Пример HTML-страницы

Табигый косметиканы колдоно билиңиз 

https://kyrgyzcha.site/?p=57453&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Табигый косметиканы колдоно билиңиз

 

 

Бут, кол, бет, чач, моюн… Дегеле жалпы дене үчүн керектүү косметикалык каражаттарды сатып алууга дайыма эле каражат жетише бербейт. Мындайда сизге кадимки жашылчалар менен мөмө-жемиштер жардамга келерин унутпаңыз.

 

Сабиз

Одуракай болуп кесилген, түлөгөн, кургаган беттин терисин жылмакай, жумшак кылуу үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширесин бетке сүртүү керек.Ушул эле сабиздин ширесине бир канча тамчы лимон ширесин аралаштырып туруп бетиңизге сүртсөңүз, сепкилдерди кетирет.Сабизди майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жана моюнга жабуу керек. 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз. Бул кургаган, безетки чыгып жабыркаган бет терисине пайдалуу.Кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир аз ун кошуп аралаштырып, 15-20 мүнөт бетке жапса, бет терисин азыктандырат, жумшартат, ашыкча майлуулугунан арылтат.Эгерде бетиңизди бырыш басып кеткен болсо, бирдей өлчөмдөгү сабиз менен алманы кыргычтан өткөрүп, аралашкан боткону бетке 15-20 мүнөт жабыңыз. Масканын жардамы менен бырышты кетирүү курсу – 20 күн.Ал эми бырыштын алдын алуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир канча тамчы лимон ширесин, жумуртканын сарысын, 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштыруу керек. Масканы бетке 20-25 мүнөт жапкан соң жылуу суу менен жууйсуз.Эриндер дайыма жумшак болсун десеңиз, сабиздин ширесин сүртүңүз. Чач ашыкча майлуу болсо, жуулбаган чачтын түбүнө сабиздин ширесин сүртүү кажет. Ушундан 2-3 саат өткөндөн кийин гана чачыңызды жууй берсеңиз болот.

 

 

Картошка

 

Чийки картошканы аарчып, жууп алган соң жука-жука тегерекчелерге кесүү керек. Ал тегерекчелерди бетке жаап жатып, 15 мүнөттөн соң таза жууш керек. Бул бетти жумшартат, агартат, жылмакай кылат.Чийки картошканы майда тиштүү кыргычтан өткөзүп, аны марлиге жука кылып саласыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабасыз. Мындан беттеги шишик жана бырыштар, безеткилер жок болот.Картошканы сууга бышырып алган соң кабыгын аарчып, эзип, алынган боткону бетке 20 мүнөт жылуулай жапса, теринин майлуулугун азайтып, эрте картаюунун алдын алат.Көздүн тегереги салаңдап шишип калганда чийки картошканы кыргычтан кырып өткөзүп, ага 1 чай кашык буудай унун, 2 чай кашык сүттү аралаштырыңыз. Муну салфетканын бетине калың сүйкөп туруп көзгө 10-15 мүнөт жаап жатсаңыз, шишик тарайт.Эгерде сүт жок болсо, анда сууга бышкан картошканы тегерек кылып кесип, аны көзгө 30-40 мүнөт жаап жатсаңыз да ушундай эле натыйжа берет.Колуңуздун териси одуракай болуп кесилип же кургап кетсе, сууга бышкан картошканы эзип, ага 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырып, жылуу бойдон колго 10 мүнөт жабуу зарыл. Жууган соң аркасынан крем сүйкөңүз.Колдун кабарган жерин кетирүү үчүн алгач чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, ботко кылуу керек. Жатарда кабарган жерге вазелин, анын үстүнө картошка боткосун сүйкөп, үстүнөн целлофан менен жаап, бинт менен ороп коёсуз. Эртеси тазалап, ордуна крем сүйкөңүз.

 

Апельсин

 

Беттин терисин тазалоо үчүн апельсиндин ширесине таза кебезди малып, аны менен бетти сүртөсүз. 1-2 сааттан соң бетти муздак суу менен жууп, аарчыбай кургатасыз.Терини жашартуу жана жумшартуу үчүн 1-2 аш кашык апельсин ширеси менен 2 чай кашык балды аралаштырып бетке жабыңыз да, 10 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууңуз.Жарым апельсиндин ширесине жумуртканын сарысы, 1 аш кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал кошулат. Аралашманы бетке, моюнга 15 мүнөт жаап, жылуу суу менен жууган соң майлуу, азыктандыруучу крем сүйкөө керек.Жагымдуу жыттангыңыз келсе, апельсиндин кабыгын идишке салып, үстүнө кайнак сууну жаба куюңуз. Муздагандан кийин ал суу менен бетиңизди, мойнуңузду чайкаңыз. Андан кийин кебезди малып, аны менен бетиңизди назик сүртүңүз. Бул сизге апельсин жыттанган атыр себингендей натыйжа берет.Бигуди коёрдун алдында чачты апельсиндин ширеси менен нымдап алса, чач ойдогудай формага ээ болот. Колуңузга алгач апельсиндин ширесин, андан соң өсүмдүк майын сүртсөңүз, кургап, кесилип, одуракай болуп кеткен териси да жумшак болот.

 

Банан

 

Банандын жумшак этин вилка менен эзесиз. Муну бетке жука жаап, 15-20 мүнөттөн соң жууп салуу керек. Бул маска бетти жумшартып, жылмакай кылат.Анча чоң эмес жакшы бышкан бананды эзип, ага 1 чай кашык лимон ширесин аралаштырып 15-20 мүнөт бетке жапсаңыз, сепкилдердин кетишине жардам кылат, бетиңиз агарып, майлуулугу азаят.Бананды кыргычтан өткөрүп, ага 1 чай кашык бал, 2 аш кашык йогурт, 2 аш кашык сулу унун кошуп 15 мүнөт бетиңизге жабыңыз. Маска жашартуучу касиетке ээ.Чачыңыз кургак болсо, 1 банан менен 3 чай кашык өнгөн буудайды эзип, ага 50 грамм бал кошуп аралаштырып, таза жуулган, ным чачтын түбүнө сүйкөңүз. 20 мүнөттөн соң жууп салыңыз. Бир килограмм бананды эзген соң ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштыруу кажет. Муну бүт денеңизге сүйкөп жуунуңуз же ваннага толтурулган сууга салып, ал сууга бир канча мүнөт жатыңыз. Ушундан кийин денеңиздин териси кудум наристенин терисиндей жумшак, назик, жылмакай болуп калат.

 

Пияз

 

Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жапса, сепкилдерди, кийин пайда болгон беттеги тактарды, безеткилерди кетирүүгө жардам берет.Кургак бетти жумшартуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пияз боткосуна бирдей жумуртканын сарысы менен 1 аш кашык каймакмайды аралаштырып, бетке жабасыз. А эгерде майлуулугун азайтам десеңиз, анда ушул эле рецептке жумуртканын сарысын эмес, агын кошосуз.Сепкил баскан майлуу бетти күн сайын 2-3 жолу тең ортосунан кесилген пияз менен сүртүп турсаңыз, сепкил да, теринин майлуулугу да азаят.Бирдей өлчөмдөгү пияз жана бадыраң ширелерин аралаштырып, муну менен бетти сүртсө, бет агарат.Кабыгы менен сууга кайнап бышкан пиязды аарчып, эзип, ага бир аз каймакмай кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт бетке жапса, терини азыктандырат жана бырыштарды кетирет.Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткодон 3-4 аш кашык шире сыгып аласыз. Ширени чачтын түбүнө сүртүп, сүлгү менен башыңызды жылуулап оройсуз. Чачыңыз кургак же нормалдуу болсо 1 сааттан кийин, майлуу болсо 2-3 сааттан кийин шампундап жууп коюңуз. Бул чачты тез өстүрөт, түшүп жаткан болсо түбүн бекемдейт, какачтан арылтат, жумшартат жана жибектей жылтырак кылат. Чач түшүп, таз болуп баратса, анда мындай кылуу керек: бирдей өлчөмдөгү пияз ширеси менен балды аралаштырып, таз болгон жерге жакшылап сүртүү зарыл. 1 сааттан кийин жуубастан нымдуу салфетка менен гана тазалап коюңуз. Процедура күн сайын кайталанып, 2 айга созулат.

 

 

Лимон

 

Бет аябай тердей берсе, териси майланышып жылтырап жатса, же безетки чыкса, бир күндө 2-3 жолу лимон тилими менен бетти сүртүү кажет.Эгерде бетиңиз ак, ал эми моюнуңуздун териси ага салыштырмалуу күңүрт түстө болсо, лимон ширесине малынган кебез менен мойнуңузду сүртүп, андан соң гана крем сүйкөсөңүз болот.Бирдей өлчөмдөгү лимон, сабиз, бадыраң ширелеринин аралашмасы менен ириңдей түшкөн безеткилерди айыктырууга мүмкүн.Бут ашыкча терчил болуп кетсе, лимондун ширеси менен таманыңызды сүртүңүз.Жумшак, жука, бат сына берген тырмакка 10 күнгө чейин лимон тилимин сүртүү зарыл. Бул тырмакты катуу, бекем кылып, өңүн жакшыртат.Одуракай тартып, кургап, кесилген колдун терисин жумшартуу үчүн күн сайын лимондун ширеси менен жумуртканын агын аралаштырып, таза жуулган колго 20 мүнөт жабыңыз. 4 лимондун кабыгын 1 литр сууга 15 мүнөт кайнатып, муну менен таза жуулган чачты чайкаса, какачты кетирет. Ал эми 1 литр кайнаган сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп туруп чайкаса, чач жылтырап калат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE