Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 25-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 25-БОЛУМ

— Балам, энеңди эч кимге алмаштырба. Ал сага эч убакта мени же аялыңды танда деп айтпайт. Эне өзү жалгыз бир үйдө калса да баласынын үй-бүлөсү жок жүрүшүн каалабайт. Биринчи энем, анан сен деп катуу эле айт. Кошунаңдын аялын чакырып алып балаңа бир момпосуй карматып энеңе же эжекеге бер деп көрчү. Күн мурунтан, балаң менен сүйлөшүп ал. Баласынын башканы тандап алганын көрүп кантээр экен. Акылы болсо ойлонот, – деп айткан менен уялгандан башын жерден алалбады.

 

— Макул апа, кеп-кеңешиңизге рахмат,— деп, санаадан өңү саргайып, шуңшуюп арыктап, жүдөгөн Кемел чыгып кетти. Ой басып машинесин жууп, ичине килем салып коюшканын да байкабай кетти.

 

Ал кетээр менен күйөө балам кадыр тутуп келген экен, эми кызыма кадырым өтөөр бекен деп телефон чалса анын телефону өчүк. Алымкан эне ал күнү өзүн коёрго жер таппай, аябай жаман болду. Айсулуунун кылган кылыктарынан уялганынан, келининин бетин карай албай бөлмөсүнөн чыкпай калды. Кызынын мугалими да, дарыгери да энеси да. “Эмнени эксең ошону аласың”, “Энесин көрүп кызын ал” деген макалдарда айтылгандай, демек мен жаманмын деген тыянак чыгарып алган. Кызына төрөлгөндөн бери аны кантип чоңойтконун эстеп жатты. Аны төрөгөндө өзүнүн каны азайып, көзү көрбөй калып, күйөөсү беш киши таап келип кан куйдурганын, алы-күчү жок жамбаш сөөгү чыгып, аябай кыйналганын, кийин желкабыс болуп ооруп, шишип кеткени көз алдына келе түштү. Тамактын таттуусун, кийимдин тазасын кийгизип, ырдайм десе ырга берип, бийлейм десе бийге берип, гимнастика десе спорттук гимнастикага берип, комуз десе аны үйрөттүрүп, мектептен кийин кошумча эки, үч тил үйрөттүрүп, мектебиндеги таймаштарына бүт классын даярдап, кийим тиктиртип чуркап, кинолорго тартылса деп кастингдерге, теле радиолорго балдарга арналган көрсөтүүлөргө алып баруучу кылып иштетип жүргөн күндөрүн эстеди. Эс алууга жайлоого, лагерлерге жиберди. Классынын эң алды болуп кымбат телефондуу болуп, кымбат кийимди кийди. Анан он төрткө келгенде баарын таштады. Эч нерсеге кызыкпай: уйку, кийим, акча, жигит, дос кыздар, башка эч нерсенин кереги жок болуп калды. Турмушка даярдайм деп үч жыл алдап да, урушуп да акырында “химичка эжебиз сизге окшоп келесоо болуп калыптыр” деген сөз уккан эле. Өз кызыман ушуну угам деп ойлогон эмес. Укту. Сөөгүнөн өтүп, чучугуна ийне болуп сайылып калды. Таарынды. Бирок кечирим сурап, актанууну угалган жок. Ошондо эле дээринде жок болсо, болбойт экен дебей артынан кууп көргөн-билгенимди айта берди. Үй тириликти таза, убагында жана так жаса дейт. Бирок жалкоо, эптпеп-септеп күм-жам кылат. Сабактан келип эмне жумушуңду кылып берейин деген болот. Ал мындай кезинде апама жумуш жасатпай, ал келгенче баарына үлгүрчү эле. Убара болбой тим кой, өзүм эле кылам десе сүйүнүп, олтуруп алат го чиркин. Эми ошонун баарын кайын-журтуна көргөзүп жаткандыр. Энесин аябаган, кайыненесин аяп калыптырбы? Кызына далай артист болду го, баары бир түшүнбөптүр. Тажатты көрүнөт. Кызга кырк үйдөн тыюу деген чын экен. Кырк эмес, ата-энесинин айткандары кулагына кирбесе кантесиң. Айла кеткенде эне азыр кереги жок болсо, кийин турмушка чыкканыңда эң керек деп да айтты. Энесинен акыл сурап, даттангысы келчү. Бирок уят экен, оозу барбайт. Көп эле иш колунан келет, баарынан бала тарбиялоо өтө оор экен. Беш балаң болсо бешөө беш башка. Өзүн энеси менен салыштырат. Бирок ал энесиндей боло албады. Ал баардык жагынан мыкты адам. Анын ар бир сөзү баалуу. Энесинин ыкмаларын да колдонуп, акырындан кыйытып айтып көрдү. Эч нерсе чыккан жок. Баарынан кызыгы “менин подростковый учурума силер түшүнбөйсүңөр, бир аз чыдап койгула” — дегенде күйбөгөн жери күл болбодубу. Кудая тобо, андайы жок эле чоңойду эле. Орустарды туурагандары го, айылда орус көрбөй эле чоңоюшпады беле. Айласы барбы?. Чыдайт экен эне. Тил албаса, жумуш жасабаса, сабак окубаса, көчөдө сандалып жүрсө түшүнүп, күтө бериш керек экен да! Нерв кетет экен. Андайды кыргызча эле ата-эненин мээсин мите курттай жеген учур деп эле коюш керек. Алтындай убактыларын текке кетирбей, өнөр же билим үйрөнүшү болмок да. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей күйөө баласы менен кайыненесинен айланса болот, дагы муну батырып жүргөн. Балекетине каршы сүйлөйбү аларга? Эки адамды алдап-солдоп алып кете албаган. Кайынене деген буга чейин баарын белендеп баласын да, үй-жайын да бекер берген, бекер балаңды баккан, үйүңдү кайтарган, бекер бата берген, агын актай, көгүн көктөй жыйнап берген жардамчы го келинге. Же балдарына дүнүйөсүн тараткандай, беш-алты баласы болсочу. Кайыненелер баары жакшы болсо деп, өзүнүн жаш кезде кетирген кемчиликтерин кайталашпаса деп көп жылдык тажрыйбасын жумшайт. Бир айтат укпайт, эки айтат укпайт, анан эле кайынене деген атка конот. Келинге деле өз кызындай мамиле кылат. Бирок ошону келин түз кабыл албай кайыненелик кылды деп, өзү кайнене кылат. А аңкоо кызы өз энесине ишенип, кайыненесине ишенбейт. Кээде жакшы келинди да өз энеси эле турмушун бузуп койгон учурлар болот. Анан бара-бара кайынененин да ичи муздап, келинине боор бербей, аябай калат. Кийин келиндин балдары чоңоюп ал да кайынене болгондо ошондо кайыненесинин баркын билип кырк кырдуу акылман аял экенине көзү жетип аны сыйлай баштайт. Ал убакыт келгенде кайыненесинин көзү бар болсо жакшы экен. Бири-бирин кечиришип, батасын алып калат. Ой, билбейт эмнеден жазды. Кичинесинде ою менен болуп койдубу? Бир элге таанымал кыз болсо деп кыялданчы эле.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE