Пример HTML-страницы

Чүйдөгү базарда помидордун 16 сортунун көчөттөрү сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районуна караштуу Садовой айылынын тургуну Халима помидор көчөтүнүн 16 сортун өстүрүп сатыкка чыгарды. Аймактык кабарчы дыйкан айым менен таанышты.

Анын айтымында, көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенишет.

«Жаз алды менен мөмө-жемиштердин көчөтүн өстүрдүк. 16 сорттогу помидор көчөтүн даярдадык. Алар «черный принц», сливка жана башкалар.

Мындан сырткары бадыраң, капуста жана башка жашылчалардын да көчөттөрү бар. Аларды 1,5-2 сомдон сатып жатам. Сезондо 100 миңге чейин киреше тапса болот», — деди ал.

Ошондой эле райондук борбордук базарында гүлдүн түрдүү сорттогу көчөттөрү сатылууда. Короо-жайды, көчөлөрдү көрккө бөлөгөн петуния гүлү кардарларды кызыктырууда. Анын желим идиштеги баасы 35 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE