Пример HTML-страницы

Ата теги Түндүк Кореяда төрөлгөн Анжела Цой каршылыктарга карабай кыргыз үй-бүлөгө келин болгон

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну Анжела Цой. Ал ата-энесинин каршылыгына карабай, 16 жыл мурун кыргыз үй-бүлөгө келин болуп келген. Анжела айым жаңы үй-бүлө курганда кыйынчылыктар болгонун, бирок ага улут жана каада-салттын бөлөктүгү эмес, башка жагдайлар себеп экенин Turmush басылмасына айтып берди.

Цой Анжела Енчановна 1985-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Атам менен апам пияз, дарбыз, коон өстүрүшчү. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Биздин үй-бүлөнүн тарыхы абдан кызыктуу. Ата-энем Казакстанда төрөлсө, чоң аталарым Россияда, алардын аталары Түндүк Кореяда төрөлгөн. Апам Уралдагы жогорку окуу жайда химик-биолог адистиги боюнча билим алган. Ал эми атам курулуш тармагын бүтүргөн. Алар кеч үйлөнүп, апам мени 35 жашында төрөгөн. Атам абдан көп иштеп, эрте кетип, кеч келчү. Бизге көбүнчө апам тарбия берди. Ал бизге ар кандай китептерди сатып берип кызыктырчу. Апамдын жардамы менен билимге ээ болсом, атам математиканы жакшы көрүүмө себеп болду», — деди ал.

А.Цойдун айтымында, үй-бүлөсү жумушуна байланыштуу Казакстандан Чүй облусуна көчүп келишкен. Ал мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө окуган. Жогорку окуу жайды бүтүрүп, диплом алгандан кийин өз кесиби менен иштеген эмес.

Корей кызы болочоктогу жолдошу менен университетте окуп жүргөндө таанышкан.

«Жолдошум Рустам Жаныбаев менен досторубуз тааныштырган. Жатаканада чогуу жашаган курбум Рустамдын классташы менен кыз-жигит болчу. Алар бизди тааныштырган. Курбум экөөбүз окуу жайда уюштурулган бий кечесине барганда анын жигити Рустам менен келген. Ошол күндөн баштап экөөбүз сүйлөшүп калдык. Анын тамашакөйлүгү, максатка умтулганы, тапкычтыгы менен көңүлүмдү бурду. Ал түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Алгач менин ата-энем биздин баш кошуубузга каршы болушту. Мен Рустамды сүйөрүмдү, ансыз жашай албастыгымды айтсам, макулдугун беришти», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги күндөрдүн эске алды.

«Үйлөнүү тойду кыргыздын каада-салты менен өткөрдүк. Андан ары ак жолук салынган келиндик доор башталды. Баарынан да мени жолдошумдун үй-бүлөсү жылуу жумшак кабылдаганына ыраазы болдум. Айрыкча кайнатам менен кайненем абдан аяр мамиле жасашчу. Менин улутум корей болгондуктан кыргызда жаңы келген келиндин милдеттерин, кайын журтунда өзүн кантип алып жүрүүсү керектигин биле берчү эмесмин. Акырындык менен баарын өздөштүрүп үйрөнүп алдым.

Кыргыз тилин билчүмүн, бирок күнүмдүк турмушта колдонулчу сөздөрдү (термин) жакшы билчү эмесмин. Мисалы, кайненем “боорсок кескичти алып кел” десе, ордуна тактайды алып барып алып, убара болуп жүргөн күндөрүм болду. Кайненем баарын түшүнүү менен кабыл алып, катуу айткан жок. Муну менен катар мен үй жумуштарын жасап, же тамак бышырып жатканда эч качан аралашчу эмес. Баарын өзүм каалагандай аткарчумун. Ал эми кайнатам мен үй жыйнап жатканда, жолдошума мага жардам берүүсүн айтчу.

Үй-бүлө куруп, келин болгонума 16 жылдын жүзү болду. Ушул жыл аралыгында кайын журтумдагы бир дагы адам менен урушуп, же чукчуңдашып калган учур болгон эмес. Кудайга шүгүр, баары менен сый мамиледемин. Тилекке каршы, кайненем рак оорусуна чалдыгып, бизди таштап кете берди. Анын жоктугу бизге абдан сезилет…» — деди ал.

Анжела айым үй-бүлө курууда кетирген эң чоң катаны атады.

«Кыйынчылыктар албетте болду, бирок буга улутубуздун, каада-салтыбыздын бөлөктүгү себеп деп эсептебейм. “Силер ар дайым чогуу болгуңар келеби? Бул нике силерге керекпи?” деген суроолор турушу зарыл. Эң чоң ката — бул биз акыл-эсибиз токтоло элек кезде, бала чакта үй-бүлө курганыбыз. Ал убакта биз жоопкерчилик алганды билбейбиз, бири-бирибизге кам көрө албайбыз жана чын жүрөктөн сүйө албайбыз. Эгер кандайдыр бир маселеге кабылып калсак, аны чечүүнүн ордуна башкаларды айыптап, башка себептерди издей баштайбыз.

Ачыгын эле айтуу керек, жолдошум менен пикир келишпестиктер болуп калат. Бирок биз балдарыбыздын жана башкалардын көзүнчө урушпайбыз. Баарына өзүнчө бир бөлмөдө отуруп алып, талкуулап чыгабыз. Эгер мага бир нерсе жакпай калса, жолдошума дароо айтам, ага жакпай калса, мага айтат дегендей…

Биздин бирге түтүн булатканыбызга 16 жыл болду. Учурда эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуу балам Актан 14 жашта болсо, кичүү уулум Акбар 8 жашта. Келечекте балдарыбызга татыктуу тарбия берип, өлкөнүн алдыңкы жана сыймыктуу жарандарынын катарына кошсок дейбиз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE