Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Торгоев көчөсүндө мөмө-жемиш бактарынын жана ар кандай гүлдөрдүн көчөттөрү сатыла баштады.
Соодагерлердин айтымында, көчөттөр көбүнчө Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун питомниктеринен, бакчаларынан алып келинет. Аны менен катар Чүй, Баткен, Ош облусунан келген көчөттөр да сатылат.
«Жергиликтүү көчөттөргө болгон суроо-талап жогору. Анткени биздин климатка ылайыкташкан жана аларга кам көрүүнү да тургундар өздөштүрүшкөн. Жергиликтүү көчөттөрдүн ичинен Түптүн Кароол-Дөбө айылынан жана Жети-Өгүздүң Жеңиш айылынан келген көчөттөрдү сурагандар көп болот», — дейт сатуучулардын бири Бакыт Акматов.
— Алманын «Наливка», «Гравенштейн», «Превосходные», «Апорт», «Рашида» сортундагы көчөттөрү 250 сомдон сатылууда;
— Алмуруттун «Талгарская красавица», «Дубок», «Дюшес» сортундагы көчөттөрү 150-200 сомдон сатылууда;
— Ош жана Баткен облусунан алып келинген шабдалынын көчөттөрү 200 сомдон сатылууда;
— Кокон гилас жана алчанын көчөттөрү 250-300 сомдон сатылууда;
— Карагаттын «Ленинградский Великан», «Белорусская сладкая», «Капитан» сортундагы көчөттөрү 50-250 сомдон сатылууда;
— Малинанын «Мапема», «Полька», «Полана», «Мираж» сортундагы көчөттөрү 100 сомдон.
— Роза гүлүнүн 1 түп көчөтү 60-150 сомдон сатылса, бир жылдык гүлдөр 30 сомдон жогору бааланууда.
«Короо жайларды кооздого декоративдүү туяларга болгон суроо-талаптар көбөйүүдө. Алар Өзбекстан жана Польшадан алынып келинет. Баалары 700 сомдон 6000 миң сомго чейин», — дешет сатуучулар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.