Пример HTML-страницы

ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨНДҮН ОРДУНА КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨГӨ УЗАТПАГАНГА ӨКҮНӨМ…

https://kyrgyzcha.site/?p=55608&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨНДҮН ОРДУНА КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨГӨ УЗАТПАГАНГА ӨКҮНӨМ

____🦋____

Окшош, үндѳш, үзѳңгүлѳш тагдырлар ого эле кѳп. Бири-биринен айырмасы, тагдырдын каарманы абалдарды кандай кѳтѳрѳ билип, кантип жеңгенинде же жеңилгенинде. Бүгүнкү каарманыбыз ѳткѳн санда жарыяланган “Таарыныч” аңгемесинен улам бизге кат жазыптыр. Эмесе, баарын ѳзү баяндап берсин. — Жаштыгым СССРдин берекеси тѳгүлүп турган маалга туш келди. Бекер окуу, белен аш, беделдүү ата-эненин уулу болуп кыйынчылыкты сезген жокмун. Окууга дилгир, чыгармачылыкка жакын элем. Калем жорголотуп калмайым да бар эле. Кийин турмуш шары менен калем кармабай калгам. Бирок жаштыктагы адат калбайт окшойт, карылыкта кайра китеп, гезитке жакын болдум. Ары азыр менин колумдан тынч отуруп китеп окуп, гезит барактагандан башка эч нерсе келбейт. Жума сайын кызыма мезгилдүү басылмалардын болгонун алдыртып окуйм. Арасында сиздердин гезит да бар. Анда ѳгүнү басылган аңгеме эчак унутуп, колума эп келбей калган калемди кайра карматты. Мени ойго салып, катамды кѳзгѳ сайып кѳрсѳткѳн аңгеме сыяктуу менин баяным да бирѳѳгѳ сабак болор деген үмүттѳ жазып отурам. Кеч болуп кала электе сабак болсо андан жакшы эмеспи. Бала-бакырамдын эч кимисине байкатпай таксиден жѳнѳттүм. *** Жубайымды алып качып алганга башында бой салбай, кыр кѳрсѳтүп кыйнап жүрдү. Уулубуз тѳрѳлгѳн соң тагдырына баш ийип калдыбы же балабызга болгон сүйүүсү менен мени да жакшы кѳрүп кеттиби, жашообуз сонун болуп кѳркүнѳ чыга келди. Удаа кыздуу болдук. Ушундай телегейибиз тегиз маалда заман алмашып, кыйын учур башталды. Бирок ата-энем башынан чоң кызматтарда иштеп, болор ишти алдын ала боолгогон адамдар болгонго, ал кез мага анчейин кыйынчылык алып келген жок. Жеке менчик жайларга ээлик кылып, анан акырындык менен сооданын кѳзүн таап кеттим. Кырктын кырында кенже уулум тѳрѳлдү. Чынын айтайын, бирок анын бойго бүтүшүнѳн баштап жарыкка келгенине чейин мени кызыктырган жок. Ал турсун тѳрѳт үйүнѳн чыгарып келгенге да кош кѳңүл карап, ата-энемди жиберип койдум. Кийинки балдарга ушинтип салкын карап калат турбайбызбы деп ѳзүмдү алдаган менен такыр башка себеби бар эле. *** Набида менин соода ѳнѳктѳшүм эле. Тегинде ар кошкон улуттун каны бар жаш сулуу жүрѳк оорума айланды. Бассам-турсам эсимден кетпей, ар шылтоону айтып айланчыктай баштадым. Ѳзүмдүн ѳзгѳрүүм ѳзүмѳ айдан ачык билинип турганына карабай сезимиме баш ийип бердим. Үй-бүлѳм тууралуу акыл калчап ойлонуу ар качан мага оор болуп баратты. Андыктан аларга тамак-ашын камдап берүүнү гана калтырып, калган жоопкерчиликтин баарына кол шилтеп салдым. Анткени бул маалда Набида да мага каш кагып калган эле. Ага жагынуу үчүн кызын бакчага, бала багуучуга тызылдай ташып, колуна таттуу карматып, башынан сылап жүрдүм. Убакыт кѳз ачып жумганча ѳтүп, кичинекейим мектепке жарап, улууларым жогорку окуу жайга тапшырып калышты. Дал ушул маалда Набида кош бойлуу экенин айтып, мамилебиздин ойноштуктан олуттуулукка ѳтүшү керектигин талап кылды. Мен аны чын эле жакшы кѳрчүмүн. Азыр ойлосом аны ушунчалык баш айланып сүйгѳнүмдѳн аялымдын кѳз жашын, жалынып- жалбаруусун чымын чакканча да кѳрүп койбогон экенмин. Анан сүйгѳнүм мага кош бойлуулугун айтып турса кантип андан балалуу болгум келбесин. Никеге туруп, бир бѳлмѳлүү үй алып берип салдым. *** Бул жаңылык аялымдын кулагына жеткен экен. Кезектеги учурашууга үйгѳ барсам буркан-шаркан түшүп ыйлап, ачууланып ызы-чуу салды. Сооронор түрү жок. Балдарым келсе андан да катуу согуш болчудай. Артымды карабай жѳнѳп кеттим. Эки күн ѳтпѳй аялым Набиданын үйүнѳ коңгуроо кылып, үйгѳ чакырды. Олуттуу кеп бар дегенинен бардым. Кызым турмушка чыгам деп жаткан имиш. — Азыр жаш, эми эле 2-курс. Окуусун бүтүп алганча коё турсун,- дедим дароо. — Сүйлѳшкѳнү менен убадасы бекип калыптыр. Кызыңдын токтоор түрү жок. — Токтобогондой ошончо эле эрсиреп калыптырбы? Окусун деп жатпайынбы? — Кыз балага да атасы ушинтип айтабы, башы жок! Сенчи, элүүгѳ чыгарыңда катынсырап сен эмне болдуң? — Мени менен ишиң болбосун! — Балдар бой тиреп, эми алардын жакшылыктарын кѳрѳрдѳ жаш катындын этегин кармап кеттиң. Тыйылмак тургай ашынып кетериңди мурда билсем сенден эчак кол үзмѳкмүн. Ортодо балдар турат, эсине келер, этегин жабар деп билмексен болуп жүргѳнүмчү. Антпей эле ата-энеңди баш кылып кызматташтарыңа чейин абийириңди ачып туруп айдап жолго салбаптырмын да. Акмак… – Аялымдын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. Жѳн койсом токтоор түрү жок. — Сен мени минтип коркута албайсың. Ажаанданба. Билсең мен бала күтүп жатам. Дагы ата болом. Андыктан азырынча мага жомок токуп, жолтоо болбой тур. Чынында, жакшы окуп, түз жүргѳн кызым тез эле турмушка чыгам деп чыгарын ойлогон эмесмин. Мага дагы деле кичинекей сезилет. Андыктан мунун баары аялымдын амалданып жатканы, кызганыч, ичи тардыктан ойлоп табуусу деп ойлодум. Чыгып баратсам кызым короодо ыйлап отуруптур. Биздин урушту угуп калганын түшүндүм. Кантсе да канымдан жаралган балам да, кѳз жашына чыдабай, жаман болуп кеттим. — Кызым… Эмне ыйлайсың?.. — Анан күлѳйүнбү?! Атам аял алып бошобой, менин тоюм болбой калды деп айтамбы эми? — Кызым, түшүнчү… — Качан болбосун биз сизди түшүнүшүбүз керек. А сиз бир жолу бирѳѳбүздү түшүнүп койдуңуз беле?! Кызым ыйын баспаган бойдон үйгѳ кирип кетти. Артынан барган жокмун. Кантсе да бул маселе мени кыжалат кылып койду. Бирок ой токтотуп чечим кылганга колум тийбей жатты. Иш менен алышып, күн ѳткѳн сайын кош бойлуулугу кыйын болуп бараткан Набида менен убара болдум. Бир чети аялым да, кызым да кайрылып бул маселени кѳтѳрбѳгѳндүктѳн мен да жѳн койдум. *** Буйрук экен, кѳптѳн күткѳн наристем жарыкка ыйлап түшпѳй, бул жашоону кѳрбѳй калды. Убакыт дарылап, ал учурдун кыйынчылыктарын да жеңдик. Улуу уулум үйлѳнүп, тоюна чакырды. Аялым аргасыздан гана мени менен аны-муну кеңешип, куда-сѳѳк алдында ээрчишип жүргѳнүбүз болбосо, заарын чачып турчу болду. Бирок анын бул аракеттери менин кылымды кыйшайта албайт. Кызым болсо баягы чатактан кийин катуу таарынган. Эл кѳзүнѳ учурашканы болбосо сүйлѳшпѳйт, коштошпойт, тоготпойт. Энесинин тилине кирип жүрѳт деп жайына койдум. Эң кичүү уулум экѳѳбүз ынак болдук. Мени ушул гана туура түшүнѳт. Болгон жаңылыгын бѳлүшүп, абалыма кызыгып, кеп-кеңеш сурап калат. Эки аялдын эки эсе санаасы акыры ден соолугума кедергисин тийгизди окшойт. 57 жашымда инсульт алып, катуу жыгылдым. Бир ыптам кыймылдан калып кароого муктаж болуп калдым. Набида үчүн кыйынчылык туудуруп жатканыма зээним кейип, ага боорум ооруйт. Жатканыма эки айдай болуп калган эле, бир күнү опур-топур болуп уулдарым кирип келишти. Набида сыртка чыгып кетсе керек, кѳрүнбѳйт. Балдарымды дасторконго чакыргым келип, бирок ѳзүм ага жарабай, аялым да жок болуп кеткенине кыжалат болуп турдум. Аңгыча кичүү уулум кийим-кечемди жыйнай баштады. — Кийимдери менен дарыларынан башка эч нерсесин алба,- деди ага улуусу. — Эмне болду, балам? Кайда? — Үйгѳ… – Улуусу кабак чыта корс этти. Кичүүм кичинесинен жароокер: — Ата, үйгѳ эле барыңыз. Сизди ѳзүбүз эле карайлы. — “Атаңарды алып кеткиле. Абалы жаман. Бир балээ болсо мени күнѳѳлѳп жүрбѳгүлѳ” деди деп ачык эле айтпайсыңбы? — Ким антти? – Акылым чагылгандай тездик менен “Набида” деп турса да анын атын булгагым келбей суроо салдым. — Ким болмок эле?.. Кимдин үйүндѳсүз азыр, ошол. — Байке, болду опурула бербечи. Ооба, ата, алып кеткиле дегенинен келдик. Сизди ѳзүбүз эле сонун карап алабыз. Капа болбоңуз. Набида мени узатып да койбоду. Заманам куурулуп эки уулумдун жетегинде үйгѳ келдим. Кызым менен келиним тѳшѳк салып, дары-дармектерим менен кийимдеримди иретке келтирип жүрүштү. Аялымды дасторкон үстүндѳ гана кѳрүп жаттым алгачкы күндѳрү. Эки уулум эки жагымда болуп турушту. Андан кийин аялым мага кѳнѳ түштүбү же балдарым мени кароодон чарчадыбы, айтор, аялымдын кароосуна ѳттүм. Алгачкы келгендегимдей түнѳрбѳсѳ да, кабагы ачык эмес. Ал деле ооруп жүргѳнүн, маал-маалы менен дары ичип, баскандан жатканы кѳп болуп калганын эми байкадым. Байкаганым курусун, андай абалын билип, акылым жеткен сайын башым жерге салаңдап, тилимди жуткандай сѳздѳн калдым. *** Оорулууну буттан тургузчу дары эмес, жакшы кароо болот экен. Маалы менен туура тамак ичип, дарыларымды сааты менен кабыл алып, жылуу, тынч үйдѳ жатышым мени жакшы кылды деп ойлойм. Убакыт ѳткѳн сайын жакшы болуп бараттым. Баштагыдай болбой дасторкон үстүндѳ сүйлѳшүп отуруп, жан дүйнѳм жеңилдеп калды. Набидага болгон таарынычым да таркай түшкѳнсүйт. Бир басып келер бекен деп, кийин жок дегенде бир чалып абалымды сурар бекен деп тымызын күтүп жүрдүм. Бирок андан кат да, кабар да жок. Акыры мен ага деним соо, акчалуу кезде гана керек болгонумду түшүнүп, шуу үшкүрүп кала бердим. *** Улуу балам башынан эле ѳз алдынча кеткен. Кичүүм эл агымы менен чет жерге иштеп кетип, кайтып келе албай жүрѳт. Башка жактын кыныгын алган адам артка кайрылгысы келбей калат окшобойбу. Үйдѳ үчѳѳбүз турабыз: мен, аялым, кызым. Менин киримди жууп, тамагымды жасап, дарымды берип ден соолугума караган кызым. Энесине жѳлѳк-таяк болуп сыртты да, ичти да тейлеп жүрѳт. Анын алдында ѳзүмдү ар убак күнѳѳлүү сезип келем. Акылсыз жаным апасынын кебинен бекер шек санап, кызымдын жакшылыгын бекер токтотуптурмун. “Темирди ысыгында чап” деп, ошол кезде кызыма бир кайрылып, акыбалын сурап койбогонума катуу ѳкүнѳм. 30га чыкса да турмушка чыкпай ата-энесинин төрүндө отурганына ѳзүмдүн күнѳѳлүү экенимди билип, жети ѳмүрүм жерге кирет. Жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, сезим дей бербей акыл менен да эсептешиш керектигин баарына кеч болгон соң билип отурам. Бармак тиштеп отурам.

Ѳз акылың жетпей калган кезде башкалардын акыл-кеңешин уга билүү да акылмандык тура.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE