Пример HTML-страницы

Токой чарба элдин нааразычылыгына жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдүн Кегети капчыгайына келгендерге таштандыларды өздөрү менен кошо алып кетүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу токой чарбанын басма сөз кызматы кабарлады.

«Чүй районунун акимчилигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бекитилген баасынын негизинде Чүй токой аңчылык чарбасынын Кегети токойчулугунда 2023-жылдын 20-майында көзөмөл посту акы төлөп өтүүгө ишке кирген. Көзөмөл постунан өтүүгө жеңил унаага 80 сом, ал эми жүргүнчү ташуучу унаага 200 сом бекитилген. Чүй токой аңчылык чарбасынын штатында текшерүү пуктунун контрлеруна атайын 1 кызматкер бекитилген. Кызматкердин 1 жылдык айлык акысы 180 миң 970 сомду түзөт. Июнь айынан сентябрь айына чейин текшерүү пунктунун контролеруна келишим менен 51 миң 646 сомго кошумча 1 кызмакер алынган. 2023-жылы жалпысынан 792 миң 400 сом акча каражаты чогулган.

Демөөрчүлөр жана жаштар уюмдары тарабынан 2 даараткана, 5 жеңил таштанды таштоочу жана 4 темир таштанды урналар алынып келинген. Түшкөн каражатан «Гранд роуд» ЖЧК менен 851 миң 500 сомго заманбап электрондук өткөрүү пункту орнотууга келишим түзүлүп, орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары 4 даараткана жана 10 таштанды таштоочу урналарды алууга келишим түзүлүүдө.

Чүй токой аңчылык чарбасынын кызматкерлери тарабынан өрткө каршы жана санитардык норманы сактоо иретинде, ар бир жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп атайын таштанды таштоочу баштыкчалар таратылууда. Ошого карабастан кээ бир адамдар таштандыларды өздөрү менен алып кетпестен, кечкисин өткөрүү пункттун жанына таштап кетип жатышат», — деп айтылат маалыматта.

———————————————————————————————-

Буга чейин Чүй районундагы Кегети капчыгайына коюлган пост жергиликтүүлөрдү нааразы кылып жатканы кабарланган.

Күбөлөрдүн айтымында, туристтер көп каттаган жайларда, өткөрмө посттун жанында таштандылар жатат.

«Кегети капчыгайына бара жаткан жолдо өткөрмө посттор коюлган. Азыр жердин баарына ушундай посттор коюлуп жатат. Бир гана Ысык-Көл облусунун губернатору каршы чыкты. Посттон түшкөн акча борбордук аппаратка кетип жатат. Болгону бул жакка даараткан анан таштанды челек салынды. Акча өз орду менен кетпей атат. Эс алган жерлерге таштанды челекти көп салыш керек болчу. Азыр эми таштандыларды жүктөп келип, ушул посттун жанындагы таштанды челекке таштап жатышат.

Посттон түшкөн акчага мыкты дааратканар курулуш керек. Ар бир жерде сапаттуу таштанды челектер орнотулуп, кооптуу жерлердеги таштарды кулатып, суу жеп кеткен көпүрөнү калыбына келтириш керек. Акча өз орду менен жумшалыш керек», — деген жергиликтүү тургундар.

Ал эми Султан Ибраимов айыл өкмөтү бул аймактар токой чарбанын жери экенин маалымдаган.

«Видеодо айтылган аймактар бүт баары токой чарбасына тийиштүү жерлер экен. Посттон түшкөн акчалар да токой чарбага кетет. Ошондой эле даараткана жана таштанды, тазалык маселелери дагы токой чарбанын милдетинде», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми токой чарба кызматы маалымат боюнча айтылгандарды тактап жатышканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE