Пример HTML-страницы

Ошто 2300дөн ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын жарымынан көбү жардам жана жер тилке алган

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында жер көчкү, сел, суу ташкындары, таш кулоо коркунучу жаралган 304 кооптуу аймак бар.

Бул аймактар ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан аныкталган.

— Алай району боюнча — 77;

— Араван району боюнча — 4;

— Кара-Суу району боюнча — 27;

— Кара-Кулжа району боюнча — 79;

— Өзгөн району боюнча — 117 жер көчкү кооптуулугу жаралган тилке бар.

Учурда Ош облусунун аймагында кооптуу аймактарда жашап, көчүрүлүүгө тийиш болгон 2396 үй-бүлө бар. Аталган үй-бүлөлөрдө 9978 жаран жашайт.

Райондор боюнча:

— Алай району — 355 үй-бүлө (1652 жаран);

— Араван району — 4 үй-бүлө (18 жаран);

— Кара-Суу району — 37 үй-бүлө (193 жаран);

— Кара-Кулжа району — 403 үй-бүлө (2010 жаран);

— Өзгөн району — 1597 үй-бүлө (6105 жаран).

Облус боюнча мамлекет тарабынан жардам (ссуда) жана жер тилкелерин албай, учурда кооптуу аймактарда көчпөй жашап жаткан 924 үй-бүлө бар.

Райондор боюнча:

— Алай району — 111 үй-бүлө;

— Араван району — 1 үй-бүлө;

— Кара-Суу району — 3 үй-бүлө;

— Кара-Кулжа району — 102 үй-бүлө;

— Өзгөн району — 707 үй-бүлө.

Ал эми облус боюнча мамлекет тарабынан жардам (ссуда) жана жер тилкелерин алып, көчпөй жашап жаткан 1472 үй-бүлө бар.

Райондор боюнча:

— Алай району — 244 үй-бүлө;

— Араван району — 3 үй-бүлө;

— Кара-Суу району — 34 үй-бүлө;

— Кара-Кулжа району — 301 үй-бүлө;

— Өзгөн району — 890 үй-бүлө бар.

Жогоруда аталган жалпы 2396 үй-бүлөгө ӨКМ тарабынан 2023-жыл ичинде кооптуу аймактан көчүп чыгуу боюнча 1959 экертме баракчалары таратылган. Ал эми райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 437 эскертме баракчалары берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE