Пример HTML-страницы

Толгонай Кубанычбекова гобелен аталышындагы француз килемчелерин токуп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну Толгонай Кубанычбекова окуудан сырткары жаңы өнүгүп келе жаткан кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп, француз килемчелерин токуп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен 2004-жылы 9-апрелде Ысык-Кѳл районундагы Ананьев айылында тѳрѳлгѳм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. 2010-2021-жылдары Кѳк-Дѳбѳ айылынын Ш.Эсеналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде окугам. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы кыска мѳѳнѳттүү курстарда окудум. 2023-жылы Каракол шаарындагы жогорку жайлардын биринде педагогикалык факультетинин кѳркѳм-сүрѳт кошумча эмгекке үйрѳтүү профили менен адистигине сынактык негизде ѳткѳм. Кичинекей кезимен эле кол ѳнѳрчүлүккѳ кызыгып, ой-кыялдарымды искусствого айлантуу башкы максатым болуп калган. Азыр 1-курстун студенти болгонума карабастан, кѳп жылдык тажрыйбасын таланты менен айкалыштырган агай-эжейлеримен кол ѳнѳрчүлүктүн түркүн сырларын үйрѳнүп жатам», — деди ал.

Учурда Толгонай декоративдик колдонмо-искусствосунда кѳркѳм ѳнѳрчүлүктүн бири түрү гобелен эмгектерин жасоодо.

«Гобелен дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку кѳркѳмдүк сапаттагы кол менен токулган француз килеми. Татаал кѳркѳм сүрѳттѳр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар гобелен деп аталат. Гобелен 2 же 3 катмарлуу түзүлүштү пайда кылуу үчүн кайчылаш жиптер аркылуу жаралган оюм-чийимдүү бышык кездеме. Гобелен Кыргызстанда жаңыдан чыгып келе жатканына байланыштуу суроо-талап чоң. Биздин коңшу мамлекеттерде, Казакстанда, Россияда абдан жакшы ѳнүккѳн. Алардын иштерин кѳрүп, биздин мамлекетте дагы жакшы бир деңгээлде ѳнүктүргѳнгѳ салымымды кошкум келет. Мурда офистерде, үйлѳрдѳ интерьерге басым жасашса, азыр гобеленге болгон суроо-талап кѳбѳйдү», — дейт ал.

Толгонайдын айтымында, бул өзгөчө эмгекти жасоого рамка, жиптин түрү колдонулат.

«Эмгекти жаратууда жиптердин түрлѳрүн колдонобуз. Бирок негизи ак жип болушу керек. Гобеленди баштардан мурда эскиз түзүп алуу зарыл. Ошондо сүрөт даана жана так түшөт. Ал эми тыгыз, текши болуш үчүн вилка колдонобуз», — дейт ал.

Бош убактысында сүрѳт тартып, музыка угуп, гафриль жана лентадан гүл жасап, чий чырмап келет. Ал сабак берген мугалимдеринин жолун жолдоп, келечек муунду жаңы нерсеге үйрөткөн педагог болсом дейт.

«Университетке келгенге чейин белгилүү деле бирѳѳнү кумир тутчу эмесмин. Убакыттын ѳтүшү менен мага билим берген, тажрыйбасы менен бѳлүшкѳн, билгенин жан дили менен үйрѳткѳн агай-эжейлеримдин эмгегине ыраазы болуу менен бирге мен дагы ѳз билгенимди кийинки муунга үйрѳтүүнү максат кылып койдум. Университетти ийгиликтүү аяктап, ѳз кесибимди мыктысы болууну ниет кылам», — дейт ал.

Учурда Толгонай Каракол шаарында, окуу жайында өткөн масштабындагы тематикалык кѳргѳзмѳлѳрүнѳ катышып келет.

«Көргөзмөлөрдө тургундар келип, абдан кызыгышат. Бул ыкманы кайдан, кантип үйрөнгөнүмдү сүрашат. Буюрса, жеке персоналдык кѳргѳзмѳмдү ачууга максат кылып жатам. Андыктан талбай гана эмгектенүү керек», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE