Пример HTML-страницы

Баткендиктер акча топтоп, сел аккан сайды өздөрү тазалап жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСел каптоону алдын алуу максатында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургундары ашар жолу менен селдин нугун тоскон бак дарактарды кесип тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдыктар 200 миң сомдон ашуун каражат топтоп, бак-дарактарды кесүү үчүн атайын жабдыктарды сатып алышкан. Жалпы узунду 7 чакырымдай болгон сел аккан сайдагы дарактардын 70% тазаланды. Ашарга чогулгандардын арасында өз ыктыярлары менен өздөрүнүн бак-дарактарын кыйып жаткандар арбын. Алар буга чейинки эскертүүлөргө карабай көчөт отургузуп келишкен. Бирок акыркы жааган жаандан улам айылга сел келип, кооптуулук жаралган.

«Ашар жолу менен сел аккан сайдын жанында өскөн бак-дарактарды кыйып, тазалап жатабыз. Келген сел өз нугунда агып, айылга зыяны тийбесе дейбиз. Буга чейин да эскертүүлөр болуп келген. Эл маани берген эмес эле. Азыр интернеттен да көрүп жатабыз, сел каптап тургундарга зыяны тийип жатат. Айыл эли ушундай кырсыкты алдын алып ашар баштадык. Кечинде айыл элине сунуш түшкөн болсо, таң атканча акча чогулуп, керектүү шаймандарды алып, айрымдар тамак-ашты көтөрүп жатат.

Буга чейин да элдин ушул фондунун негизинде айылга спорт зал ачкан элек. Мындан сырткары дагы көп иштер аткарылды. Азыр эми ушул кыйылган бак-дарактарды дагы айылдагы бала бакча, социалдык мекемелердин керегине пайдаланып жатабыз. Ээлери өз ыктыяры менен тапшырып жатышат. Алдыда китепкана ачалы деп жатабыз. Бир жагына аялдар үчүн фитнес клуб. Окуу борбор, аялдарга тигүү цехи да башталды», — дейт Кызыл-Жол айылынын тургуну Өмүрбек Амираев.

Сел аккан сайдан чоң дарактарды тамыры менен алуу үчүн атайын кубаттуу техника керек болгондуктан жергиликтүү эл бийликтен жардам сурашууда.

«Бул жерде чоң бак-дарактар да бар. Аларды тазалоо үчүн элдин күчү жетпейт экен. Чоң техника болсо жакшы болмок. Элге да жардам болмок», — деди тургундардын бири Каныбек Жусупалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE