Пример HTML-страницы

Араванда «Мерседесин» чимирилтип айдаган адамга 15 миң сом айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАраван районунда унаа менен ээнбаштык жасаган айдоочу кармалып, 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарга Араван районунунун борбордук аянтында «Мерседес Бенц» жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаалар эрежелерди бузуп жатканы тартылган видео тараган. Араван райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан бүгүн, 4-май күнү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна протокол түзүлүп, 15 миң сом айып пул салынды.

Буга чейин «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна да айып пул салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE