Пример HTML-страницы

6 жаштагы кыз кошуна киши сарайга алып кирип, эмне кылганын айтып берген. Кара-Көлдөгү чуулуу окуя активисттерди чогултту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургундары жашы жете элек кызга карата жасалган ыплас аракеттерге байланыштуу кайрылуу жасашты.

Алар кайрылууда экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо аракети болгонун айтышты.

Жарандык активист Мелис Чилетиров билдиргендей, чогулган жаштар жогорку мамлекеттик органдардан балдарга зомбулук көрсөткөн адамдарга карата катаал чараларды көрүүнү, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратууну суранышууда.

«Бул киши Кара-Көл шаарында таксист болуп иштейт. Ал ушул мезгилге чейин унаасына канча деген адамды салды. Кимден ким бул кишиден жабыркаган болсо, УКМКга, милицияга кайрылыңыздар. Бул окуяны жөн койбош керек. Мындай адамдар катаал жаза алышы керек», — деди ал.

Жабыркаган кыздын атасы Эрнис биринчи окуя 2023-жылдын 6-октябрында болгонун айтты. «Бул киши сарайдан кызымды жетелеп чыгып келе жатканын өз көзүм менен көргөм. Анда дагы аймактык милиция кызматкерлерин чакырып, арыз жазабыз деп ызы-чуу болгонбуз. Бирок «силер экспертизага барышыңар керек, андан кийин кызыңардын аты булганат, соцтармактарга чыгат, уят болуп каласыңар» дешкенинен арыз жазбай калганбыз. Мындан тышкары, шектүү кошуна болгондуктан, мага андай арам ой келген эмес.

Андан кийинкисин 31-мартта (ред. 2024-жыл) байкадык. Кызымдын айтуусу боюнча, аны сарайга алып кириптир. Андан кийин «кыйкырба, ыйлаба» деп айтыптыр. Кызым ыйлаганда колго чаап, уруптур. «Бетимен өөп, тиштеди» дейт. «Бирок тиши жок экен» деди. Андан ары шымын шыпырып, колу менен кадимкидей чукулаптыр. «Атаң менен апаңа айтсаң, экөөнү тең өлтүрөм» дептир.

Кызым азыр коркуп, түнү менен уктабай жатат. Заара кыла албай, дааратканага дагы бара албай жатат. Мунун айынан апам ооруканада, келинчегим үйдө ооруп жатат.

Экспертизанын жыйынтыгы менен сот эки айга камакка алды. Бул ишти жогорку органдар өз көзөмөлүнө алышын өтүнөм. Мындан адамдарга өмүр бою жаза алышы керек», — деди ал.

———————————————————

Милициянын мааылматына караганда, бул окуя боюнча жабырлануучу тарап 2024-жылдын 11-апрель күнү Кара-Көл ШИИБге арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 2023-жылдын 31-мартында болгону такталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 18-апрелде Кара-Көл шаарынын 62 жаштагы тургуну Т.А. кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

———————————————————

Буга чейин 6 жаштагы кыздын апасы Turmush басылмасынын кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берген.

Анын айтымында, кошунасы тарабынан кызы экинчи ирет жыныстык ыдыкка кабылган. Алгач Кара-Көл шаарындагы дарыгерлерге кызы сийгектеп калганын айтып кайрылган. Алар кызында зордуктоонун белгилери бар экенин, Жалал-Абад шаарына соттук-медициналык экспертизага кайрылуу керектигин айтышкан. Мындан улам ал милицияга кошунасынын үстүнөн арыз жазган.

«Бул киши жаш кыздарды короосуна киргизип койчу, неберелерин сагынган да деген ой келген. Былтыркы жылы жайында башка кошунабыздын кызын унаасына салып баратканда абысыным көрүп калып, унаасын токтотуп, кызды түшүрүп калган экен. Кыздын агасына мен да айтып, алар карындашын тынбай көзөмөлдөп калышкан. Мен да кооптонуп, кызыма тынбай эле көз салып калгам. Октябрда эшик алдында ойноп жаткан кызымды таппай калдык, издеп баштадым. Ошол кошунабыз тараптан кызым өңү бозоруп чыгып келе жатканын атасы көрүп калыптыр. Үйгө келгенде мага «Кыз менен сүйлөшчү» деп калды. Кызым башта эч нерсе айтпай эле маанайы суз болуп туруп берди. Акырын сөзгө салганымда сарайга алып киргенин, ыйлаганда колу-бутуна чапканын, шымын чечкенин, колу менен кармалагандарын айтып берди. «Бирөөгө айтсаң ата-энеңди кошуп өлтүрүп коем» деди деп ыйлап калды. Кызым менен кошо бирге ойногон кызды да сарайга киргизген экен. Ал бакырып ыйлаган үчүн чыгарып жибериптир. Менин кызым буулугуп ыйлайт, ошонусун пайдаланган.

Дароо эле милицияга кайрылып, дарыгерлерге көрсөттүм, кыздыгы бар экенин айтышты. Анан «Жалал-Абад шаарына соттук-медициналык экспертизага барышың керек, бул окуялар коомчулукка чыгат» деген сыяктуу сөздөр болгондуктан, кызымдын тагдырын талкалап албайлы деп милицияга арыз жазбай эле тим болгонбуз.

Экинчи жолу 31-мартта дагы кызыма тийишиптир. Ойноп-күлүп калган кызым дагы маанайы түшүп, мостоюп калды. Дароо шаардык ооруканага алып келдим. Нөөмөттө турган дарыгер көрүп, зордуктоого аракет жасалганын айтышты. Милицияга кайрылсам, «Далил жок эч нерсе кыла албайбыз» дешти. Анан чыгынып, Жалал-Абад шаарындагы соттук-медициналык экспертизага бардык. Алар гинекологго жөнөтүштү. Алар кызымды көрүп эле кызга жыныстык зомбулук болгонун айтышты», — деген ал.

Адистер кызга ыпылас аракеттер жасалганы тууралуу бүтүм чыгарып беришкен.

«Бизде алдын алууда катуу чаралардын жоктугу мени ойлонтуп жатат. Шүгүр, кызымдын кыздыгына тийилбептир, бирок ал психологиялык жактан жабыркап кыйналды. Түнү уктап жатканда чочуп ыйлап жатат. Ойноп жатып элеңдеп, эки жакты карап, коркуп ойнойт. Кызым менен тынбай жакындан сүйлөшүп, «Сенин артыңда атаң экөөбүз турабыз, сени эч качан урушпайбыз, ачыгын айт» деп жатам. Эне катары менин абалымды айтпасам да түшүнүктүү деп ойлойм. Зордуктоого аракет жасалган үчүн да катаал жаза болуш керек деп эсептейм. Же сөзсүз кыздыгы алынып, кордолуп, көз жаш төгүлгөндө мыйзам иштейби, түшүнбөй жатам. Ал кишинин үстүнөн 3-4 жыл мурда жаш кызга тийишкен үчүн арыз түшүп, иши сотко чейин жеткен учур болгон. Ал окуя буга сабак болбоптур. Жаш кыздардын тагдырына балта чаап койбосун деп коркуп жатам. Анткени ал калаада такси айдайт. Биз арыз жаздык, ал киши дале камалбай эле жүрөт», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE