Пример HTML-страницы

Turmush: Ага сүйүүмдү ачыктап, кыз-жигит болуп жүрүүгө өзүм сунуш жасагам,

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну Аида Мамажунусова. Ал жолдошуна алгач өзү сүйүүсүн ачыктаганын, экинчи кош бойлуулукта күтүлбөгөн илдетке чалдыкканын жана азыркы абалын айтып берди.

«Мен 1999-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында жарык дүйнөгө келгем. Акыркы 2 жарым жылдан бери ооруп жатканыма байланыштуу Бишкек шаарында жашап жатабыз. Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейинде бычмачы адистигине окуп жатып, толугу менен аяктай албай калдым. Азыркы тапта үйдө эле отуруп, Кытайдан товарга буюртма берип иштейм.

Жолдошум Адилет Амангелди уулу менен социалдык тармак аркылуу таанышып калгам. Ал убакта жолдошум экөөбүз тең 18 жашта элек, 1999-жылкыбыз. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунан болот. Адилет ичиндегисин сыртка чыгара албаган адамдардан экенин байкап, өзүм биринчи кадам таштоого бел байладым. Же ичтеги жалындуу сезимим тынчтык бербей койдубу, айтор өзүмдүн сүйүүмдү ачыктап, кыз-жигит болуп алууга сунуш таштадым (күлүп). Биздин мамилебиз уланып, акыр түбү баш кошууга алып келди. Учурда 1 баланын ата-энесибиз», — деди ал.

Каарманыбыз жашоосундагы эң оор сыноону айтып берди.

«Экинчи балам курсагымда жатканда, менден ак кан оорусу аныкталды. Мындан улам Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жатып калдым. Көп өтпөй кесарево жолу менен баламды жарыкка алып келдим. Ал 3 саат гана жашап, чарчап калды. Кан-жаныңдан жаралган балаңдан ажыроо абдан оор экен. Жолдошум ымыркайыбызга ысым ыйгарып, жерге берип келди. Ага жаназа окулуп, аты коюлгандыктан 2 балам бар деп жүрөм. “Канча балаң бар?” деп сурашканда, дайым “2 балам бар” деп жооп берем. Аны угуп калган уулум: “1 эле балам бар” деп айтпайсызбы деп берет. Кудайым буюрса ушул оорудан айыгып, дагы да балалуу болгум келет.

“Биринчи байлык — ден соолук” демекчи, акчанын эмес, ден соолуктун кадыр баркына жетиш керек тура. Ден соолугуң болгондо гана жашоонун башка жыргалчылыктары болот экендигин түшүндүм. Ушундай оор күндөрдө колдоосун көрсөтүп, жанымдан чыкпаган жолдошума абдан ыраазымын. Мен өмүрлүк жар тандоодо адашпадым», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE