Пример HTML-страницы

Оштогу «алтын базардагы» окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы «алтын базарда» болгон окуянын чоо-жайы такталды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы Тurmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 6-майында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 3 жаштагы адашып кеткен кыз табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат өздүк курамга жеткирилип, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 1964-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну 3 жаштагы небереси М.Х.ны Ош шаарында базарда ээрчитип жүрүп, жоготуп алгандыгы маалым болгон.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарына барып, табылган кызды чоң атасы Ш.М.га өткөрүп беришкен. Жоголуп кеткен кызды таап келген өспүрүм кыздын өздүгү такталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кыздын чоң атасы Ш.М. эч кандай арыз-дооматы жоктугун билдирди.

Буга чейин Ош шаарындагы алтын сатылган базарга өспүрүм кыз 3-4 жаштагы кызды сиңдим деп жетелеп келгени маалымдалган. Ал кыздын сөйкөсүн сатуу үчүн аны алып келгени айтылган. Күбөлөр окуяны видеого тартып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымдашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE