Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 27,7 млн сомго курулган спорт залдагы көрүнүштү видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылында жаңы курулган спорт залдын чатырынан суу агып жаткандыгын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Сөз К.Молдобасанов атындагы орто мектебине курулган спорт зал тууралуу болуп жатат. Жаан-чачын учурунда чатырынан суу кирип, полу улам көөп жатат. Мындын тышкары электр жарыгы да өчүрүлгөн.

Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Алмазбек Тостоков залдын электр жарыгы өчүрүлгөнүнүн себебин айтты.

«Спорт залдын электр жарыгын кыркканыбыз чын. Себеби, коюлган трансформатор райондук электр тармактар ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилиши керек. Мындан улам биз электр жарыгын кыркууга туура келди. Учурда биздин карамагыбызга өткөрүү үчүн тиешелүү документ иштерин бүткөрүп жатышат. Убактылуу эле кесип койдук. Качан биздин карамагыбызга өткөндө кошуп беребиз. Кандайдыр бир электр авариялар болуп калса, трансформатор күйүп кетсе, ар кандай зыян болуп калса, биз жооп берип калабыз», — деди А.Тостоков.

Айыл башчысы Акыл Боталиев залдагы кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты.

«Залдын чатырынын 4-5 жеринен жамгыр жааганда суу аккан. Бул боюнча атайын органдар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Курулуш иштерин аткарган ишкана залды 1 жылдык кепилдиги менен өткөрүп беришкен. Ошондуктан ишканадан келип, тамчы тамган жерлерин кайра калыбына келтиришти.

Долбоор боюнча 100 киловаттык трансформатор коюлмак болсо, булар 160 киловаттык трансформатор коюшкан экен. Электр жарыгы боюнча дагы бир аз кемчиликтер болгондуктан, аларды дагы жоюу үчүн иш алып барышууда. Электр жарыгы ушул себептен улам өчүрүлгөн. Калыбына келтирилген соң райондук электр тармактар ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилет. Ага чейин убактылуу электр жарыгы кыркылган. Ал эми залдын полдорун дагы кайра калыбына келтирип беришет», — деди А.Боталиев.

Спорт залды куруу иштери 2015-жылы башталган. Жалпы наркы — 27 млн 774 миң 694 сом.

Курулуш иштерин «Келечек курулуш ТТК» жоопкерчилиги чектелген коому аткарган. Зал 2023-жылы 1-ноябрь күнү пайдаланууга берилген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Келечек курулуш ТТК» жоопкерчилиги чектелген коому 2004-жылдын 4-январь күнү каттоодон өткөн. Директору: Мусабеков Таалайбек Шаршенович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE