Пример HTML-страницы

Авазхан Чотбаев 1 кг 100 долларга бааланган чайырды 120 гектарга өстүрүп жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Авазхан Чотбаев 5 жылдан бери чайыр (ферула) өстүрүп, аны жайылтуунун аракетинде болуп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, бул тармак кирешелүү болгондуктан иштелбей жаткан кайрак жерлерге эгип, эл арасына жайлытса болот. Бул багытка атайын Айыл чарба министрлигинен токтом керек болгондуктан көпчүлүк бул өсүмдүкү өстүрүүдөн кооптонуп турушат. Дарылык касиетке ээ болгон чайырды экспортоо үчүн анын көлөмүн кеңейтүү керек. Акыркы жылдары Баткен, Лейлек райондорунда чайыр жыйноонун натыйжасында жайыттар жабыркаган. Калыбына келтирүү үчүн чайырдын желимин жыйбай, аны кайра эгүүгө сунуш кылуу максатында бир канча долбоорлорду жазып, министрликтен колдоо күтүп жатат.

«Чайыр өсүмдүгү аябай пайдалуу, дарылык касиети чоң. Биздеги тоолордо өсөт. Бирок аны терип же ширесин алууга болбойт. Мыйзам жол бербегендиктен анын тамырын алган жана ширесин тергендерге айып пул каралган. Мен бул өсүмдүктү 5 жылдан бери 120 гектар аянтка эгип өстүрүп келе жатам. Бирок азырынча пайда көрө элекмин. Бирок бул өсүмдүк айыл чарба багытына кирсе өстүргөндөрдүн саны көбөйсө кирешелүү айыл чарба тармагына айлантмакпыз. Мисалы мунун жалбырагы өзү бир канча ооруларга дары. Анын 1 граммы Россияда 300-400 рубльга чейин сатылып жатат. Анын ширеси, тамыры дары. СССР маалында экспортко чыккан эмес. Ал үчүн өкмөттөн, Айыл чарба министрлигинен уруксат керек. Эл өстүрүп пайда көрүп калганда мамлекет айып салып коет деп өстүрүүдөн коркуп жатат. Кайрак жерлерди алып, эл эгип экспортко чыгарсак болот. Өзбекстандын эли жылына экспортко чыгарышат. Аларда университеттерде ферулла тармагы деп атайын факультет да ачылган, окутулат. Аларда токой чарбанын кайрак жерлерин алып, бардык облустарында өстүрүп жатышат. Бизде да кайрак жерлер көп. Бул дары чөптүн көлөмүн көбөйтүп, мамлекеттен токтом алып, мыйзамдаштырып экспортко чыгарсак болот.

Бизде менден сырткары дагы чайыр өстүргөндөр бар. Мен бул боюнча долбоорлорду жазып акимге, губернаторго Акылбек Жапаровго да киргем. Азыр эми Айыл чарба министрлигинен тиешелүү адистерди чакырып, бул өсүмдүктүн пайдасын, дарылык касиетин айтып айыл чарба тармагына киргизүүнү айттым. Ал жактан чечим кабыл абыл алып, токтом чыгарып берсе, бул өсүмдүк кенен жайылмак. Бул чөп невроз, асма, кант диабени, пневмонияга, гепотитке каршы дары. Бул чайырдын 250 граммы Бишкекте 1500 сомдон сатылып жатат. Ал эми ширесинин килограммы 60-70 доллардан бааланууда. Мындай айтканда түйшүгү аз, кирешелүү тармакты жайылтуу зарыл», -деди ал.

Баткен облусунда чайырдын 13 түрү өсөт. Баткен районунда 1500 гектар жерге чайырдын уругу себилген. Алдыда айыл чарба өндүрүшү катары кабыл алынса, түшүм алынып, экспортко чыгарууга жол ачылат.

—————————————————

Кыргызстандын аймагында ферула суу жетпеген кайрак жерлерде көп кездешет. Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, бул чөптөн дары жасалат. Анын 1 килограммы 100 доллардан өйдө бааланат. Дүйнөлүк базарда бул чөпкө суроо-талап жогору экени айтылат.

Чайыр — чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүктүн уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры ар түрдүү жоондукта, тик ылдый өсөт, айрымдарынын диаметри 10-20 смга жетет. Сабагы 100-180 см болот. Мөмөсү жалпак эки кутучадан турат. Анын бардык түрүндө чайыр заты бар. Майда болуп өскөн түрлөрүн мал оттойт, бирок уругуна алар ууланышы мүмкүн. Эл арасында айрым түрү Кугистан чайыры, Фергана чайыры дарылыкка (ашказан, жараат ооруларына) колдонулат. Жер жүзүндө 130дан ашык түрү, Кыргызстанда 35тен ашуун түрү белгилүү. Алар өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейинки өсүмдүктүүлүктүн бардык курамында кездешет.

  • 2022-жылы Turmush басылмасы Баткенде жергиликтүүлөр ак чайыр дары чөбүнүн ширесин жыйнап сатып, сезондо 500-600 миң сомго чейин киреше табышарын жазган.

Жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнашат.

Ак чайыр кайрак жерде тоо боорлорунда өсөт. Биздин Баткен районунун тоолорунда да кездешет. Жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнап, фирмаларда иштеп киреше табышууда. Килограммы 1000 сомдон жогору. Тамырын чукуп алып, кесип койсо, сымаласы 1 күндө чыгып калат. Аны кырып алып топтошот.

Азыр эми жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнө өстүрүүнү колго алышууда. Жеке эгин талааларына эгип, көбөйтүп пайда көрүшсө да болот экен. Азыр тоодон жыйнап жатып бир сезондо бир жумушчу 500-600 миң сомдой пайда көрүшөт.

2023-жылы май айында Баткен облусунун тоолорунан чайыр (ферула) терип, мыйзам бузгандарга чара көрүлөрү белгилүү болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Аширали Пирматов буга чейин атайын эрежелерди сактоо менен аталган кызматтан тиешелүү кагазадардын негизинде чайыр өсүмдүгүн казып алууга мүмкүнчүлүк болгонун айткан.

Аны айтымныда, мындан ары аталган өсүмдүктү казып алууга салынган. Ал эми уругун атайын уруксат кагаздын негизинде терүүгө болот. Эгерде лицензия жок мыйзам бузуу катталса, тамырын казып алуу катталса, келтирилген чыгымга жараша айып пул салынат. Буга чейин атайын эрежелерди сактоо менен аталган кызматтан тиешелүү кагаздардын негизинде чайыр өсүмдүгүн казып алууга мүмкүнчүлүк болгон. Мындан ары аталган өсүмдүктү казып алууга салынды. Ал эми уругун атайын уруксат кагаздын негизинде терүүгө болот. Эгерде лицензия жок мыйзам бузуу катталса, тамырын казып алуу катталса, келтирилген чыгымга жараша айып пул салынат.

«Баткен облусунун тоолорунда кездешкен чайыр өзгөчө коруктагы өсүмдүккө кирет. Чайыр дарылык касиетке ээ болуп, аны терип ширесин сатышат. Ал үчүн буга чейин бир канча фирмалар тиешелүү кызматтардан лицензия алып, белгилүү бир аймактан казып алып келишкен. Мында чайырды түп тамыры менен жок кылуу эмес, келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен казып, ширесин алышкан. Бирок быйыл чайыр өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга жана уругун терүүгө тыюу салынды. Ал үчүн токтом кабыл алынды. Чайыр казып, уругун терип киреше табууну же пайдаланууну көздөгөн жарандарга айып пул салынат. Ал базар наркында эсептелип, келтирилген чыгымды төлөп берет», — дейт Аширали Пирматов.

Кыргызстандын тоолорунда сасык чайыр, ак чайыр өсүмдүгүнүн 32 түрү кездешет. Өткөн жылы 5 фирма атайын лицензиянын негизинде Баткен облусунун тоолорунда иштешип, чет өлкөлөргө экспорттошкон.

  • Былтыр Turmush басылмасы Баткенде жергиликтүүлөр ак чайыр дары чөбүнүн ширесин жыйнап сатып, сезондо 500-600 миң сомго чейин киреше табышарын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE