Пример HTML-страницы

Нарын облусунда мас абалдагы 15 айдоочу кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунда бир жума ичинде мас абалдагы 15 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 15-апрелинен тартып 21-апрелине чейинки аралыкта облустун аймагында жол эрежелерин бузган жалпы 554 айдоочу аныкталып, Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин беренелеринин негизинде протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 15 айдоочу кармалып, 42 автоунаа айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинде ылдамдыкты ашырып айдаган-151, жол белгилерине баш ийбеген-190, коопсуздук курун тартынбай айдоо-137, жол чырагына баш ийбей айдоо-2, автоунааларын документтери жок башкаруу-5, автоунаага мамлекеттик белгисин коюу эрежелерин бузуу-3, транспорттук каражаттарды каттоо тартибин бузуу-1, автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алган-3, каршы тилкеге чыгып айдоо-2, каттоодон убактылуу токтотулган-9, терезелерин караңгылатып алган-1, жолдо жүрүү эрежелерин бузган-2, жүргүнчүлөр жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE