Пример HTML-страницы

Ошто 1 күндө атайын унааларга жол бербеген айдоочуларга 390 000 сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында атайын кызматтык унааларга жол бербеген 39 айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-май күнү Ош облусунун аймагында «Маяк» рейддик иш-чарасы өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жолдо бара жаткан тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын унааларына жол бербеген айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 4-пунктунун (атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө) негизинде 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бир күндө жалпы 39 айдоочуга 390 миң сом айып пул салынып, протокол түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE