Пример HTML-страницы

Turmush: Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат,

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Ош шаарында коомдук, мамлекеттик ишмерлер менен жолуккан учурда билдирди.

Өлкө башчысы бүгүн Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков мектеп-гимназиясынын жаңы окуу корпусу пайдаланууга берүү аземине катышты.

Садыр Жапаровдун айтымында, темир жолдун курулушу бүтсө, Кыргызстан дүйнө мамлекеттерине транзиттик өлкө болуп калат.

«Жылдан жылга экономикабыз да көтөрүлүп кете берет. Буга окшогон мектептерди салабыз. Тынччылык эле болуп турса болду, ачылыштар болот. Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун октябрда баштайбыз. Ички темир жолубузду алып барып, Макмалга кошуп алабыз. Ошондо биз дүйнөгө транзиттик өлкө болуп калабыз. Дүйнөгө чыгабыз, темир жол менен деңизге чыгабыз. Казакстан, Россия аркылуу дүйнөгө чыгабыз», — деди ал.

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоор болуп саналат.

————————————————————

2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Өзбекстан—Кыргызстан—Кытай темир жолун курууда Кыргызстандын аймагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт—Арпа—Макмал— Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

————————————————————

2024-жылдын 7-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пекинде Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу боюнча акыркы сүйлөшүүлөр бүтүп жатканын билдирген.

Ал бул долбоорду ишке ашыруу быйыл баштала турганын белгилеген.

«Биздин аймактан өтө турган темир жолго 7-8 миллиард доллар кетет. Советтер союзунун учурунда темир жол бизге келип, туюк өлкө болгон үчүн токтоп калган. Эми ошондон чыкканы жатабыз. Бул боюнча техникалык-экономикалык негиздемелердин баары бүткөн, сүйлөшүүлөр бүтүп калды», — деген ал.

————————————————————

Ал эми 2024-жылдын 17-мартында Жалал-Абад шаарында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев «Кытай темир жолдору» улуттук корпорациясынын директорунун орун басары Ван Тунцзень баштаган делегация менен жолуккан. Жолугушуу «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» долбоорун жүзөөгө ашыруу үчүн тараптардын макулдашылган пландуу иш-аракеттеринин алкагында өткөн.

Тараптар темир жолдун Жалал-Абад облусундагы тилкеси курула турчу аймак менен таанышып, темир жолдун техникалык-экономикалык долбооруна кошумча маалыматтарды чогултуу максатында курула турчу жана иштеп жаткан темир жол линиясын бойлото көчмө иш-чара уюштурган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн кытайлык делегациянын курамындагы түрдүү тармактагы адистер жеринен техникалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча кийинки кадамдар аныкталып, долбоордук документтерди иштеп чыгуунун алкагында андан аркы иштер үчүн конкреттүү иш-чаралар белгиленген.

Эми Бишкек шаарында бир катар жолугушууларды жана кеңешмелерди өткөрүү жана Нарын облусунун аймагындагы темир жол курула турган жерлерге баруу пландаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE