Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 23-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 23-БОЛУМ

— Келгиле. Кандай куда, кудагый жакшы жатышабы? Эмне мынча бир жума жатып алдыңар? Ырас болбодубу, жалгыз тамак иче албай олтурат элем. Ой, сен мени эмне таштап кеттиң го? Мен коркподумбу? Экинчи таштабайм дечи? Менин башым ооруп, ыйладым. Соороткон эч ким жок. Дарымды шкафтан алалбай, жаман куурадым. Эртең догдурга жатам. Мага мамаң экөөң оокат алып баргыла ээ,— деп сүйлөй элек небересине “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегенсип даттанып жатты. Кайыненесинин мамилеси түп көтөрө өзгөрүлүптүр. Небереси да тимеле камактан бошонуп келгендей сүйүнүп жатты. Айсулуу да өз чекилигин билди. Белек жумуштан маанайы пас келип, каалганы Айсулуу ачканда оозуна сөз кирбей какап калгансып, сестейе түштү. Күткөн эмес. Белек кайда бармак эле. Ал да бүлөсүнүн келгенине сүйүндү, бирок аялын башынан ылдый бутуна чейин сыдыра бир карап алды. Ал көз караш кек сактагандык эмес, кызганычтын көз ирмемдери эле. Айсулуу жашка толгон көзүн ирмегилеп, жашын артка тарталбай жатты. Аялынын минтип ыйлагысы келгенин анын ачуусунун тарап, кайрат-күчүнөн тайый баштаганы деп кымыңдап Кемел уулуна кетти. Караңгы киргенде Алымкан апасы кызына телефон чалып, кайда экенин билгенден кийин:

 

— “Адам баласы азапты сөзсүз өткөрүү ылаазым, азап-тозок аркылуу гана адам өркүндөп, пейил-кую оңолот” деп ким айткан.— деп кыйытты.

 

— Толстой, Достоевскийлер.

 

— Туура. Чыдаш керек. Жылаан чакпай, жылкы теппесе жылуу ордуңду козгобо, каралдым. Мейли, кош,— деп анын да жүрөгү тынчып калды.

 

Эртеси Мыскал догдурга жатты. Келин баласы табышып, үйдө тынчтык орногондо барайын деп ойлоду эле. Өзүнүн баркын да билгиси келди.

 

Мыскал догдурга он күн жатты. Айсулуу, Белектер күнүгө барып турушту. Алымкан кудагыйы доктурга барды.

 

— Кандай, жакшы болуп калдыңбы, кудагый? — деди жантарта.

 

— Ийи, кудайга шүгүр. Оорунун келмеги бат, кетмеги кеч экен. Дарыланып жатам.

 

— Ишин билген, күчтүү доктур бекен деги? Илгери биз доктур десе эле көрүнө берчү элек. Анда алар күчтүү эмес беле. Азыр тандап көрүнбөсө, билгенинен билбегени көбөйүп кетиптир.

 

— Дурус эле. Белектин курсташы экен. Чалым барда ооруу эмне экенин деле билбепмин, — деп көзүндөгү кылгырган жашын кайра тартып алды.— Бутумдун ооруганы басылбай жатат. Балдар да ооруңа оору кошуп берет экен да.

 

— Кудагый ыйлай берип, нервиңдин баарын бузуп алдың көрүнөт. Болду, эми жетишет. Ыйың асманга жетти. Ыйлап эле чакырып алсаң, эмгиче келет эле го. Эми өзүңө кара. Бутуңдагы оорунун сазайын берип, көп бассаң. Кудагый, мен деле балдарыңа айтчумду айтып жатам. Азыркылар укпайт. Ээнбаштар экен, эмне кылайын эми. Урушасыңбы, алдайсыңбы келин сеники, мага десең бышырып же. Мага эч нерсе айтпай өзүң тарбияла.

 

— Коюңузчу, урушуп эмне. Антип айтпаңыз. Ээнбаштар дегениңиз мага катуу тийди. Жапжакшынакай жалгыз эле келин-балам бар,— деп Мыскал кайра чычалап кетти.

 

— Болуптур. Сөзүмдү артка алдым кудагый, кечирип кой. Мейли, балдар бактылуу болуп, жаман балдарын багып жүрө берели. Кудагый бир балам эле бар деп кайгырба. ”Атасы он баласын бапестеп баккандай, он баласы жалгыз атасын багалбайт— деп бир акылман айткан экен. Азыркы балдар аман эле болушсун. Башка эмне дейли. Кой, эми мен кетейин,— деп дагы бир аз көңүл улаган сөздөрдү айтышкан соң коштошуп бөлүнүштү.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE