Пример HTML-страницы

Кең пейилдик бакыт 2 болум

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кең пейилдик бакыт 2 болум

 

— Акчаны эмес, мен мындай жумушту аткара албайм деп жатам.

— Ийи, кайсы ата-энең сен үчүн ыйлап калмак эле, кетсе бир башың кете берет да, кайсы күйөөрүң калып жатты эле? — деп мазактай күлдү Мелис.

— Байкап сүйлө, ата-энем үчүн эмес өзүм үчүн ак жашашым керек.

— Эй келесоо, бу жашоодо акча, дүнүйө болсо адамсың, болбосо сенин көчөдөгү иттен айрымаң кайсы ыя?

— Мен адал эмгегим менен табам, — деп кабинетти тарс жаап чыгып кетти Мырза, ал чыкканда Акберди жумуштан бошоп кетип жаткан.

— Мырза, сага эмне болду? — деди ал.

— Мен жумуштан кетип жатам, — деди ал көңүлсүз.

— Эмнеге?

— Ошондой, — Кол шилтей басып кетти, Акберди аны унчукпай узата карап турганда Мелис чыкты.

— Тим кой аны, ачка калып атасын тааныганда өзү келет.

— Мелис, ага эмне болду, мындай кылганың туура эмес.

— Эй сен өз ишиңди бил да бара бер! — деди Мелис.

— Болуптур, мен дагы иштен кеттим, — деген Акберди Мырзанын артынан жете келди, — Мен дагы иштен кеттим.

— Эмнеге? — Мырза ага таңгала карады.

— Сендей жумушчуну кармай албаса ага мендей жумушчунун эмне кереги бар?

— Койсоңчу, — Мырза кайдыгер басып жөнөдү.

— Мырза кайда барасың, жүрү бир кафеден чай ичели.

— Ичсе ичели, — Экөө кафеге киришти, көпкө отурушуп сыра ичишти, шашлык менен пиво ичип отуруп караңгы кирип кетти, бир кезде Акбердинин чөнтөк телефону чырылдап калды:

— Ало, апа азыр барам, ооба кабатыр болбоңуз, — деп өчүрдү.

— Сени бирөө кабатырлана күткөнү кандай жакшы, — деди Мырза оор улутуна.

— Бирок слишком болуп кетет, кайдасың качан келесиң дей берет, — Акберди күлүп койду.

— Менин андай адамым болсо бир мүнөт да кабатыр кылбай жанында болмокмун, анткени мен жакын адам кандай экенин билбейм, эненин мээримин, ата камкордугун көргөн адам кандай бактылуу, — Сырадан жутуп алды, — Мелис туура айтат, менин өлгөнүм, тирүүлүгүм кимге маңыздуу, баары бир эмеспи, — Кыжырлуу каткырып алды.

— Ал эмнеге антип айтат?

— Ошондой досум, анын телегейи тегиз, кемчилдиги жок, кандай десе жарашат, мендей өлсө кунсуз, сатса пулсуз адамга кайда болсо баары бир эмеспи!

— Мырза, адамдар жашоого бирдей келгенден кийин укугу да бирдей укуктуу болууга тийиш.

— Жаңыласың досум, — Мырза ойлуу сыраны тегерете карады, — Төрт тарабым кыбыла, кайда барсам Мамайдын көрү дегендей, бараар жерим да жок.

— Андай болсо менин үйүмө барасың, ансыз дагы мен жалгыз баламын, толгон бүлөөбүз жок, сен менин иним болосуң, — Акберди аны ийинге таптады.

— Ата-энең мени кабыл алмак беле, кой досум өз жолубуз менен болгонубуз жакшы, — деп Мырза ордунан турду, — Эртең жумуш издешим керек.

— Экөөбүз тең издейбиз.

— Оюнду кой, өз ордуңда иштей бер ээ? — Күлө карап чыга жөнөгөндө Акберди анын артынан кошо чыкты:

— Мен сени менен бирге барам.

— Кайда?

— Сенин жашооңо.

— Түшүнбөдүм, — Мырза аны түшүнө бербей карады.

— Сен кайда жашасаң ошондо барып жашайм.

— Жомокту айтпа Акберди, — Мырза бул жолу аны атынан атады, ал ар дайым досум деп сүйлөөчү, — Сени ата-энең күтүп жатпайбы?

— Күтө берсин.

— Оюн кылбачы, мен бүгүн батирдемин, эртең төлөй албай калсам башка жакка…

— Мен дагы сен көргөндү көрөм, иш издеп бир жерден иштейбиз.

— Акберди, кел мындай сүйлөшөлү, сен бүгүн үйүңө бар, — деди Мырза жаш баланы алдагандай жылмая, — Эртең телефондо сүйлөшөбүз, мен жумуш тапсам сага айтам, сен тапсаң мага айтасың жарайбы?

— Болбойт, азыр сен меникине же мен сеникине, — Акберди көгөрүп алды, экөө жолдо турган отургучка көчүк басты, үнсүз көпкө отурушту, Акбердини караган Мырза башын чайкап койду, жүзүндө жылмаюу пайда болду, анын бул турушу атасына бирдемени алдыра албай таарынган бала тариздүү эле.

— Кеттик, кайда барабыз? — деди анан.

— Маршруткага отурабыз, — Акберди карап туруп келип токтогон маршруткага отурду, Мырза жанында, экөө бийик, жаңыча салынган эки кабат заңгыраган тамга келип дарбазадан кире бергенде балпайган ак жуумал аял көрө коюп жетип келди.

— Каралдым десе, жүдөп кеттиң, иштебей эле койсоң болмок, — деп үйрүлө түшүп эбелек боло Мырзага көңүл бурган дагы жок.

— Апа, бул менин иним болот, мындан ары сиздин балаңыз, аты Мырза, — деди Акберди апасына жылмая карап.

— Эмне дейсиң? — Тоту уулун таңгала карап Мырзага бурулду, — Келе гой уулум, үйгө киргиле, жай сүйлөшөлүчү.

— Саламатсызбы? — деди Мырза адеп сактап.

— Саламат айланайын, жүргүлө үйгө.

— Атам келе элекпи?

— Жок, келет да, — Ээрчише үйгө киришкенде Мырза айландыра карап кире бериш жерин дворецке окшоштурду, полу жалтырайт, ар бир үстүңкү шыптарында жаркыраган люстралардын жарыгы үй ичин ого бетер кооздоп ар түркүн мебелдер, ортодо гезиттер тура турган айнек үстөл, андан ары чет элдик мебелдер менен курчалган тамак иче турган үстөл, Акберди таңыркай туруп калган Мырзага:

— Кел Мырза, отур бул жерге, — деди өзүнө карай чакырып.

— Жарайт, сен айткандай болсун, — Мырза келип анын жанына отурду, — Мындай үйдө жашасаң жумуш иштөөнүн не кереги бар?

— Ээ иним, муну жай сүйлөшөбүз, алдын ала тамактаналы, — Акберди күлүп койду, аңгыча Тоту келип отурду, анын артына семиз этти табакка көтөрүп кызматчы аял келди, андан соң плов алып келди, мындай сыйды, чүйгүн тамакты көрбөгөн Мырза канчалык таңгалып турганы менен адеп менен тамактанып бүткөндөн кийин Акберди аны үстүңкү кабаттан бир бөлмөгө киргизди, — мындан ары сен ушул бөлмөдө турасың, — деди.

— Досум, сен мени туюкка камап койдуң, же туушкан болбосок, сени бетиме кармап бул үйдө туруп алганым болбос, бүгүн падышадай эс алууга болот, — деп Мырза күлүп койду.

— Сен эми ушул жерде болосуң, мага бир тууган да, дос дагы болосуң, эгерде окугуң келсе окуйсуң уктуңбу? — деп Акберди аны укпай чыгып кетти, Мырза чалкасынан түшүп диванга жатып алып ойлонуп жатты: «Менин жетимдикти баштан өткөргөн ачуу жашоомдо бул күндү элестеттим беле, ар убак келгендерди үмүттүү карап, менин дагы ата-энем келип калса кандай жакшы болот эле, деп жүрүп чоңойдум. Керебет, ашкана анан окуу бөлүмү, андан мектепке, анан кайрадан жатак бөлмө, ойноочу жай… Андан башка эмне көрдүм, тентектик кылганда тарбиячынын шапалагы, ачуу тили, жазалап кээде тамак бербей койчу мүнөттөр. Бир жолу тентектик кылганда ага түшкү тамакты бербей уктоого киргизип койду, ошондо Узак деген бала нан катып келип бергени эсине түштү», — деп ойлонуп жатып уктап кетти, бул учурда Акберди апасына Мырза жөнүндө түшүндүрүп айтып берди:

— Кыскасы анын эч кимим жок деп капаланганын уккум келбейт апа, аны өзүңүзгө тартып өз балаңыздай көрүңүз. Мырза абдан жакшы бала.

— Балам, балдар үйүндө өскөндөр кекчил болушат деп укканмын, бирөөнүн жакшы жашоосу ал үчүн терс көрүнөт, анын бактысын тартып алгандай башка адамдарды жек көрүп өч алгысы келет дешет балам.

— Апа, Мырза андай бала эмес, ал боорукер бала, абдан кичи пейил дагы, балдар үйүнөн чыкканына эки ай гана болуптур, биздикинде жүрө берсинчи, мен аны ини кылып алам, — деп Акберди апасына жалдырай суранды.

— Сен атаңдын кебин укпай иштеп алдың, ал сага таарынып жүрөт, окууга тапшырып окусаң болмок балам, бирок бул сунушуңду атаңсыз чече албасымды билесиң да.

— Билем, кандай дагы болсо атам менен кеңешип чечиңиз апа, — деди да Акберди уктоочу бөлмөсүнө кетти. Тоту ойлонуп калды, ал өзү дагы жалгыз кыз эле, атасы бардар жашачу, көзү өтүп кеткен, апасы менен бир туугандары тез-тез катташат, апасы Сайра колунан баары келген уз аял. Кызына тез-тез келип кабар алып турганга Тоту дагы көнүп калган, баласынын оюн адегенде апасына кеңешмек болду. Ошол учурда Акмат Исманович келип калды.

— Уулуң келдиби апасы?

— Келген атасы.

— Ал салпаяк дагы деле өз оюнан кайтпай жатабы?

— Ошондой го… Аа-а баса эми анын тынчын алба, бир дос баласы менен келиптир…

— Кайдагы дос баласы экен, өзүнө окшогон салпаяк болуп жүрбөсүн?

— Койчу атасы, Акым андай балдардан эмес, өзүнө ишенген акыл-эстүү жакшы балдар менен жүрөрүн билесиң го? — деп жойпулана күлүп ашкана жакшы карады, — Ээ Гуля, алып кел тамагыңды!

— Жарайт эжеке, азыр алып барам.

— Жок апасы, тамагыңа ыраазымын, кардым ток убара кылба, — деп Акмат туруп уктоочу бө лмөсүнө көтөрүлдү.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE