Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш… 2-бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш… 2-бөлүм

 

Жаны жыл майрамынан 1 жума мурун суроомо куткон жообумду алдым. Ал мени достору менен чогуу майрамдачу кечеге чакырды. Толкунданганымдан улам бул бир жума кантип отоорун ойлоно албай турдум. Магазинден магазин кыдырып жарашыктуу кийинуунун аракетинде журдум. Жыл сайын салтка айланган уй булолук майрамыбыздан четтеп, бул жаны жылды келечекте куруучу уй буломдун жанында тосом деп кыялданып жаттым. Ал куну эшигимдин алдынан алып кетти. Адаттагыдай джентельмендиги менен мага эшик ачып отургузуп, «Бугун озгочо сулуусун» деди жылмая. Мен анын ата-энеси менен таанышчудай болуп толкунданып, суроолоруна кыска жооп берип бара жаттым. Кече 8дерде башталып конулдуу уланып жатты. Достору ото жылуу кабыл алып, бат эле коно туштум. Бирок, Мээрим аттуу бийкечтин кыймыл аракети мени ойго салып койду. Суйуктуумдун жанынан чыкпоосу , аны берилип карап, кулагына шыбыроосу кадимкидей кызгандырып кабагым туйуло тушот. Ал кызга менин жактырбашым жага берди корунот, алыстоонун ордуна тескерисинче жанынан чыкпай отурду. Жай гана уруксат сурап,уборныйды коздой бет алдым. Ачууланганымданбы же ысыктанбы эки жузум албырып чыгыптыр. Муздак сууга колумду салып,озумду кузгудон тиктеп копко турдум. Чон адамдарын жанында жаш баладай кызганып жиним келгени учун озумду жемелеп жаттым.

 

 

Бир аз озумду жоошутуп чыга бергенде ал мени кутуп туруптур. «Жакшысынбы? Копко жоголуп кеткендиктен кабатырландым» ,-деди чын эле жалооруй карап. Жинимди чыгаргым келдиби же ажыкыстыгым кармадыбы айтор какшык аралаш «Мээрим жанында турса эмнеге мени ойлондун?» ,-дедим. Ал алгач тушунбой карап калды да, бир аздан андап жетти корунот :»Мээрим балалык чагымдан бери жанымда. Аны ойлонсом сени менен таанышпайт болчум»,-деди. Кайра айткан созумдон уялып кеттим. «Мен уйго кетейинчи. Озумду жакшы сезбей турам»,-дедим. «12 ни кутчу, аз калбадыбы. Андан кийин сени жеткирип, андан ары озум кетем уйго»,-деди алгачкы жолу белимден кучактай басып. Анын алгачкы жолу кучагында баратканыма ансайын эки жузум албырып, Мээримди коз кырым менен карап табалап да, бакытыма балкып да турдум ошол муноттордо. Саат 12 ни какканда эшикте салюттардын жарыгын тиктеп турдук. Ал мени аркамдан кучактап, кулагыма «Биз бул жыл сен каалабасан- кааласан да бирге болобуз», -деп шыбырады. Мен аны жылмайып карап «Бул жылы элеби?»,-десем «Сен кааласан туболукко» ,деди. Ааламда экообуздон башка жан жоктой кубанычымды жашыра албай анын кучагынан чыккым келбей турдум.

 

 

Былтыр ушул убакта деп ойлондум алгач, бир жыл мурда сааттын жебеси 12ни какканда уй булом менен бака-шака болуп жатканбыз. Эшикте так ушинтип салюттар атылып жатканда атам мени бооруна кысып:»Биринчиден ден соолук,экинчиден ак жоолук дейт кызым. Жашын да келип калбадыбы, жашоодо жолок болчу тирегинди тап бул жылы»,-деп айтса ,мен кабагымды туйуп:» Менден кутулгунуз келип калган го» дедим эле. Анда атам адаттагыдай шандуу каткырып: «Кааласан тапкан адамын менен экоонорду чогуу багайын. Биз башка, ал адамдын орду башка болот»,-деди эле. Атамдын тилеги орундалды окшойт деп ойлодум эн алгач. Кайра экообуз жетелешип ичкериге кирсек достору тамашалап: «Ромео менен Джульетта копко жоголду го» деп калышты. Биз кирээрибиз менен шампан аттырып, бири-бирине каалоо-тилектерин айтып жатты. Тек гана Мээрим элден оолакта терезени карап ойлуу турат. Анда менин суйуктуум «Бир аз куто тур»,-деп ал тарапты коздой басып кетти. Менин ичимди кызганыч орттоп алар тарапты тигиле карап калыпмын. Бир учурда Султан деген досу жаныма келип:» Экоосу балалык достордон. Досубуздун бугун жалгыз келбей сени менен келиши Мээримди ынгайсыз кылды корунот. Сен этибар алба»,-деди бокал сунуп жатып. Мен байкабай кылган кылыгымдан уялгандай «Мен ичпейм рахмат» дедим. Султан жанымда бир нерселерди кобурап суйлоп жатса да менин оюм такыр башка тарапта болчу.

 

Уйго жеткирип келе жатканда : «Мээримге эн жакыны сенсинби достордун арасынан?» ,-дедим. Ал жолдон козун албай ;»Баарыбыз эле жакынбыз» .

-А мага сен эн жакынындай сезилдин.

-Балким. Анын атасы каза болоордо бизге аманат кылган. Мен аманатка кыянат кыла албайм. Анын устуно ал оорукчан. Катуу ойлонуп же журогу сыгылса эсин жоготуп коет.

-Мен сени актангандай кылгым келген жок. Жон эле сурадым,-дедим озумду куноолуу сезип.

-Мээрим жакшы кыз. Болгону озумчулдук жагы бар. Балким жакын курбу болуп кетесинер,-деди мени карап.

-Балким,-дедим терезеге унуло жолду карап. Ичимден бул сунуштун эч качан кабыл болбошун билип турсам да.

Уйдун алдына келип токтогондо ,аны кутпой тушоюн десем колумдан кармады. Машинанын аркасынан кооздолгон пакет алып,» Бул сага жаны жылдык белегим.» ,-деди бетимден ооп. «Рахмат, а мен сага белек албадым», -дедим тартынбай. «Сен менин белегимсин» деди жылуу карап. Ошол учурда аны кетирбей машинада тан атканча суйлошуп отурууну кааладым. Бирок, ал мени шашып жаткандай ойлоп, машинанын эшигин ачып тушуруп, подъездге дейре узатып. киргенче кутуп турду.

 

 

 

«Эмнеге мынча токтоо? Озу мени кетишимди каалабай турса да, кал деп айтпайт? Мен анын бир эле жолу бир аз отурчу жанымда деген созуно макул болмокмун да» деген ойлор менен уйго кирдим. Уй жымжырт. Эки курбу кызым жаны жылды уй булолору менен тосуу учун кетишкен болчу. Болмого кирип белегин да ачкым келбей же бактылуу болоорумду, же кызганычтан кайгырышымды билбей копко отурдум. Ошентип жатып уктап кетипмин. Жымжырттыкты бузган ундордон ойгонуп кетсем курбу кызым мага белек кылган пакетти ачып жатыптыр. «Саат канча болду?» дедим уйкусурап.

-12

-А сен эмне эрте келдин?

-Сени жалгыз калтырбайын деп.Эмне келбесин дедин беле,-деди мени тан кала карап.

-Жок, бугун да уйундо каласын деп ойлогом.

-Бул белектин ээсин айт турган учур келди,-деди созду буруп.

-А эмне белек экен?

 

-Пакетин эле ачтым. Коробкасын сен ач,-деп жаныма келип калды.Менден да анын толкунданганын коруп, айла жок ордумдан турдум. Козумду ушалап коробканы ачканымда мынчалык озгочо болот деп ойлогон эмесмин. Балким, бир колго тагуучу саат, портмоне, браслет же ушул сыяктуу баналдуу бир нерсе болсо керек деп ойлогом. Коробканын ичинде ото кооз аппак туфлинин бироосу жана открытка бар экен. Тан калып бутпой эле открытканы ачканымда ;» Бироосун убагы келгенде оз колум менен кийгизейин » деген жазууларды окудум. Курбу кызым жан талаша мени менен чогуу окуду да, туфлини бутума кий деп кыстап баштады. Сол бутумдуку экен. Размери чак келип, бутума озгочо жарашты. Андай шок акыбалдан чыга албай копко отурдум. А курбу кызым жанымда «Биз ушул убакка чейин билбейбиз. Сен бизден кызганып жатасынбы? Болбосо айтмаксын да. Кантип оз досторуна ишенбейсин? » деп кейип жатты.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE