Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 3 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт 3 болум

 

— Тамак даяр… — деген Гуля жоопсуз туруп калды, Тоту күйөөсүнүн артынан чыгып кетти, ошентип Акмат Исмановичтин үйүндө өз ара тирешүүлөр жүрүп жатты, Акберди кызматынан пайдалангандарды абдан жаман көрөт, анан дагы алардын үйүнө чоочун адамдар көп келип кымыз, май-сүт, сүр эттер чучук баштаган жылкынын казы-картасын алып келип турат. Пачкалаган акчалар колуна тийгенден кийин кайсы бир окуу жайга чалып бирөөнү окууга өткөрүп же кызмат ордун алмаштыргандарды билип көрүп турган Акберди атасынын ишине каршы, өзү карапайым адам болгусу келет. Ага Акмат Исманович моюн бербейт: «Май кармаган бармагын жалайт», — дегендей бул кызматты ага ичип-жеп тирүүдө каалагандай жашасын деп буйругандай сезет. Эртеси эртең менен Мырза эрте турду, ал биринчи кабаттагы ажатканадан чыгып келе жатып эле Акмат Исманович менен беттешип калды.

— Саламатсызбы? — деди кичи пейилдик менен жол бошото.

— Саламат, — деп кирип кетти Акмат, аңгыча Акберди дагы туруп келип калды, алар бири-бирин карап ийин куушура туруп калды.

— Папаша кирдиби? — Акберди шыбырап сурады эле ал баш ийкеди, экөө ары көздөй басканда Акмат чыга калды.

— Акы, отур сүйлөшөбүз?

— Жуунуп алайын, — Акберди душка кирип кетти.

— Тез кел, — деп үстөлгө отурду. Мырза аны карап туруп калды. Жуунушуп баары тегиз отурган кезде, — Сүйлө, иш кандай? — деди баласын көзүнүн төбөсү менен карап.

— Жакшы эле…

— Досуң менен тааныштырбадың го?

— Аа-а, аты Мырза, жөнү Айыпов, мен менен бирге иштейт.

— Жакшы-ы, — Керсейе креслого чалкалай карады, — Кай жерден болосуң жигит?

— Мен жетиммин байке, — деди Мырза шыр эле.

— Ата, эми кай жерлигинин мааниси кайсы, Мырза менен жакын досум, анан да…

— Ооба-ооба атасы, — Тоту Акбердини сүйлөтө койбой ортодон чыкты, — Мырзанын кай жерлиги маанилүү деле эмес. акы менен теңтуш экен, жаштардын мамилеси, бири-бирине мүнөздөрү келишип калса жакшы эмеспи.

— Да-а, биздин уулга оңой адам жакчы эмес эле айтам да, — Акмат Исманович аны сынай карады, — Сен кайда өскөнсүң Мырза?

— Балдар үйүнөн бир ай мурун эле чыктым.

— Азамат, шыр анан туура айтканың жакты.

— Жетим болсом, калп айтып эмне кылам байке?

— Окугуң келеби?

— Кантип? — Мырза Акбердини карады эле, ал башын ийкеп макул бол дегендей жылмайды.

— Мен сени окутамын, сен ишеничимди актасаң уулумдун иниси болуп каласың.

— Ата, чын айтасыңбы? — деп Акберди кубанып кетти.

— Ооба, бирок экөөңөр тең менин айтканымды орундасаңар…

— Кандай?

— Сен Мырза менен бирге окууга тапшырасың.

— Болуптур ата, айтканыңдай болсун, Мырзаны уул кылып алсаң болду.

— Жарайт, эгерде Мырза макул болсо аны мен уул кылып алууга даярмын.

— Ата, ыраазымын сизге! — деп Акберди жаш баладай кубанып атасын кучактап алды, — Эми Мырза деген менин иним бар туурабы?

— Албетте, сенин иниң, менин дагы бир уулум бар, — Акмат жылмая Мырзага кайрылды, — Кана уулум келчи жаныма.

— Сизге кандай ыраазычылык билдирээримди билбей калдым, — Мырза анын жанына келди, — Уул кылса алса деп бала чагымдан кандай кыялданаар элем, аттиң ушул күн таттуу кыялдарга баткан балалык кезимде ишке ашса эмне, — Мырза көзүнө жаш ала ыйлап жиберди, — Эми да кубанганымдан эмне деп айтаарымды билбей турам.

— Бул тагдырдын жазмышы, эми сенин үй-бүлөөң ата-энең менен агай бар, — Акмат карс-карс күлдү, — Бүгүндөн ары эркин бол, өз үйүңдөй бол.

— Ыраазымын ата, өз ата-тегимди билбесем дагы ата-энени сыйлаганды билем, — деп башын жерге салды, — Эгерде макул десеңиз бүт аты-жөнүмдү өзгөртүңүз.

— Аны кийин ойлонолу, азып Акы экөөңөр китептерди көп окуу менен алектене бергиле, окууга тапшыруу үчүн али көп бар, — деди да Акмат Исманович ордунан туруп кийинди да чыгып кетти:

— Апа уктуңбу, менин эми бир тууган иним бар! — Акберди апасын кучактап калды.

— Тентегим десе, дагы эле кичинекейиңдегидейсиң, — Тоту оор улутуна мырзага жылмая карады, — Келе гой балам, келчи кучагыма, — дегенде Мырза ага жетип кучактап калды, — Берекелерим, кудайым табышкандарым, сени Акымдан кем көрбөйм Мырза, уулум менин, сен эми менин жүрөгүмдүн бир бөлүгүсүң, Акым каалаганды мен дагы атасы дагы аткарабыз.

— Апа, апакебай!!! — Мырза Тотуну кучактап ыйлап ийди.

— Уулум! — Тоту дагы аны чын дили менин мээримин төгө кучактап жүзүнөн, чекесинен өөп, — Садагаларым менин, кудайым берген береке-ырыстарым, — деп ыйлап турду, ошентип Мырзаны ал үй-бүлөө кучак жайып тозуп алышты, ал кубанычтан толкунданып асты Акбердиге ыраазы. Акмат аны оңой менен кабыл алмак эмес, жалгыз баласы такыр эле айтканына көнбөй өз бетинче кетип, өз билгенин жасап жатканга эптеп көңүлүндөгүнү табуу керек эле, оңой берди болуп Мырза шылтоо болуп көздөгөнүнө жетмек болду, Тоту болсо уулунун жалгыз болуп калганына кейип жүргөн, чын дилинен жалгызына арка-жөлөк болоор деген үмүттө апасына кеңешмек болгон эле, бирок күйөөсү ал чечимди өзү кабыл алганга ичинен кубанып турду. Аздан соң Мырзага жаңы костюм шым, бир сыйрасын берип эски кийиминин баарын өрттөп салды, кийимдердин жаңысын бөлмөсүнө алып кирип шкафына коюп алмаштыра турганын айтты, жаңы туфлилерди, пачкасы менен байпак, көйнөктөрдү көргөндө Мырза түш көргөндөй эле болду: «Эми бул адамдардын алдында мен милдеттүүмүн, ата-энеден дагы жогорку деңгээлде туруусу керек, адамдык мамилеге адамча жооп берүүм керек», — деп ойлонуп жатты. Акбердинин алдында машинасы дагы бар эле, аны айдабай жөө жүргөнүнө таңгалды: «Мындай дөөлөттүү үйдө чоңойсо анан неге бул карапайым иште иштеп жүрдү, мунун алдында Мелис жөн эле бирөө экен да, болгону өздүк фирмасы бар экен, бул киши өкмөттүк кызматкер болсо, демек менин багым жанды, ушундай адамдарга туш болдум, кудайым колдогон жан экенмин», — деп ойлонуп атты. Ошол күнү Акберди экөө унаага отуруп китепканага барышты, ал жерден керектүү китептерди алып анан бир кафеден тамактанышты, ошол кезде Мырзанын телефону чырылдап калды:

— Ало, угуп жатам, а-а мен иштебейм дедим го, жо-ок кереги жок, ойлонгум дагы келбейт, — деп өчүрүп салды, — Мелис, кайтып кел дейт.

— Кереги жок, анын андай кара иштеринин бизге кереги жок, — деп Акберди айтканда Мырза аны таңгала карады.

— Сен аны кайдан билесиң?

— Адегенде мага сунуш кылган, мен болбой койгонмун.

— Ал иштин кара экенин сен кайдан билесиң?

— Мен анын тапшырмасынан эле түшүнгөнмүн.

— Мына кызык, мен аңкоо акысы көп болоорун укканда эле маанисине карабай кете берипмин да ага, — Мырза сүйкүмдүү жылмая күлүп койду, — Мындан ары агамдан үйрөнөмүн, баарын байкагыч боломун.

— Түшүнүктүү, эмесе кеттик, китеп окуубуз керек.

— Кеттик, — Экөө туруп алып сыртка чыгышты, алар келгенде Тоту апасы менен отурган, экөөнү көрүп мээримдүү жылмайды.

— Апа, менин уулдарымды карачы, биринен-бири өткөн келбеттүү жигиттер.

— Көз тийбесин кызым, амандыгын тилей бер, — деди Сайра экөөнү беттеринен өөп, — Аман жүргүлө кагылайындар. Ошону менен алар үстүңкү кабатка чыгып кетишти, Тоту менен Сайра саамга үн катпай отуруп анан сөздү Сайрага карай Тоту баштады.

— Ыманы ысык бала, бей күнөө адам баласы да апа.

— Аның ырас кызым, бирок адамдын бери карача жүзү жылуу, ары караса оорусу суук деп коет, ичи кандай ким билет, этият болгулачы.

— Эмне, бир жамандык кылат деп ойлойсузбу?

— Ким билет, айтуу кыйын кызым, сактыкка кордук жок деген…

— Кудай сактасын.

— Баалуу буюмуңарды, акча каткан жайыңарды ага көрсөтпөгүлө, дүнүйө адамды азгырат, жаш бала тура, ичи тазадыр же бир максаты бардыр байкап жүр кызым.— Макул, баарын байкап турам, бизге жамандык кыла койбос, — Ошол бойдон эне бала үндөбөй калышты. Бирок Мырзанын жаман ою жоктугуна Тоту ишенип турду, чынында ошондой эле, ал тынч гана максатына жетип жакшы өмүр сүрүүнү көздөйт, анан эч качан аялын баласы менен таштабаганга өзүнө-өзү ант берген, аны Акберди дагы билет. Апасынын же атасынын ким экенин билбегенине арданчу.

Акберди жыйырма бирде, эрке өскөнү менен керек жерде гана эркелеп дагы деле мүнөзү өзгөрүлө түшөт, бирок атасынын терс көрүнүштөрүн бетке айтуудан кайра тартпайт, убакыт билинбей өтүп аларды окууга киргизди, экзаменге чейин Мырза тырышып китептен башын көтөрбөй жүрдү, акыры студент болгондо гана ишенди. Окууга дилгир Мырзага Акмат абдан ыраазы, ал Мырзаны өз атына которуп алган, ата-апалап жаны калбай айтканын илгиртпей аткарып турат. Акберди анын көңүлү көтөрүлүп каалаганындай жашап жатканына ыраазы болуп окуусуна киришти, сабакты жакшы окуганы менен колдоосу күчтүү эле, ал ага жакпай кээде окууну таштап басып кеткиси келет, бирок ал Мырзанын кийинкисин ойлоп унчукпады. Ошондой күндөрдүн биринде ал Бегимайга жолугуп калды, аны жөн гана аялдамадан көрдү, жупуну болсо дагы боемосуз кагаздай аппак жүзү, ууртундагы уячасы, тармал чачтары, арыкчырай узун боюна жарашкан татынакай гүлдүү көйнөгү. Өзү унаасы менен Мырзаны күтүп турган, бир кезде ал келип калып алаксый түшүп кызды таппай калды, сыр билгизбей мырзаны салып алды да акырын жүрүп кетти, андан кийин ар дайым ошол аялдамадан кызды издей берчү болду, бирок таппай келет. Убакыт билинбей эки жыл өтүп кетти, Акмат бара-бара Акбердиге караганда мырзага көнүп кеткен, жанына баш кезде салып да алчу болду, ар кайсыны айтып бир иштерин бүтүрүп келет, Мырза ага ыраазы, анткени ал өзү каалагандай билим алып жашоого берилген эшиктин алтын кулпусун колуна алган. Окуусун бүтсө үйлөнүп үй-бүлөө күтүп татыктуу күйөө анан дагы сүйүктүү ата болуп өмүрүн ойдогудай тынч өткөргүсү келет. Акберди экөө абдан ынак, сырларын айтышып бир топко каткырып отура беришет, көптөн бери суз, көңүлү ачылбай жүргөнүн байкаган Мырза Акбердиге кайрыла минтти:

— Сен бирдемеге капа болуп жүрөсүңбү?

— Жо-ок, эмнеге капа болмок элем? — Акберди көзүн ала качып жер карады.

— Мындай эмес элең, сенде бир өзгөрүү бар.

— Кандай өзгөрүү?

— Сен бирөөнү сүйүп калгансың.

— Көп сүйлөбөчү, эмне рентгенсиңби?

— Көрүп турам, — Мырза күлүмсүрөй карады, — Сулуу кызбы ыя?

— Болду, бекер келтек жеп каласың.

— Эмне сүйүүңдү айта албай жатасыңбы? — Мырза ого бетер жабышты.

— Сүйлөбө дедим го сага, — Колун көтөрдү.

— Аа-а, али аты-жөнүн билбейт экенсиң да.

— Эмне, сен келжиреп жатасың эй бала.

— Дайынын да билбегениңди билдим.

— Сс-ен, сен аны кайдан билесиң? — Акберди ага таңгалды, — Сага күзгүдөн көрүнгөндөй айттың го, кантип билип алдың?

— Сенин ар бир ачууңдун келгенинен.

— Кызык.

— Кызыкты кой, кана ал кызды кайдан көрдүң, биз табабыз аны минтип жүрсөң ооруп каласың, — деп Мырза аны далыга таптай күлдү, — Кана ага, мындайда өзүңдү шайдоот-шайыр алып жүрбөсөң болбойт, махабат дарты жөн оорудан дагы жаман, — Мырза аны колтуктан алды.

— Таба албайбыз го?

— Эмнеге, бир күнү болбосо бир күнү табабыз.

— Бир көргөн кызды табуу кыйын го иним?

— Кам санаба, ит менен издейбиз, — Мырза каткырып жиберди.

— Сага күлкү да, менин эмне болуп жатканымды түшүнбөйсүң, — Акберди ага таарынып көмкөрөсүнөн жатып алды, Мырза анын көңүлүн ачууга ар кандай амал кылып мышыкча мыелоп, итче үйүп, бирде сагызган болуп шакылдап кайра күкүк болуп муңканып жатканда, — ээ-эй сенин өнөрүң укмуш го, мындайыңды жашырып кантип жүрөсүң? — деп Акберди башын көтөрө карап калды.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE