Пример HTML-страницы

Кош бойлуулукту пландаштыруу.

https://kyrgyzcha.site/?p=57428&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кош бойлуулук кезде эне өзүн кандай алып жүрсө төрөлө турган баланын бүткүл келечектеги өмүрүнө таасир берет. Керектүү жөнөкөй кеңештер жана эрежелер.

 

1. Кош бойлуулукту пландаштыруу.

-Суйуу: тугойлор ортосунда суйуу, сый-урмат, чыныгы суйуудон акылдуу, сулуу балдар торолот деген создорду илимдуулор айтып келишет.

— Каалоо: акылдуу, татынакай толук суйуу берип балалуу болууга тугойлордун каалоосу болуш керек, ага чейин социалдык,психикалык, экономикалык жактан баланы тарбия берууго, озунун жакшы сапаттарын корсото алгандай, окутууга шарт болушу керек.

-Ден солук :кош бойлуу кезде аялдын организиминде зат алмашуу, гормондук, психикалык озгоруулор болот. Ошого кош бойлуулукка 3 ай алдын ар кандай оорулардан арылып организм болушунча денгээлде дени таза болуусу керек.

 

2. Кош бойлуулукка жана туйулдукко терс таасир беруучу факторлор.:

— Жаш курак, кош бойлуулукка оптималдуу ынгайлуу 20-35 жаш. 35тен жогору жана 20дан томондордун организми баланы жакшы камсыздай албайт.

— Салмак, ото аз салмактуу аялдардын организми туйулдукту кабыл алалбайт, организмге керектуу заттарды жетиштире албагандыктан мындай аялдарда айыз цикл бузулат.

— Онокот оорулар: кант диабет, боор, бойрок жана гормондор системасынын оорулары.

— Жыныстык жугуштуу оорулар: хламидиоз, генитальный герпес, сифилис, гонорея..ж.б.

— Профессионалдык зыянкечтер: иш шарты химикат, уу, газ, чан, радио изотоптор менен байланыштуу болсо.

— Ар кандай дары дармектерди пайдалануу.

— Тамеки, алкоголь, наркотиктер.

— Стресс, депрессия.

 

3. Туура жашоо образын алып журуучу сунуштар.

— Дени сак образга конунуз, эрте менен физзарядака, жумасына бир жолу спорт залга барып дегендей. Айрыкча ич-карын жана бел булчундарын пресске кондуруш керек. Денедеги булчундар кыймылга уйронсо, торот убагында оору женилираак болот, жана кайра калыпка келууго жардам берет.

— Кофеин, туздалган, ышталган, куруулган, консерва тамак аштан алыс болгон жакшы.

— Момо-жемиш кобойткон жакшы, айрыкча фолиева кислота бар жашылча, зелень, кызылча, сабиз, жангак, буурчакты кунумдук рационго кошуш керек.

— Активный дем алуу кундорду уюштуруп, тоого, колго барып эс алуу стресс, депрессияны жолотпойт.

 

 

4. Уй-булоодо жаны адамга бир эле эне эмес ата да даяр болуш керек. Жаман адаттарынан 3ай алдын арылтып (тамеки, алкоголь) психикалык жактан даярдануу зарыл.

 

 

Кош бойлуулук (латын тилинен graviditas) — аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөлгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс. Ал орто эсеп менен 40 жумага же 280 күнгө созулат.

 

Аял бойго бүтүүнүн алгачкы белгилери (этек кири токтойт, кээде кускусу келип, башы айланат) пайда болгондо аялдар консультациясына кайрылуусу зарыл. Бул догдур боюна бүтүүнүн так мөөнөтүн жана төрөгөнгө чейинки отпускасын туура аныктоого жардам берет.

 

Жатын түтүгүндө уруктанган жумуртка клеткасы жатынды карай жылат. Ал жылып келатып назик түкчөлөр менен капталган көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Түкчөлөрү менен жатындын былжыр челине жабышат. Ошондон баштап кош бойлуу аялдын организминде айрым системалардын иши өзгөрө баштайт. Түйүлдүктүн бекиген жериндеги түкчөлөрү жыш өсүп, алардан киндик аркылуу түйүлдүк менен туташкан баланын тону пайда болот.

 

Ал аркылуу түйүлдүк киндик кан тамырлары боюнча энеден азык зат, кычкылтек алып, зат алмашуунун продуктуларын чыгарып турат. Жатын түтүгүнүн ар кандай ооруларында жумуртка клеткалары жылбай жатын түтүгүнө жабышып калышы мүмкүн (Жатындан тышкары бойго бүтүү).

 

Кош бойлуу кезде борбордук нерв системасында өзгөрүүлор жүрүп, ошондон улам жатын булчуңун бошоңдотуучу жүлүндүн козголгучтугу төмөндөп, жатынды тынч абалга келтирет. Жаңы ички секреция бези пайда болуп, кош бойлуулукка жардам берүүчү гормон иштеп чыгарат. Баланын орду чыгарган гормон эмчек безинин чоңоюшуна таасир этет.

 

Жатын бир кыйла чоңоёт, баланын ордуна кан жеткирүүчү кан тамырлар көбөйүп, дем алуу тереңдейт, жүрөктүн жыйрылуу жөндөмү күчөп, маанилүү органдарга, жатынга канды тез жеткирет. Бөйрөк эненин гана эмес, түйүлдүктүн да зат алмашуу продуктусун бөлүп чыгаргандыктан күчөп иштейт, кан көбөйүп, кан тамырлар кеңеет, газ алмашуу күчөйт. Ушуга байланыштуу кош бойлуу аялдын организминде органдар менен системалардын кадимкидей иштешин камсыздоо жана түйүлдүктүн өөрчүшүнө жагымдуу шарт болуу үчүн керектүү азык зат менен кычкылтек көбүрөөк талап кылынат.

 

Бойго бүткөндөн кийинки алгачкы жумаларда кош бойлуу аялдын ден соолугу жана жүрүш-турушу түйүлдүктүн андан ары өөрчүшү жана болочок баланын ден соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Кош бойлуунун түрдүү оорулар (кургак учук, сасык тумоо, кант диабети, кызамык, аз кандуулук, боор, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр системасы жабыркаса жана башка) менен ооруп калышы, туура эмес тамактануусу, догдурдун уруксатысыз дарыларды кабыл алуу, тамеки тартуу, алкоголь ичкиликтерин ичүү кош бойлуулукка жана түйүлдүккө чоң зыян келтирет. Эгер аялдын организминде кандайдыр өзгөрүүлөр болсо кош бойлуулук кабылдап, аял адегенде кусуп, көңүлү чөгөт, кийинчерээк кан басымы көтөрүлүп, ак шишик басат. Мындай кабылдоодон бойдон түшүп калышы, ара төрөө, өлүү төрөө мүмкүн.

 

Кабылдаган кош бойлуулук жана түйүлдүктүн өөрчүшүнүн бузулушу, балдардын өлүү төрөлүшүнө же төрөлгөндөн кийин эрте өлүп калышына, ошондой эле бир жашка чейинки балдардын оорукчан болушуна алып келет. Кош бойлуулукту кабылдоодон алдын алуу үчүн аялдар этек кири келбей калганда догдурга эрте кайрылуусу тийиш.

 

Талгак — кош бойлуулук менен байланыштуу жана ал бүткөндөн кийин токтоочу оорулуу абал. Кош бойлуу аялдын нерв, эндокрин жана жүрөк-кан тамыр системаларындагы кандайдыр бир өзгөрүүлөрдөн келип чыгат. Ошондуктан өз убактысында (2 айга чейин) аялдар консультациясына кайрылып дарылануунун мааниси абдан чоң.

 

Кош бойлуулуктун 1-жарымындагы (эрте) жана кош бойлуулуктун 2-жарымындагы (кеч)-талгак  болуп бөлүнөт.

 

Эрте талгак- кош бойлуулуктун алгачкы 3 айына чейин болуп, ал кетет, уйку келип, кээде шилекей агып, ал суткасына 1 литрге чейин жетет. Күнүнө бир нече жолу кусат. Тынбай кусуудан боюнда бар аял арыктап, териси шалбырап, оозунан жагымсыз жыт чыгат, температурасы жогорулайт, кан басымы төмөндөйт. Кээ бир учурда боюнан түшүрүүгө аргасыз болот. Эрте талгактыы аялдар консультациясында дарылайт. Тынбай кусканда боюнда бар аял ооруканага жаткырылат.

 

 

 

Кеч талгак- кош бойлуунун жүрөк-кан тамыр, нерв системаларынын, боор, бөйрөк жана башкалар органдарынын иши бузулуудан болот. Ал көбүнчө ак шишик басып башталат. Шишик буттан башталып, андан кийин бүт денеге тарайт. Дененин салмагы 10 кгга жакын көбөйөт. Бул учурда системалуу түрдө дарылоо жүргүзүү зарыл. Боюнда бар аял дайыма айына 2 жолу аялдар консультациясына барып, врачтын сунуштарын аткарып, гигиена эрежелерин сактап, жумасына бир жолу салмагын текшертип туруу зарыл. Ак шишик болгондо суюктукту аз (күнүнө 3—4 стакан) ичүү, тузду аз пайдалануу керек. Тамакта витаминдер (жашылча-жемиш) көп болгону жакшы; эттин ордуна быштак, айран, кефир берүү сунуш кылынат. Режимди, врачтын сунушун бузганда ак шишик менен бирге кан басымы жогорулап, заарада белок болуп, нефропатия пайда болот. Түйүлдүктүн өсүп-өнүүсү бузулуп, кээде өлүү төрөлүүгө алып келет. Нефропатия менен жабыркагандар ооруканада дарыланат. Режимди бузганда жана дарылоо жүргүзүлбөсө шишик басып, кан басымы жогорулап, заара менен белок чыгат, көзү тунарып, башы, ичи ооруйт. Баш ооруп, көз тунаргандыгы мээдеги кан айлануунун бузулушуна байланыштуу. Ал күчөп кеткенде аялдын булчуңдары тырышып эстен танат. Катуу кармаганда аял өпкө күпчөгүнөн же мээге кан куюлуудан өлүп да калышы мүмкүн. Бул абал көп учурда төрөт убагында, кээде төрөттөн кийин да болушу ыктымал. Анын алгачкы белгилери бет, көз жапкаларынын булчуңдары тартылып келе жатканда, тез жардамды чакырып, боюнда бар аялды караңгы үйгө тынч жаткыруу зарыл. Ал тилин чайнап албас үчүн ооздун ичине түпкү тиштердин ортосуна аш кашыктын башын дакиге ороп киргизүү керек. Мындай оору эне жана бала үчүн зыяндуу: энеде өпкө күпчөгү жана мээге кан куюлуу мүмкүн, бала болсо зат алмашуунун продуктулары менен ууланып, кычкылтектин жетишсиздигинен өлөт. Биздин өлкөдө алдын алуу жана дарылоо чаралары жолго коюлуп, аялдардын төрөттөн  өлүмүн азайтууга мүмкүн болду.

 

Төрөт — кош бойлуулукту аяктатуучу татаал физиологиялык процесс.

 

 

 

Физиологиялык төрөт- 280 күн (10 акушерлик, 9 календарлык ай) өткөндөн кийин болот. Бул мезгилде ичтеги бала сырткы тиричиликке жөндөмдүү болуп калат. Төрөт кош бойлуулук сыяктуу эле аялдын бүт организминин кызматы болуп эсептелет. Төрөткө эки жума калганда анын алгачкы белгилери байкала баштайт:жатындын түбү алдыга карай жылып, ич ылдыйлайт, организмден суюктук көп бөлүнгөндүктөн, аялдын салмагы азаят; жатын катууланат. Төрөткө бир аз күн калганда жатын кынынан коюу, көбүнчө кан аралашкан илээшкек суюктук бөлүнөт, бел, сан, ичтин төмөн жагы ооруйт. Төрөттүн белгилерин байкаганда аял коркпой, сак болушу керек. Кээ бир аялдарда төрөт белгиси байкалганда эле каканак суусу ага башташы мүмкүн. Бул учурда аялды төрөт үйүнө жаткырбаса, каканак суусу менен баланын колу же киндиги жатын кынына чыгып калуу коркунучу туулат. Каканак суусунун агышы жатынга инфекциянын киришине шарт түзөт. Каканак суусу эрте агып калганда бала тумчугуп калышы мүмкүн.

 

Төрөт толгоодон башталат. Адегенде толгоо анча оорутпайт, аялдын анча деле тынчын албайт. Бара-бара толгоо күчөп, 5—6 мин. сайын кайталанып, 30—40 сек. созулат. Бала чыга турган жол кичине жамбаш сөөгү, жатын моюнчасы, жатын кыны, жамбаш булчуңдарынан туруп, бир аз ийилген түтүк формасында болот. Анын туурасы 13 см, узуну 11 см болуп, баланын башы оңой өтүшүнө шарт түзүлөт. Эгерде мындан кичине болуп калган учурда акушерлик операция жасоого туура келет (кесерево). Биринчи төрөгөндөрдө төрөт 15—24 саат, көп төрөгөндөрдө 10—12 саатка созулат. Төрөттүн узактыгы аялдын жашына (жашы өтүп калганда аял биринчи жолу төрөп жатса, ал көпкө созулат), баланын чоңдугуна, жамбаш сөөгүнүн көлөмүнө, жатындын жыйрылышына жараша болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE