Пример HTML-страницы

Чүйдүн Искра айылындагы жол жээгин саркынды суу каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунун Биримдик айыл аймагына караштуу Искра айылындагы Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун жээгин саркынды суу каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

«Былтыр “ушул жерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеп жатат” деген видео тарап, мекеме текшерүүгө алынган. Ошол казылган саркынды суу топтолуучу чуңкур толуп, мына мынтип сыртка ташып, жол жээгине жетиптир. Бул саркынды суу топтолгон жайга Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен жана ары жактагы көп кабаттуу үйлөрдөн саркынды суу агып келет», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Токталиевдин айтымында, бул факт боюнча чындыгында көйгөй бар.

«Бул жай айыл өкмөттүн аймагында жайгашкандыгы менен пайдалануу, колдонуу, камсыз кылуу жана кароо милдеттери жатак мекемесине жүктөлгөн. Бирок айыл өкмөтү тарабынан көйгөйдү чечүү максатында атайын септик орнотулууда. Былтыр 2023-жылы акчалай жана атайын техника менен жардам берилип турду. Бүгүнкү күндөгү жаралган маселе боюнча жатак мекемеси тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок көйгөй толук чечилбей келет. Жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканасы тарабынан атайын техника менен камсыздалууда. Ошол аймакта Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун алдынан саркынды суу өтө турган труба жайгашкан. Ошол жер толуп, саркынды суу артка тээп, көйгөй жаратууда. Азыркы тапта жатак мекемеси менен “Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы арасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, атайын техниканын колдоосу менен көйгөйдү чечүү жактары каралууда», — дейт Жаныбек Токталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE