Пример HTML-страницы

Ч.Айтматовдун чыгармасындагы каармандардын скульптуралык экспозициялары сейил бактын көркүн ачты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧолпон-Ата шаарында орун алган Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы залкар жазуучунун чыгармасындагы каармандардын скульптуралык экспозициялары менен толукталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, скульптуралык экспозициялары жасоо долбоору сүрөтчүлөр союзунун скульптура бөлүмүнүн демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып, 2023-жылы башталган. Жаз мезгилинин келиши менен атайын комиссиялык сынак өткөрүлүп, тандалган 20 скульптордун иши кызуу башталган.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы 20 каармандын таштан чегилген элестери эми Чолпон-Ата шаарынын көркүнө көрк кошуп, аны менен катар залкар жазуучунун кайталагангыс чыгармаларын даңазалап түрат. Скульпторлордун симпозиумунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдоого алып, 5 млн акча каражатын бөлүп берген. Жасалган бул ишти Чолпон-Ата шаардык мэриясы да колдоого алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE