Пример HTML-страницы

Ош шаарында 8-кабаттан кулаган 35 жаштагы куруучу каза тапты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн 8-кабатынан кулаган куруучу каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя 2024-жылдын 6-майында болгон.

Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталганын билдирди.

Окуя тууралуу тез жардам кызматынан кабар келип түшкөн. 6-май күнү саат 14:35те Ош шаарынын Сүйүнбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатында ширетүү иштерин жасап жаткан куруучу кулап кетип каза болгон. Бул факт боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды. Каза болгон жаран Араван районунун тургуну — 1989-жылы туулган К.Н. экени белигилүү.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE