Пример HTML-страницы

Лейлек районунда милициянын участкалык пункттары курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун чек ара аймактарында милициянын участкалык пункттары курулууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын Булак-Башы жана Раззаков шаарынын Ак-Босого айылдарында милициянын участкалык пункттарынын курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Бул иш-чарага Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Лейлек РИИБдин жетекчиси Кожобек Козубаев жана Ак-Босого, Булак-Башы айылдарынын тургундары катышты.

Бул аймактык пункттар заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын өкүлүнүн иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулат.

Жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта бардык шарттар түзүлүп, Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына тактап айтканда, 2024-жылдын 1-ноябрына курулушу бүтүп, ишке берилүүсү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE