Пример HTML-страницы

«Кол астыңардагылардын акысын берүүдө Алладан корккула!».

https://kyrgyzcha.site/?p=57349&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ)

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам)дын эң акыркы сөзү:

«Кол астыңардагылардын акысын берүүдө Алладан корккула!».

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам)дын эң жаман көргөн кулк-мүнөзү «Жалган айтуу».

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам)га эң сүйүктүү болгон амал:

Аз болсо да уланып турган амал.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) адамдардын эң жакшысы, эң мыктысы жана эң эр-жүрөгү болгон.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) жамаат менен намаз окуганда жеңил окуп, жалгыз окуганда намазын узун окуган.

 

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) уктаардын астында оң колун оң бетинин астына коюп жатчу.

 

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га сүйүнүчтүү кабар келсе Алла Таалага шүгүр кылып сажда кылчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) үйүнө кирээр замат мисвак колдончу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) ооруп жаткан адамды кабар алганы барганда:

«Эч нерсе эмес, Кудай буюрса күнөөлөрдөн тазаланасын», — деп айтчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) маркумду жерге бергенден кийин кабырдын жанында туруп:

«Мусулман бир тууганыңар үчүн истигфар айткыла жана ыйманын бекем кылуусун сурагыла.

 

Чындыгында ал азыр сурака алынат», — деп айтчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) жакындарынын бирөөсү ооруп калса «Фалак жана Наас» сүрөлөрүн окуп дем салчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) өзүнүн балдарына жана жаш балдарга мээримин төкчү.

 

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам) эң көп ушул дубаны кылаар эле.

 

«Роббанаа аатинаа фид дунйаа хасанатан ва фил аахироти хасанатан ва кинаа азаабан наари».

 

(О, Жараткан! Бизге бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылыктарын бер жана бизди тозок отунан сакта!).

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) аз күлүп, көпкө унчукпай отурчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам)дын сакалы койуу жана айбаттуу эле.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) түнкү намазды такыр калтырчу эмес, эгер ооруп калса отуруп окучу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) сакалын тазаланганда, бут кийимин кийээрде, улоосуна минээрде жана иштеринин барысында оң жактан баштаганды жактырчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) дайыма Алланы зикр кылчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) белекти кабыл алып, өзү да белек берчү.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) жаш балдардын жанынан өтүп баратып аларга салам берчу.

 

Пайгамбар (саллаллаху алайхи васаллам) дүйшөмбү жана бейшемби күнү орозо кармаганга аракет кылчу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE