Пример HTML-страницы

Ош шаарына «Эскерүү отун» алып келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарына «Эскерүү отун» алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда Москвадагы белгисиз жоокердин күмбөзүнөн жагылган отту Ошко президент Владимир Путиндин ишенимдүү адамы, актер жана теле алып баруучу Михаил Мамаев алып келди. Ал Ош шаарындагы түбөлүк отту жакты. Отту Баткен облусунун, Ноокат шаарынын мэриясынын өкүлдөрү да алып кетишти. Михаил Мамаев баштаган Элдик фронттун өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алышты. Аксакал июнь айыда 99 жашка чыгат. Кечээ жакында согуштун 99 жаштагы дагы бир ардагери Салахидин Тохтобаев көз жумду.

Михаил Мамаев эскерүү отун Кызыл-Кыя шаарына да жеткирди. Ал отту Өзгөн жана Жалал-Абад шаарларына да жеткирип барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE