » деп,ичиндеги бугун чыгарып ыйлап алды, балаң түшкүр, ошончо нерсени катып жүргөн тура.А мен эмнеме көөп жүрдүм экен…Балам катары жакшы сөз да айтпаган экенмин,бир нерсе алып да бербептирмин,эмне керек экенин сураган

эмес экенмин…Баарын айтты ,баары чындык …Алгач кыйкырдым адатымча:

«Мен деген атаң болом,кантип мени менен айтышасың ,акылың жок болуп калган экенсиң, сени ким айтат ,бала деп,жада калса,жат болсо да,улуу кишиге каяша айтпайт ,эгер билгиң келсе» деп,тапкан сөзүмө корстон болуп турдум,тарбиялап койдум деп…

—Ушул акылды мен кичине кезде айтсаңыз болмок ,өтө кечигип уктум акылыңызды, ата !(Ата деген сөзгө басым жасап айтты)Сизге баш көтөрбөйм, акым да жок ,бирок, сиздин тарбияңызга суусап жүргөн убакта биз менен ишиңиз да болбогону өкүнүчтүү ,апамдын оорулуу болуп калышына сиз себепкер деп жүргөнүмдү жашырбайм ,жакшы мамилеңизге, жакшы сөзүңүзгө суусап жүрүп ,өтүп кетти. Сизди башка балдардын атасына салыштырып алып ,балалык жек көрүүм кичинемден эле башталган.Мени эки жолу катуу тарбияладыңыз, али эсимден чыга элек.

Эсиңизде болсо керек, биринчисинде чогултуп койгон арактын бөтөлкөсүнөн экөөнү өткөрүп ,пряник алып жеп койгонум үчүн сабагансыз. Экинчи жолу,ошол чогулган бөтөлкөлөрдү көтөрүп баратканымды көрүп жүргөн балдар мени

мектепте шылдың кылганы үчүн сиз дүкөнгө жөнөткөндө, барбай койгонум үчүн токмок жедим. Менин эсимде ушулар, анан,апамдын бизден жашынып, ызасын көз жашы менен жеңгени гана калыптыр.Ошол күндү эстебейин десем

да болбой өзүңуз эстеттиңиз, сиз менен ата-баладай болуп чоңоё албадым, эми жөн гана сый жашайлы, айтчу акылдан ,

тарбиядан экөөбүз тең кеч калдык,тынч жашообуз керек,мен көнүп калганмын ,

бирок, балдарым тынч жашасын, сизден ушуну гана суранам — деп,чыгып кеткени

ачуумду келтиргени менен ,чындык экени кайра тынчтандырып койду, ашыкча сүйлөй албадым. Сенин айтканың төп келгенине ынанбаска арга калбады.

Сен оруп жүргөн учурда » Өлчү болсоң,

батыраак өлсөң боло,темселеп жүрө бербей, башка аял алсам, адам катары жашайт элем » деп ,кайсы арыма айттым

десең…Алып да көрдүм ,мен шордуу

андан бетер сыйымды жоготтум. Үйлөнө турганымды айтсам ,балам таң калган деле жок ,эки кызым унчукпай ,көздөн жаш агызып гана жооп кылышты. Ал аял менен сөзүм бүтүп ,даярдык башталды.

Алгач өз шартын койду ,баарын аткарам дедим,чөнтөгүмдө жарты тыйыным жок,үйдөн терек ,мал дегенди сурабай саттым ,бир тууган инимди ортого салып.

Балам унчукпаганы менен,жактырбай жатканы билинип турду ,иним ар сөздү айтып ,мен тарап болуп ,баары менин пайдама чечилип жатты.Сен кургандын тишин деле карабаган экенмин ,мен үйлөнчү аял биринчи эле бүтүндөй тишин оңдотуумду айтты ,анын оюндагыдай аткардым.Сенин үстүңдө эмне кийип жүргөнүнө көңүл бөлбөгөн жаным анын кийимин жаңыладым, төрт сезонго ылайыктап.Сенин маанайыңды тиктебеген мен шордуу ошол аялдын

көңүлү оорубасын деп жашап калдым.

Мени сызга отургузуп кетээрин ойлобоптурмун, бир аз ишенимге кирген соң ,колуна тийген ,өзүнө жаккан буюмдарды уурдап, кийимин көтөрүп ,дайынсыз болуп ,жоголуп кетти.

Мага ошол да чала ,ушуну көрмөк элем дедим.Кайдан издемек элем ,тапканда да,мени ээрчип келе коймок беле ,келген күндө да үйгө киргизишмек эмес. Башында балам айткан ,ким экенин угуп турсам да ,кагып койгом аны,ишенген эмесмин.Үйдө андан бетер кадырым түштү (Кадырым деп коем да ,кайсы кадырым бар десең…)

Тамак бышканда өзүмө ылайык салып ,калганы үйгө кирип кетишет.Не кылмак элем,курсагым тойгонуна шүгүр деп отуруп калам.Сүйлөшүп отургум келет,бирок,ким менен…Анан,сыртка чыгып ,чоң ,кичине дебей,арак ичип жаткан бирөө жарымды таап алсам ,ошол мага чоң утук. Ушинтип күн өткөрөм ,кийинки күндөрү үйгө артыкбаш боло баштадым. Үйдө жумуш менен алек болоюн десем ,эмне кылышымды деле билбейм ,кармайын десем ,баары олдоксон болуп ,мойнум да жар бербейт.Убагында чарчап же такыр

колуңдан келбей калган ишти менден «жардамдашып койчу» дегениңди уксам да,козголчу эмес элем ,эми менден суранган деле адам жок.» Келиндин тамагын жеш үчүн да эп керек ,жок дегенде, отунуна каралашып кой » деп,ооруп жатып калганыңда айтканыңды эстеп ,каңырыгым түтөдү.

Колумду шилтеп басып кетпедим беле…

Эми менден суранган деле адам жок.

Бирөөнү кордосоң, өзүң да кор болосуң деген сөз мен үчүн эле айтылгандай…

Бул ааламдан өтүп кеткениң жалган болуп , бир күн жаркылдап кирип келсең ,кандай гана сыйлап алмакмын,төбөмө көтөрмөкмүн деп коем, жаш баладай болуп калам ,кээде ушинтип.

Мени сыйлаган эки эле аял бар экен эле,бир сен ,экинчиси апам. Менин кырс мүнөзүмө сенин түтөөрүңдү билип ,келин кылып алган тура…А мен көөп кеткен экенмин, сенин ай чырайыңды өчүрдүм, ден соолугуңдан ажыраттым,азап чектирдим.

Кеч болсо да ,кечирим сурайм ,менин өзгөчө акылдуум, даанышманым.

Көзүңдүн тирүүсүндө жакшы сөз айта албаганым үчүн да минтип эч кимден жакшы сөз укпадым, а балама айтчу жакшы сөзүм бар, бирок, айтканга жүрөгүм чыдабай кетет…муңайым тиктеген көзү мени билгизбей жеп койду…түшүнөм,анын деле жүрөгү бар ,баштан өткөн нерсе ,унутулбай кала берээрин өз башымдан өткөрүп жатпаймынбы…

Кийинки күндөрү үйдө гана отуруп калганыма чыдай албай кеттим ,анткени, балам :»Ичкенди таштай албасаңыз дарыланып келесиз же каалашыңызча иче бериңиз, бирок ,үйдөн чыкпаңыз «деп талап койду.Ага да чыдай албадым, көчөдө селсаяк болуп кетүү жеңил сезилип кетти.Мен үйдө кысылып кеттим ,өз айыбымды сезген үчүн басып жүрүү оорлой баштады. Баарынан кечирим сурап ,бүгүн башка жашоону тандадым. Ал жакта жеңилдей туюлуп жатат ,эч кимден тартынбайсың,эч ким күнөөлөбөйт, баары окшош адамдар, окшош жашоо…

Сенин алдыңда да жеңилдей түшкөндөй болдум ,анткени ,өзүмдү -өзүм жазалап да жатам деп түшүндүм,мен ошого татыктуу экенмин…

 

Сөз аягы…Ошентип ,биздин каарман өз айыбын сезип ,баарынан кечирим сурап ,өз тандоосун да ишке ашырыптыр, өкүнүчтүү…»Кайра кайтчу жолго түшө албайм, мен өзүмө татыктуу жашоону тандадым, негедир жеңилдей түштүм,бир жагы өзүмдү -өзүм жазалап да жатам ,күнөөлөрүм мени ушул жакка тартып туруп алды » деп,артынан барган жакындарына макул болбой койгону негедир ойго салды, айла жок,колдон келчү иш эмес,ар кимдин өз тандоосу бар эмеспи…

Жакын адамыбызды көзү барында сыйлай билели, асылдарым,жашоо шамы качан өчүп калганда,бармак тиштеп өкүнбөй, ансыз да кыска жашоону андан бетер кыскартып албайлы…

Колдон келсе ,жакшы сөз,жакшы мамиле менен ,өмүрүнө өмүр улаганга салым кошсок ээ…

Баарыңарга жараткан узун өмүрдү, ар дайым сый-урматтын үстүндө жүргөн күндү насип этсин!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE