Пример HTML-страницы

Кең пейилдик бакыт 1 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кең пейилдик бакыт 1 болум

 

Турмуштун өзү драма дегендей бу жашоого келген ар бир пенде аппак барактай таза, аруу бойдон ыңаалап ыйлап бу дүйнөнүн жарыкчылыгынын астанасын аттаган күндөн, сааттан баштап ошол таза барактын бетине чиймелене баштайт тура. Аны пенде кайдан билсин, акыл эси кирип, ак менен караны ажырата бергенде гана өз турмушунун кандай экенин сезип бактылуу өмүрдү башынан кечирип, көзүн карап каалаганын алып чоңойгон бала менен жетишпеген жашоодо жашаган баланын көз карашы, ой жүгүртүүсү башкача болоору белгилүү эмеспи. Бирок адам өсүп жетиле баштагандан эле бирөө ошол оор тагдырына кимдир бирөө күнөөлүүдөн бетер жан дүйнөсүндө кекенүү пайда болуп адамдарга ишеничи жоголуп өч алууну көздөсө ошол эле чөйрөдө ачуу-таттууну татып өскөн бала бул жашоодо өз ата-энеси кылган күнөөнү кайталабоо үчүн татыктуу жашоого белсенет. Ал эми алдей бөпөдө чоңойгон балдардын дагы өз сезимдери, башкача болоору белгилүү го, бири байлык бар жерде гана жашоо ойдогудай болот деп көздөгөнү байлык, ал эми бири адилеттикти каалаган боорукер, адал иштеп гана тапкан байлык адамга жугумдуу болоорун, байлык адам баласына жөн гана жоо болоорун тактап жеткиргиси келген адам болуп өсөт. Бул адам баласынын «Беш кол бирдей эмес», — деген сөзүн тактагандык эмеспи. Бул чыгармамда бардар эки үй-бүлөөдө өскөн эки бала жөнүндө айтылат, аларга эч кимиси жок балдар үйүндө өскөн үчүнчү бала кошулат. Бул үчөө бири-биринен өткөн бой келбети келишкен жигиттер, алар кийин ушул жашоодо бир фирмада иштеп таанышып калып, мүнөздөрү келишпей терс бурулуп кетишет, бирок ар кимисинин ойлору ар башка болуп сүйлөшө келишкенде бир пикирге келе алышпайт. Мелис апасынын фирмасында менеджер болуп иштейт, Акберди атайын жумушчу, Мырза балдар үйүнөн жаңы гана чыгып жумуш издеп келип алар менен иштешип калат. Акберди бир үйдүн жалгыз баласы, атасы өкмөттүк кызматта иштейт, бала кезинен мектепке өздүк унаа менен алып барып, алып келип турчу, кийин андан баш тартып өзү барып келчү болгон. Эс тарта баштаганы атасынын кээ бир буйрук берүүлөрү, үйгө кызматчы жалдап, кээ бирөөлөрдү телефондон сөгүп, катуу айткандары ага терс көрүнүш эле. Ошондуктан ал атасына каршы, адам болгондон кийин жашоодо тең укуктуу болуш керек, эмнеге бийлиги бар адам кол алдындагыларга бийлик кылып өктөм болушу керек, деген ойлоруна абдан бекип алган. Мелис болсо андай көрүнүштү туура көрүп атасын колдоп турат, керек жерде анын ишин улантып өзүнөн чоңдорго кадимкидей сес көрсөткөн мүнөздө. Мелистин ошол кезде сүйлөшкөн кызы бар, ал жок жарды үй-бүлөөдөн чыккан, аны билип калган Мелис жүрөгү сүйүп турса дагы аны убактылуу пайдалангысы келип жаман ой менен аны алдап жүргөн, Акберди азырынча сүйүү деген сезимге кабыла элек, Мырза болсо жетим болуп өскөндүктөн дили өтө катуу, адамдарга ишеничи аз, болгону ал өзүн адам катары алып жүрүүгө, бирөөнү алдабоого, таза жашап өмүрдө жетишкендик менен жашоону көздөйт. Үчөө бири-бирин али жакшы биле элек, өз жумуштары менен алек. Акберди менен Мырза бирге иштегендиктен кээде сүйлөшүп калышат, түштөнүүдө бир сааттай отуруп калышат. Мырза түнт, ички оюн башкалар менен тең бөлүшкүсү келбеген бир мүнөз бала, жашы он сегизде гана, керээлден кечке атайын унаа менен белгилүү жерлерге товар жеткиришет, бир күнү Мелис Мырзаны өзүнө чакырып алып Москвага товар жеткиресиң деп жөнөтүп жиберди. Акберди анын кандай товар экенине алгач маани бербеди, бирок келгенден кийин кайра барбасын айтты эле кабинетте экөө айтыша кетти:

— Эмне, алган акчаң канааттандырган жокпу? — деди Мелис аны кекете.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE