Пример HTML-страницы

Ата-энелер анын ачылышын талап кылышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 28-апрель күнү Бакай-Ата районунундагы мурунку Чалдыбар жатак интернатында ата-энелер жана депутаттардын чогулушу өттү. Бул тууралуу ата-энелер билдиришти.

Алардын айтымында, аларга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, Руслан Жакышов, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү келишти. Ата-энелер жатак мектепти кайра калыбына келтирүүнү талап кылышты.

«Кечээбиздин чогулганыбыздын себеби, жогорку жакка улам бул маселени айта берип, жыйынтык болгон жок. Бул Чалдыбар жатак интернатынын 120 жылдык тарыхы бар. Ушул жерде биздин чоң аталарыбыз окуган. Учурда дагы бул интернатка суроо-талап көп.

Мисалы Айтматов районунда мындан 2 жыл мурун тез татымда газ баллон жарылган эле. Анда каза болгон адамдын адамдын 4 баласы бар экен. Азыр аларды 78 жаштагы чоң энеси багып жатат. Ал «эртең көзүм өтсө эмне болот?» деп ыйлап отурат. Бул бир гана мисал.

Бул жерди «Манас» жатак лицейи кылган туура эмес. Бош имарат деп эле кайдыгер карап жатышат. Бул жерде Чалдыбар интернаты болсун. Айла жок, тоодо мал менен жүргөндөр, бир эле ата же энеси болуп, оокат деп иштеп жүргөндөрдүн балдарына бул жер абдан жакшы. Көрүнгөн тууганына таштап, эмне болду деп санаа тарткандан көрө бул жерде татыктуу тарбия, билим менен чыгышат. Сентябрга чейин ушул маселени чечип, Чалдыбар жатак интернатын кайрадан жандантууга талап коюлду», — деди алар.

Билим берүү министрлигинен келген өкүлдөр бул маселе ушул жылдын сентябрь айына чейин маселе каралып, аягына чыгарын кабарлашты.

————————————————————

2022-жылы 29-июнда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында жайгашкан жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдардын Чалдыбар мектеп-интернатын жабылышы боюнча ата-энелер нааразычылык билдирип чыгышкан. Алар 2022-жылдын 10-июнь күнү Министрлер кабинетинин ал жерге «Манас» лицейи жайгаштырылсын деген токтому чыкканын айтышып, бул токтом боюнча ата-энелер жамааты жана мугалимдер нааразычылык билдирип, Билим берүү министрлигине кайрылышкан.

«Бул жерде бардык ата-энелер окшош. Көбүнчө чоң ата, чоң апа, таене, таятанын колунда калган балдар, жарым жетим, аз камсыз үй-бүлөдөгү балдар окушат. Биз ата-энелер ушул интернаттын жабылышына, башка болуп которулушуна каршыбыз. Бул биздин балдардан билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга тете. «Манас» лицейинде жалаң байлардын балдары окушат. Жалаң жакшы окуган балдар тандалып алынат. Бул атасы «Лексус» айдаган бала менен атасы араба айдаган баланы кошуп койгондой болот. Биздин балдарды эмнеге ойлобойсуңар?

Урматтуу министрлик бир дагы жолу ушул жерге басып келбей, ушундай токтом токуп берип жатасыңар. Эгерде ушул токтом күчүнө кирсе, балдарыбыздын тагдыры эмне болот?», — деген алар.

  • Интернатта директордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Инаят Эрназарова бул мекемеде 28 мугалим эмгектенип, 100 окуучу окуп жатканын айткан.

Министрликтин жообу:

Андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе боюнча маалымат берип, Чалдыбар жатак мектеби жабылып жатат деген маалыматы чындыкка дал келбей турганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы «Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы Манас интернат-лицейинин маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы Манас интернат-лицейи мекемеси Манас интернат-лицейи мекемеси деп кайра аталып, жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби мекемесинин имаратына жайгаштырылат. Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак мектеби мурдагы режимде иштей берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE