Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш… 5-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш… 5-бөлүм 

 

 

 

Кабагым карыш болуп чыктым коридорго. Ал болсо тескерисинче бактылуу жылмайып кутуп туруптур. Колунда чон букет.

-Мени гул менен алдай албайсын,-дедим дароо эле

-Бул алдаш учун эмес,-деди калыбын бузбай. «Карачы сенин суйуктуу гулундун эмне экенин билем»,-деди чон ачылыш ачкандай.

-Эмне дедин агайга?

-Анын эмне мааниси бар. Маанилуусу айткан жалганым ишке жарады,-деди кулуп жатып. Мен ансайын ачууланып:

-Менин сабагыма тоскоол болбо,-дедим.

-Койчу , сенин конул бурбай отурганынды билем го, менден качып жатасын.

-Ооба, сенден качып жатам.

-Жаным,-деди мага жакындап. «Айтсам баары бир бармак эмессин Меканын уйуно. Айтпай эле бир саатка барып келем дегем»

-Султан айтпаса билбей калмак экенмин да ээ?

-Жок озум деле айтмакмын келгенин, бирок, башка учурда.

-Бул башка учурлар качан келет?,-дедим чындап ызаланып. «Качан биз Мекасыз жашайбыз?»

Жооп беруудон качты адаттагыдай. Бул учурда аудиториядан менин группалаш «поклоннигим» чыкты. Суйуктуумду баштан аяк карап алып басып кетти. Суйуктуум ага конул деле бурбады.

-Жакшы бар,-дедим ачуулана. Жооп тапканда келээрсин. Букетти мага эмес Мекага алып барып бер,-деп кирип кеттим.

Анын да маанайы бузулду окшойт. Сабак батыраак эле бутсо экен деп отурдум. Бутоору менен уйго шашып жонодум. Мен маанайым бузулганда эле уктап калмай адатым бар. Анткени уктаганда бир азга болсо да унутулат деп ойлойт окшойм. Смс жазды: » Бир аз убакыт берчи жаным. Сен каалагандай болсун». «Чындаппы? » деп жооп жаздым ишенбегендей. 1 жумадай жолукпастан смс менен кабарлашып турдук. Ал куну уйго келсем курбу кызым толкунданып отуруптур.

-Ромеон чалды мага. Сени сабагындан алагды кылбайын дептир.

-Ал ошондой маданияттуу болгонду качан уйронуптур?

-Кандайча? деди мени бакырая карап. Мен андан дагы маданияттуу бироону коро элекмин.

-Сен анын откондогу кылыгын корсон антип айтмак эмессин.

-Эмне кылыгы? Сен эч нерсе айтпайсын бизге деп адатынча таарынып калды.

Айтып берсем шынкылдап куло берип болбой калды.

-Айтмакчы,-деди созду улай. Анда сенин маданиятсыз суйгонун сени маданияттуу жайга алып барат экен. Даяр болуп турсун деп айтты,-деди.

-Каякка?,-дедим анын ушундай жинди келтирчу кылыктарын эстеп.

-Билбейм. Сюрприз деди. Эмне кийесин?

-Мен кайда бараарымды кайдан билем.

-Маданияттуу жай деп жатпаймынбы, койнок кийесин да.

 

Менден мурун ал барчудай болуп мага кийим тандап жатты. Мен анча конулум чаппай отурдум.Ал мага тапкан узун койнокту жараштырып чачымды туздоп жатты.

-Сен мени куйоого деле узатып коесун бул турушун менен.

-Анын эмнеси бар экен? Сени ал бактылуу кылышына ишенем да.

-Мен жакын арада турмушка чыкпайм, билесин. Куто алса кутот, жашым келип калган десе Мекага уйлонсун.

-Сен эки созундун биринде Меканы кошпосон кардын тойбойбу?-деди чын эле ачуулана.

Ошол учурда телефонум чырылдады.

-Мен сени кутуп турам,-деди бактылуу ун менен.

-Куто тур,-дедим шашпай. Курбу кызым шаштырып болбой калды.

-Мени кетирип эле жыргап каласынбы? Тура тур эми кутсун бир аз.

-Куттурбо,-деди чечкиндуу.

-Апей , сен качан ал тарапка отуп калдын эле?

-Мен дайыма адилет кайда болсо ошол жактамын,дегенде экообуз кулуп баштадык.

Узун койнок, бийик така менен чалынып тушпойун деп 3-кабаттан шашпай туштум. Ал машинага суйонуп айлананы карап туруптур. Мени коро калып жылмайып мага карай бат бат басып келди. Бетимден ооп жатып:

-Катуу сагындым,-деди.

-Мен дагы.

-Сагынгандай корунбойсун, -деди мага колун сунуп жатып. Аны колтуктап бир аз ынгайлуу басып келдим машинага.

-Сагындым.

-Кантип?

Машинага отура электен мурда катуу кучактадым. Мынтип сагындым ,-дедим козуно карап.

Каткырып кулуп туруп мени которуп айлантып баштады.

-Ааай , эл корсо эмне дейт, кой мени жерге.

-Эл корсо суйуу дейт, эмне демек эле деди жерге коюп жатып.

Экообуз машинага отуруп белгисиз тарапка жонодук . Бир жерге токтоп, козунду байласам болобу?-деди

Башымды ийкедим. Козумду жай байлап, андан ары жолду уладык. Жолдо «Аз калды жаным. Журогун сыгылбадыбы? » деп суйлоп баратканда мен бакытымдан жетинчи асманда журдум.

 

Бир убакта токтотуп машинанын эшигин ачты да колуна так которду. Алгач ынгайсыз болгонум менен бир аздан кийин эки колум менен мойнунан кучактап алдым. Журогунун согушу даана угулуп, жыты мени мас кылып жатты. Экинчи кабатка которулгонубузду билип турдум. Козумду ачканда коз жашымды аран кармап турдум. Жер жайнаган шамдар , чон болмонун ортосунда эки адамдык стол. «Виртуалдуу болсо да, бугун таанышканыбызга бир жыл толуптур» ,-деди. Мындай табит, фантазия, сентименталдуулук дуйнодо жагыз ушул адамда болсо керек. Козумдун жашы толуп калды. Аны кучактап копко жыттап турдум.

-Бугун сага соз берем ; «Мындан кийин Мекасыз жашайбыз. Мен сени тандадым» ,-деди кулагыма шыбырап.

Суйлоого алым келбей кучактап тура бердим. Ал кече жомоктогудай отту. Алгачкы таанышуубуз, менин жалган докладым, алгачкы жолугушубуз, анын аудиторияга кутуусуздон келиши, айтор лента сыяктуу баарын эстегенге аракет кылдык. Тун ичинде уйго алып келип таштады. Уйго кирип эле ыйлап баштадым. Бул жолкусу бакытымдан жашыдым. Мындай адам менен бут омурумду откоруп, айтканын кылганга даярмын деп кайталап, озумо соз берип жаттым. Койногумо анын жыты синип калыптыр. Чечким келбей жатып уктап кетипмин.

Ошол бактылуу муноттор узакка созулбады. Анын мени ата-энеси менен тааныштырбагандыгынын себеби,алар Мээримге уйлонуусун каалашат экен. Бул эчен жылдык жакындыкты мен бузупмун. Мээримдин апасы чыкырып : «Кызым оорукчан. Аны ишенип ушул балага гана тапшыра алам. Кичинесинен бери чогуу осушту, сен бактынды таба турчу татынакай кыз экенсин», -деп шолоктоп ыйлап турду. Суйуктуум да эки оттун ортосунда калгандай,ата- энесинин айтканынан чыга албай мага берген созун бузду. Мека менен жолугуп, кайрадан кам коро баштады. Мен ага чыдабадым. Кундон кунго жарабыз ырбап, болоор болбос нерселер учун уруша баштадык. Ал менин кызганычымды тушунгусу келбеди. «Кантип оорукчан кызга боорун оорубайт?» ,-деп коп айтчу. Акыры мен анын ушундай эле бактылуу болуусун кааладым. «Эки оттун ортосунда калба»,-дедим. «Сени ата-энен багып адам кылган.Алардын созунон чыкпа. Мен сени алыстан деле суйо берем. Бир жактагы азабына экинчиси болуп кошула албайм»,-дедим. Окуумду ийгиликтуу аяктап, чет олкого келдим. Аныста деле планда болгон нерсе болчу, бул жактан окуумду улантуу. Ата-энем кичинекей кызы чон суйууго кабылганын билбей эле кала беришти. Бул окуяны жазганымдын себеби жакында виртуалдуу болсо да таанышканыбызга 2 жыл толду. Ал мага жолукканы 3 кунго келип кетти . Виртуалдуу башталган суйуубуз виртуалдуу уланууда. Дагы деле жазышып, жакшы суйлошуудобуз. Бирок, мен мурункудай эмне кылдын деп менчиктебейм. Анын оз жашоосу,менин оз жашоом уланууда.Бул окуя жогоруда айтып кеткениниздердей бактылуу бутушун кааладым эле мен да. Бирок, буто элек,уланууда. Кандай бутоору мен учун да табышмак.

 

Ал мага жакында 3 кунго келгенде да сюрприз кылып келди. Андан мурда коп жазышпай «Жумушум ото коп болуп жатат»,-деп айтты эле. Бир куну чалып калды. «Сага посылка салып жиберем Актан аттуу жигиттен. Адресине сурансам бара албайм деп айтты. Аэропорттон алып алчы ошол куну»,-деди

-Билбейм, ал учурда бошобой да калышым мумкун.

-Ичинде сен жакшы коргон нерселер бар.

-Эмне мисалы?

-Боорсок бар,-деди кулуп. Сен жакшы корот эмессинби.Курбу кыздарын жасашты.

-Дагы?

-Калганын алганда коросун.

-Макул, боорсокко жок дей албайм да. Анын устуно ото сагындым.

Ошентип посылканы алчу куну аэропортко бардым. Эрте барып алган экенмин телефонду чукулап озумду алаксытып отурдум. Номеримди да Актанга берип койдум дегенинен «чалат да » деп ойлодум. Бир убакта аркамдан тааныш ун:

-Актанды кутуп жатасызбы,чон кыз?

Карасам мени карап кулуп туруптур. Чуркап барып кучакташымды билбей козумо жашым толуп ордумда тура бердим. Мен анын кутуусуз адам экенин билсем деле бул жолу келип калат деп ойлогон эмесмин. Ал бат бат басып келип кучактап калды. Козумдон жашым акпаса экен деп, копчулукту козго илбей, катуу кучактап копко турдук. Бир аздан кийин озумду колго алып:

-Боорсок сенсинби?

Ал кулуп:

-Актан адресине алып барбайм деп салганынан озум келбедимби.

-Сенден кутсом болмок негизи.

-А мен сени билип калды го деп ойлогом.

-Анчалыкка акылым жетпептир.

-Койчу жаным, сендей акылдуу бироону коро элекмин.

-Калп айтпаа.

Бетимден чоп эттире ооп алды да мени кучактап аэропорттон чыктык.

 

Таксиге отуруп жатып оюма келди. Мен квартирада бир кыз менен жашайм. Андан уруксат сурабай уйго конок алып барсам кандай кабыл алат. Таксиге отураарыбыз менен:

-Дениз жээгине, -дей салды суйуктуум мени кутпой.

Аны тан калып карап калдым.

-Чогуу жашаган кызына чалып коесунбу, 3 кунго барбайм деп.

-3 кун дениздин жээгинде жашайбызбы, -дедим тамашалап.

-Ал жагынан сарсанаа болбо,деп козун кысып койду.

-3 кунго эле келдинби?-дедим таарынгандай тур корсотуп.

-Мен сени 3 кундо эле менден тажайт деп ойлогом.

-Жок азыр эле тажап калдым дечи. Бирок кыргыздарды сагындым да. Кыпкыргызча суйлошолу,-дедим анын тамашасын улай.

-Ал атайын жиниме тийип «Мен кыргызча билбейм» деп англисче суйлоп коет.

 

Анда англисче суйлогонун уга калган таксист:

-Кыргызсынарбы?

-Ооба, дедик жарыша.

-Медовый месяцка келгенсинер го.

-Ооба,деди суйуктуум мени карап жылмайып.

-Койчу тамашанды, деп кыргызча суйлодум.

Таксист берилип «Жаш жубайлар бул жактарга барса жакшы»,-деп тушундуруп бара жатты. Суйуктуум да берилуу менен уккандай тур корсотуп отурду. Таксисттер кайсы жакта болсо деле суйлоок болот окшойт деп ойлоп бара жаттым.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE