Пример HTML-страницы

Оштогу бала бакчадан жыландар табылып, ата-энелер дүрбөлөңгө түшүп жатат. Жетекчи окуя тууралуу үн катты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы «Жоогазын» бала бакчасынан жылан чыгып, бир нече күндөн бери жабык турат. Бүгүн, 30-апрелде окуяга байланыштуу балдардын ата-энелери чогулуп, бала бакча жетишсиздигин айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышканын Тurmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Жоогазын» бала бакчасы «авиагородок» деп аталган аймакта жайгашкан.

Аталган бала бакчанын кенже тайпасында Минура Кайымкулованын кызы тарбияланып келген. Бирок жылан чыкты деген маалыматты уккандан бери бардык ата-энелер балдарын кайра бул бала бакчага берүүдөн кооптонуп жатышканын айтат.

«22-апрелден баштап бала бакчабыз иштебей жатат. Себеби жылан чыкты, жыландын уюгу бар экен. Жетекчиси тиешелүү жерлерге, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, ӨКМге кайрылуу жасаптыр. Залалсыздандырылгандан кийин деле жыландардын өлүктөрүн табышкан. Биз, бардык ата-энелер жылан чыккан бала бакчага балдарыбызды алып келүүдөн кооптонуп жатабыз. Эч ким кепилдик бере албайт, дагы чыкпайт деп айтуу кыйын», — деди Минура Кайымкулова.

Жергиликтүү тургун Муратали Акматовдун айтымында, аталган аймакта бала бакчага баруу үчүн кезекте турган 300дөн ашуун бала бар. Андыктан жергиликтүүлөр «Ош» эл аралык аэропортунун балансындагы көп жылдан бери жабык турган 3 кабаттуу бала бакчаны мэриянын балансына өткөрүп, иштетип берүүнү суранып жатышат.

«Бул жабык турган имарат «Ош» эл аралык аэропортунун балансында. Атайын балдар үчүн бала бакча катары курулган, 3 кабаттан турат. Ушул маселе боюнча Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ачык акционердик коом менен сүйлөшүп, биздин неберелерибизге, балдарыбызга бала бакча кылып ачып берсе жакшы болот эле. Азыркы бала бакчада 140тай бала бар. 300дөй бала кезекте турат. Канча деген ата-эне балдарын бала бакчага бере албай, жеке менчик бала бакчаларга ташып жүрөт. 5-6 күндөн кийин чечилет дейт. Биз ага анчалык деле ишенбейбиз. Эми бул бир нече айга созулат окшойт», — дейт Акматов.

Ал эми «Жоогазын» бала бакчасынын жетекчиси Айжаркын Жеңишбек кызы бала бакчанын ичинен 2 метрдей жылан чыкканын тастыктады. Аны тарбиячылар бала бакчанын коридорунан көрүшкөн. Бул окуя балдар уктап жаткан убакта болгон.

«Эки жума мурда коридордон жылан чыкты. Мен дароо билим берүү башкармалыгына кат менен кайрылдым. Ошол эле күнү залалсыздаруу үчүн бизге кызматкерлерди жөнөтүштү. Алар балдар кеткенден кийин заласыздандырып, кычыктардан бери дарылап кетти. 2-3 күндөн кийин тазалоо керектигин айтышты. Биз 2-3 күндөн кийин тазаладык. Тазалап жатканда көз жүгүрткөнбүздө эч нерсе жок эле. Бир жумадан кийин келип карасак, өлгөн жыландын балдары чыкты. Тайпадан 1 даана, коридордон 2 даана бала жылан чыкты. Биз сестенип, жетекчиликке кайра бардым. Кайра залалсыздандыруу үчүн адамдарды жиберишти. Экинчи жолу дагы дарылады. Алар «Дагы дарылай албайбыз, себеби балдарга, иштегендерге зыян болуп калышы мүмкүн» дешти» , — деди бала бакча директору.

Бала бакча жакынкы күндө кайра ишин баштайт деген менен анык күнү белгисиз. Ал үчүн жыландары жок кылуучу атайын адистерге кайылуу зарыл. Мындай адистер Бишкекте гана бар.

Аталган бала бакчанын имараты 1987-жылы курулган. Учурда төрт тайпада 160 бала тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE