Пример HTML-страницы

Кордук 2 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40631&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀КОРДУК

2 — БӨЛҮМ

 

 

— Айтып көрбөй эле жакшылап айт, бир жылдай туруп турсун, андан эчтеке болбойт, бара турган жери болбосо бир жөн.

— Апам көнбөс бекен?

— Анда шаарда карылар үйү деген бар, пенсиясы менен өткөрүп кел, жакшы карайт.

— Эмне, карылар үйүнө, апамдыбы?

— Эмне болмок эле, сенден кыйын байлар алпарып коюшат да, өлгөндө алып келип көмүп алышат.

— Койсоңчу, Айжамал, мени ушунча багып өстүргөн энемди кантип карылар үйүнө таштайм? — деди Абсатар кыйыла.

— Анда апаң менен жашай бер!

— Айжамал, мени уксаң, экөөбүз балалуу болсок апам багып берет, зыяны деле тийбейт.

— Ушул апаңа баламды бактырганча төрөбөй койгонум жакшы эмеспи, — деп тултуңдаган Айжамал терс карап кетти. Абсатар анын таарынычын жаза албай убара. Эртең менен эрте туруп, чайын кайнатып, алдына койчу Умсунай жок, Суусаркан өзү чай коюп, жаткан төшөгүн жыйып, эшик-эликке чыгып келди. Бирок уул-келининен дайын болбоду, аргасыз эшигин такылдатты.

— Ки-им? — деди келиндин үнү.

— Түш болду, ботом, аталуу алты, энелүү эки тойгуча жата бересиңерби, кудайдын эртең мененки чачкан ырыскысынан куру калып жатасыңар, тургула болду, — деп коюп, кайра өзү жаткан бөлмөгө кирип, отуруп калды.

— Көрдүңбү, бу апаң мага күн көрсөтпөйт, тур эле тур деп, — деди Айжамал мурчуңдай.

— Койчу эми, кары кишинин сөзүнө таарынбай, — деп Абсатар аны жасакерлене тургузду.

— Мени ата-энем эч качан эрте тургузчу эмес.

— Эми сен келинсиң, аял деген келген жерине кызмат кылат.

— Сен эмне мени күң кылып алгың келеби?

— Жо-жок, жаным, мени сүйгөнүң кайсы сенин, сүйөм дечү элең го, эгерде сүйсөң тилимди ал, шартка көн, көпөлөгүм.

— Апаңды үйдөн кетирбесең, баары бир биерге турбайм.

— Аны сүйлөшөбүз эми, жүр апама чай берели, — деп Абсатар аны чай бер деп айта албай өзүн кошуп айтты.

— Күүлүү-күчтүү эле экен, өз чайын өзү кайнатып иче берет, андан көрө апаңды кетирбесең экөөбүз шаарга кетпейлиби, Аби, — деп эркелей чоюштады Айжамал.

— Койо тур эми, бир жума эле болбодубу келгениңе, — деп ээрчите сырткы бөлмөгө чыгып, жуунуп чогуу киришсе, Суусаркан өзү чай ичип отурган экен.

— Эне көргөн кыз эмес, өтүк кийген бут эмес деп тарбияң барбы, айланайын, баламды азгырып алгандан кийин мени да жакшы көр, мени да бак. Аби менин көзгө басаар жалгыз уулум, эрте туруп чай бер, — деди Суусаркан жини келе. — Эчтеке көрө элек такыячан кыз болсоң бир жөн, ачууну да, таттууну да көрүп, эшик аттап калган келиндин кериле түшкө чейин уктаганы эмнеси?

— Апа, койчу эми, турат да мындан ары…

— Ок ар-рам десе, чырактай аялыңды, чолпондой кыздарыңды ушул келинге айрыбаштадың, уят барбы сенде ыя?!

— Апа…

— Апа дебе, катыныңды ээрчит да кайда барсаң ошо жакка кеткиле! Мен сени ушундай кылып тарбияладым беле ыя?

— Апа, кечир мени, бирок Айжамал көнгүчө койо турсаң.

— Көнчүдөй беш көкүлчөн кыз беле, такымын жеп, бир эрдин башын жерге киргизип, бышып келген неме мени сенден бөлгүсү келип калган тура. Мен азыр Сейтаалыга барайын, кызын кандай кылып тарбиялаган ыя, тарбиялуу энесине өйдө карабаган баламдын башын айлантып, энеңди кетир, же биз кетели дегенин кара, — деп ордунан турду.

— Мен эмне кылыптырмын?

— Тирмиңдебе мага, эне-атаңдын көзүнчө айтам сенин эмне дегениңди, баламдын жооштугунан пайдаланып, мени кетире турган сенсиңби ыя, али андай келин туула элек! — деди да, Суусаркан кагынып-силкине эшикти көздөй жөнөдү.

— Апа, каякка барасың, жөн эле турбайсыңбы эми, — деп Абсатар апасына карады.

— Эмнеге жөн болом ыя, чырактай аялын, кыздарын кетиртип тийгени аз келгенсип энесине чабуул койгон келинди кандай аял тарбиялаганын көрөйүн, — деп жулкунуп короосунан чыкканда Айжамал Абсатарга тултуңдады:

— Апам аябай жакшы, тим эле укмуш дебедиң беле, ажылдаган энең бар тура.

— Койчу эми, Айжамал, сен барып, апамдан кечирим сурап алып кел, болбосо апам сеникине барып, ишти өлтүрөт, — деди кучактап, жаш баланы эркелеткенсип жалдырай.

— Ошондо эле келеби анан?

— Сен барып, кечирим сурасаң келет.

— Макул, бирок бир гана жолу апаңдын алдынан кечирим сурайм.

— Иши кылса барып алып кел.

— Макул, — деп Айжамал жолго чыкса кайненесинин карааны көрүнбөйт, жүгүрүп үстүңкү жолдон көрө калып, жетип барды.

— Апа, кечириңиз мени, ата-энемде эмне күнөө, күнөө менде, апа, барбай эле коюңузчу…

— Ийи, энеңди жогот дегениңди угуп отура берейинби?

— Апа, кечириңиз мени, экинчи айтпайм, жүрүңүз үйгө.

— Болуптур, мен энемин, биринчисин кечирсе кечирейин, — деген Суусаркан кайра артка кайрылды.

Айжамал сыртынан күнөөсүн мойнуна алгандай башын жерге сала жалооруй караганы менен ичинен жини келип: «Бул өлүп эле калбаса кетпейт го эч жакка, кантип кутулам, эптеп маң баш баласын алдап, шаарга алып кетип калам», — деп кемпирге кекенип келе жатты. Үйгө келгенден кийин аргасыз үй жумушун кармаламыш этип, тамак жасап жүрдү. Суусаркан дагы оңой аял эмес да: «Менин баламдын башын айланткан немени көрөйүн, же чыдасын, же артын карабай кете турган болот», — деп кадамын карап кылт этсе эле байкап турчу. Айжамал күндүз эптеп кыбырап жүрүп, кечинде Абсатардын кулак-мээсин жейт. Ошондой күндөрдүн бири, кирлерди жуубай үйүп коюп, күйөөсү экөө күңкүлдөшүп жатканда Суусаркан кирип келди.

— Ой келин, кириңди жуубай эриңди эми көргөнсүп эмне кылып жатасың ыя, илээндилигиңде чен жок экен да, өзүң билип жасай албайсыңбы, же мен жууп берейинби?

— Апа, өзү жууйт да эми, — деп Абсатар ортого түшө калганда эне уулун акырын түртүп койду.

— Зайыппана кылып өстүргөн эмесмин сени, эркексиң, балам, аялдардын ишине киришчү болбо. Кечээ келген келинче үлпүлдөйсүң турасың, апаң деги сага иш кылдырып көндүргөнбү, же арамзалыгыңбы, бир үйдүн түйшүгүн тарта албасаң ачыгыңды айт, — деди кайраттуу.

— Апа, жасап эле жатам го, — деди Айжамал тултуңдай.

— Жасаганың ушубу, кылганыңдын баары чала, дурусураак жасасаң боло бир.

— Жакшы эле жасап жатам го, апа, — деди Айжамал, ал энеси менен баласын башкарып алам, айтканымдан чыкпай турган кылып койом деп ойлогон, эми ою тескерисинен чыгып, кайнененин сынына кабылганына жини келип жатты. Эгер бир нерсе деп кайым айтса, дароо какшанган кайнене ата-энесине жетээри бышык. Атасы аны аябай катуу кармачу, бирок ата-эненин тилин уккан да, укпаган дагы балдар болот эмеспи. Айжамал ошол кеп-сөз укпагандарга кирчү. Биринчи күйөөсүнө баргандан көп өтпөй эле ал өлүп калган, киши колдуу болду. Анда дагы кайненеси: «Келип-келбей жатып баламды жалмадың, жолуң жаман экен», — деп, элүү күндүгү өтөөрү менен апасы барганда кошуп берип ийген. Абсатарга тиймек болгондо апасы: «Жакшы жүр, барган жериңе жакшылык алып келе турган бол, кызым. Артыңдан жаман сөз укпайын, кокус бир сөз уксам бул үйгө кайрылып, ата-энем деп келбей эле кой», — деген болчу. Ошондуктан коркуп калды. Өз оюнда картаң кемпирди өзүм каалагандай башкарам, Абсатар мендик болсо энесин кетиртип ийем да, өзүм билем деп ойлогон. Эми кайненеси кылган ишинен кыйкым таап турчу болду. Кээде жасаган тамагын да жактырбайт. Ушуларды ойлонуп, үйдө камыр жууруп жаткан.

— Ыя айланайын, кир жууп көрдүң беле деги, бул эмне дегениң, дегеле эчтекеси кетпептир го? — деп Суусаркан эшиктен эки шейшепти көтөрүп келди.

— Эмне болуптур?

— Эмне болду деп, кургаса кири кубараар деп илгери бир катын сууга салып, жайып койчу экен. Сен тиги Кемчонтойдун аялы Багдагүлчө чыдаса чыдасын, чыдабаса жок деп жүргөн немесиңби, деги максатың эмне ыя?

— Апа, андай оюм деле жок, — деп мукактана түштү Айжамал. Сыртта жүргөн Абсатар апасынын кайратына ичтен кубанып: «Баш ийдире турган болду, деги жакшы болду, азамат, апа», — деп кымыңдап коюп жүрө берди. Бир күнү түшкө жакын Айжамалдын апасы Асылай келип калды. Суусаркан эшикте жүргөн, атка куржундун эки көзүн толтуруп алып, короонун эшигине келип токтоп, жүк түшүрүп жаткан ким экенин боолголой басып барды.

— Келгиле, айланайын, келгиле, — деди бейтааныш аялга.

— Келдик, кудагый, Айжамалга учурашып келейин деп өзүм келип калдым.

— Келгениңер жакшы го, баланын алачыгында жесир аял, жетим бала тургансып айтпай келгениңерге жол болсун, же тосконго кудурети жетеби, жетпейби деп аяп, сынап турасыңарбы? — деди кыртышы сүйбөй.

— Апей, кудагый, жаманды ит талайт дегендей эшик-төрүңдү көрө электе кыйгачтайсыз да, же тоготуп баш алдык эле деп койбодуңар.

— Баш алдык эле деп бүгүлгүдөй баламдын башы бош эмес эле, күтүлбөгөн окуяга өзүм да не дээримди билбей турган чагым.

— Менин кызым балаңдын үйүн бузгандай болгон го?

— Албетте бузду, эки кызы менен үйгө аялын калтырып коюп, ошол жакта жүрсө бузганы ошол эмеспи.

Эки кудагый учурашпастан эле айтышып калышты. Абсатар аларды көрүп, басып келди.

— Апа, конокту үйгө кир дебейсизби?

— Ботом, кирбе демек белем, суроого жооп болду да, кир-киргиле эми, — деди Суусаркан кудагый дегиси келбей.

— Келдик, айланайын. — Асылай жини келип турса дагы кара күчкө жылмайды. — Кел, балам, буларды алып кир.

— Кире бериңиздер, — деген Абсатар башын кашый кемпирлерди бир карап, куржундарды бир карап туруп калды. Анан көтөрүп, артынан кирди.

— Бир эл, бир жер болду деп кубандык эле, кудагый, андайын билгенибиз жок, — деди Асылай кирип келе жатып. Айжамал апасынын үнүн угуп чыга калды.

— Апа!

— Кандай, кызым? — Эне-бала кучакташып калды. — Акыбалың жакшыбы, айланайын кызым?

— Жакшы, апа, жөн жай элеби?

— Ботом, баш алдык деп алдыбызга бирөө-жарым барбады, кандай болуп кетти деп, кабар алганы келдим, — деди Асылай.

— Азыр менин келин алам деген оюм жок болчу, келиндүү элем, бир эле балам бар, баш-аякты жыйгыча ушул болду, — деп Суусаркан дале моюн бербей кыйгачтап жатканда Абсатар куржунду зорго көтөрүп кирди.

— Келиндердин да колу бошобойт, өзүм учурашып келейин деп эле баса бергемин, — деп апасы Айжамалга карады. — Атаң кой союп берди эле, — деди. Айжамал дасторкон жайып, чай койду, алдастап болгон нерселерди алып келип коюп да, төгүп-чачып да жатты.

— Айжамал өзү үй тиричилигин кармап көнгөнбү? — деди Суусаркан дале кудагый дегиси келбей.

— Апей, ботом, кармап эле жүргөн.

— Кармап жүрсө азыркысын өзүңөр көрүп турасыңар, кир жууса чала жууйт экен. Эртең менен эз-зели эрте туруу деген жок, түш болгондо өзүм тургузам. Мен кары кемпирмин, эртерээк туруп чайымды берсин, жалгыз баланы не гана кылып бакпадым. Эми мен уул-келинден сый көрөмбү же карылар үйүнө алпарып таштагысы келеби, кызыңдан сурачы?

— Капырай, өтө эле кергиштеген жан экенсиз, кызым деле ата-эненин тарбиясын көргөн кыз, андайга барбайт, — деди Асылай Айжамалды карай. — Бул үйгө, кызым, тозокко айдаган күнү туш келгенсиң го?

— Апа…

— Айта бер, айланайын, чечилбеген нерсе болбойт, чырактай келинимди ушул үйдөн жакшынакай жашап жатканда томсортуп койбосо мен дагы маңдай жарыла сүйүнмөкмүн. Чырактай эки кызы атасынан ажырап калды, кантип ичим жылыйт? Эми мейли баламдын көөнү десем апаңды жогот дейт бир күнү кызың, же кызыңды кайненеңди кетирип, ээн-эркин бол деп үйрөттүңөр беле?

— Айжамал, ушунун баары чынбы?

— Апа, кечирим сурадым го? — Айжамал жер карады.

— Жалгыз баламды менден, мени андан бөлөм деп убара болбосун, эгерде андай болчу болсо, чечимди мына мен чыгарам. Каалаган жагына барсын, балама да айтамын, тынч гана эне-ата көргөн, тарбиялуу келин болуп берсе мен уруксат беремин, анан мен келиним деп кабыл аламын. Баламда да кеп бар, кана, азыр экөөң тең менин көзүмчө чыныңарды айткыла! — деди Суусаркан. — Мен карылыкка алдырып, келиндин кагуу-силкүүсүнө кабылып отуруп кала турган акыбалда эмесмин.

— Апа, — деди Абсатар нымтырай.

— Жок, балам, мен сени түшүнүп турамын, алып келе электе көп убада бергениң көрүнүп турат. Жаркылдаган келинимди кетирип тийген келин мага ошол келиндин өзүндөй болуп бере алса гана уулумдун түбөлүк жары боло алат.

— Кудагый туура айтат, атаң укпасын мындай сөздү, силер карыны кайда кетирмексиңер кокуй? Баланы тууп өстүргөн ата-эне бүт өмүрүн бала деп сарптаса, келип-келип алар баркыңды билбесе, анда балалуу болуп кереги не? — деди Асылай.

— Кечир, апа, кечиргиле…

— Кудагыйдын кийимин кирдетпей, кардын ачырбай, жакшы кара, кызым, эми эле тебетей тегеренгенче өзүңөр ата-эне болосуңар, ошондо өзүңөрдү балдарыңар дал силердей кылат.

— Кечириңиз, апа, — деп Айжамал тизелей калып, Суусаркандан кечирим сурады.

— Кел эми, кудагый, бу келиндин төрөгөн энеси кандай болду экен, кандай жердин кызы экен деп жүрдүм эле, бир айылдан болсок да бири-бирибизди жакшы билбейт экенбиз. Айжамал келгени мага кыр көрсөткүсү келди, мен мындайга моюн бербей турган аялмын. Баламды да туңгуюкка калтырбайм, алган жары өзүнө жарашып турса мен эмнеге каршы болмок элем? — деди Суусаркан жибий.

Асылай ичинен жаман көрүп турса дагы сыртынан күлүп, кызынын кыял-жоругун жакшы билгендиктен күйөөсүнө жеткирбеске жагалдана отурду. Суусаркан кудагыйына арнап бир козу сойдурду, анан коңшусунун тестиер баласын кудасына жөнөттү.

Сейтаалы адегенде көнгөн жок, анан ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, барбай коюуну туура көрбөдү. Көк чологун минип алып келип калды. Абсатар кайнатасын колтуктан ала аттан түшүрүп, үйгө киргизди. Суусаркан эки абысынын чакырып, коңшуларынын келиндерин казанга койду. Жакшылап сыйлап, кетээринде кешикти мол салып, куда-кудагыйына кийит кийгизип узатты.

Айжамал дагы деле кайненесин көргүсү келбейт, түн кирсе күйөөсүнүн кулак кужурун алып кирет. Кечке чарчаган Абсатар кечинде Айжамалдан мурун жатып алган эле, келип эле түрткүлөдү:

— Аби, эй Аби, ойгончу.

— Эмне болду эми?

— Ойгончу.

— Ийи мына, эмне болду?

— Ушинтип жүрө беребизби?

— Эмне кылыш керек эле?

— Элчилеп шаарга барып иштебейлиби?

— Койсоңчу, апам жалгыз калат да.

— Апам-апам дейсиң, апаңды карап жүрүп картайып кетебизби?

— Эмне кылат элем…

— Ушу сенин башың иштебейт, айыл өкмөттө иштеп алганың үч миң сом, элчилеп ойноп күлбөсөк, — деп тултуңдай берди.

— Бая күнү апаң келгенде оңолуп эле калбадың беле, кайра баштадыңбы? — Абсатар ыңгырана бери бурулду. — Мен апамды таштап эч кайда кете албайм, Айжамал.

— Анда мен сени менен жашай албайм.

— Эмнеге?

— Ошого, жаш кезде ойноп-күлбөсөк жашоонун кызыгы кайсы?

— Айжамал, буйруса балалуу болсок, анан досторду чакырабыз.

— Мен төрөбөйм.

— Ийи?

— Менин чоң максаттарым бар.

— Максатың болсо күйөөгө тийбей койбойт белең?

— Жалгыз бармак белем?

— Кызыксың го, адам өз максатын жалгыз гана орундатат.

— Сени менен шаарга барам, анан экөөбүз аябай байыйбыз.

— Шаарга баргандын баары байып кетти деп кимден уктуң? Андан көрө колдо барга шүгүр деп, тынч эле оокат өткөрө бергенибиз оң го, эртең мал-жан каттоо болот, уйку берчи. — Абсатар кайра ары карап жатып алды.

— Эртең мен үйгө барып келейин.

— Койо тур, апам өзү ырым-жырымы менен жөнөтөт.

— Ага чейин качан, апам-апам эле дей берет экенсиң.

— Апам мен үчүн баардыгы, Айжамал, мени апам кандай үмүт-тилек менен бакан. Мен анын тилегин аткарып, үмүтүн орундатышым керек, бактылуу кылышым керек билсең. Ошондо гана мен өзүм бактылуу болом, уктуң беле бейиш эненин таманында деп, андан өткөн баалуу нерсем жок менин.

— Анда сен энең менен жашай бер, мен биротоло кетем.

— Айжамал, койчу эми, сен экөөбүз бактылуу болобуз деп кыялданчу элек го, бир аз чыдасаң биз бактылуу болобуз. Балалуу болушубуз керек, сен мага уул төрөп берчи, Айжамал, — деп бери оодарылып кучактап калды. — Айтчы, уул төрөп бересиңби?

— Мен уул төрөгөндө эле апам-апам деп турсаң кыжырым келет, балалуу болсом апаң баланы кармалап, менин кыжырымды кайнатат да.

— Айжамал! — Абсатар тура калды. — А сен өз апаңды кандай көрөсүң?

— Менин апама асылба!

— Сен дагы менин апама асылба.

— Үйүңө алып келе электе берген убадаларың кана?

— Эмне дедим эле?

— Апам көбүнчө кызыныкында болот дебедиң беле?

— Кээде барат, бир жылда бир барат, мен апамды жалгыз уулу катары багууга милдеттүүмүн. Мейли, Айжамал, кетсең кет, айла жок анда, экөөбүздүн жолубуз эки башка экен…

— Эмне, кетсең кете бер дедиңби?

— Анан эмне демек элем, арга жок.

— Сени элеби, сени шашпа, өз колум менен өлтүрүп саламын, ажалыңдын себеби билинбей калат. Кудайга үнү жетип энең боздойт, ошондо аркы дүйнөдөн көрүп турасың! — деп Айжамал кийимин кийине баштаганда Абсатардын оозуна сөз кирбей калды. Бир топто ордунан туруп барып, Айжамалды карыдан силке өзүнө тартты:

— Сен эмне дедиң, ачык айтчы мага? — деп көздөрүнө тигилди. — Сен эмне, киши өлтүргүчсүңбү?

— Башымды оорутпачы! — Айжамал капысынан оозунан чыгып кеткен сөздү жымсалдай албай аргасы кете жулунду. — Койо бер, кетем!

— Жо-ок, сен эч жакка барбайсың, мени кантип өлтүрүп, апамды кандай боздотосуң, ошону айтчы?!

— Аби, жиним келип эле айта салгамын.

— Сен чыныңды айттың, демек күйөөңдү сен өзүң өлтүргөн азезил экенсиң да. Жат азыр ордуңа, эртең менен аман-сооңдо өзүм жеткирип берем, — деп төшөккө түртүп ийди.

— Аби, кечирип койчу мени, мен жөн эле оозума келгенди айта салдым, эмне дегенимди өзүм да билбейм, кечирип койчу, Аби, — деп Айжамал айлакерленип жатты.

— Болду, мен эми сендей аял менен жашабайм! — деп Абсатар эшикке чыгып кетти. Айжамал оозунан чыгып кеткен сөзгө өзүн-өзү күнөөлөп, эчак өткөн окуяны дагы бир сыйра көз алдына келтирип алды…

 

Айжамалды Акылбек ала качып алды. Бир көргөндө эле сүйүп калып, достору менен ала качып келгенде ата-энеси кубанып тосуп алды. Төркүндөрү кубалап келип, баары өз-өз орду менен болуп жатты. Ошентип акыры экөө өздөрүнүн бөлмөсүндө жатканда Айжамал:

— Акылбек, биз өзүбүзчө жашайлычы, — деди.

— Эмнеге?

— Бөлөк жашаганыбыз эле жакшы го?

— Жок, иним үйлөнгүчө атамдар менен чогуу жашайбыз, анан Асылбек аял алса бөлүнөбүз, — деди Акылбек.

— Сен анда ата-энеңдин эмчегин эме тургансып жүрө бер, мен кетем, — деди Айжамал албууттана.

— Айжамал, андай дебечи, кетем дебе, жаным, мен сени сүйүп алгамын, Айжамал, — деп Акылбек жалдырап жатып, таарынычын жазды.

— Сен ойлосоң, биз али жашпыз, шаарга барып иштесек элдей болуп, особняк үй сатып алабыз, ошондо туугандарыңдын баары бизге суктанса кандай сонун, уктуңбу, Акылбек?

— Ойлонуп, атамдарга кеңешип көрөйүн ээ?

— Макул, мени түшүнгөнүңө рахмат.

— Жаным, мен сени жанымдай көрөм, — деп экөө кучакташып жатып калышты. Эртеси эртең менен түшкө чейин уктаган уул-келинине ачууланган кайненеси өзүнчө наалып жатты.

— Кандай келинге туш келгенбиз, өзү аз келгенсип түшкө чейин эрин кучактап жатып алганы эмнеси, ботом? Келин алып, колум узарат экен десем, кайра эле кара казан колума тийди.

— Ой кемпир, эмне эле наалып жатасың, жаш эмеспи уктаса уктап алсын, — деди Арзыкул аялын тыйып.

— Жаш деп тим койсок төбөбүзгө чыгат булар, ана балаңды өзүң тарбияладың эле, эрте тур деп көрчү.

— Кой, акырын айтып түшүндүр да.

— Сен айт акырын, мен катуу эле айтам, келин деген эрте турат, төркүнүндө төркүлөп жаткансып түшкө жете уктагандан уялбайбы?

— Бар эми, ойготпойсуңбу?

— Ойготом эле, мындан ары эрте туруп жүрсүн, — деп уул-келини жаткан бөлмөнүн эшигине жетип жетпей, — Ой, Акылбек, турбайсыңарбы, айланайын, түшкө чейин уктай бересиңерби? — деди.

— Апа, азыр, — деген Акылбек ушалана туруп келди.

— Аялыңды тур дебейсиңби, кайсы кудай аткан келин кайната-кайнененин көзүнчө уктайт ыя?

— Туруп жатат, апа.

— Туюп жатат апа деп койот, ушу сен катын кул болосуң го, эркек деген калбаат эле болбойбу! — деп силкине сыртка чыгып кетти. Акылбек кайра аялына кирди.

— Эрте турсаң болмок экен, түш болуп калыптыр, жүр эми эшикке чыгып, атам менен апама жүгүнүп коюп, иш кыл.

— Эмне иш кылам? — деди уйкудан жаңы көзүн ачып керилген Айжамал.

— Атамдарга чай бер, тамакты ысытып келесиң.

— Ай ушу, мен жокто кантип жашап жүрдүңөр эле?..

— Сен жокто өзү жасачу, келини турганда кантип жасасын?

— Тажадым, өздөрү эле иче бербейт беле? — деп кийинип, жоолукту салынып, сыртка чыкты да, чоюлуп ажатканага барып келди. Анан шашпай жуунуп, бөлмөсүнө кирип, көпкө сыланып-сыйпанып отуруп алды эле Мырзайым:

— Ой, Айжамал, ботом, келин алдым деп бутту сунуп отурбай эле кара казанды колума кармата турган болдуң го?

— Апа, эмне кылайын?

— Эмне кылат элең, чай бер бизге.

— Азыр.

— Азыр дегениң эмнең, сенден мурун эки келин алып дегеле сендейди көрбөптүрмүн, айттырбай өзүң жасабайсыңбы?

— Баратам го…

— Келиндерим сендей болгон жок эле.

— Ошо келиндериңизди кетирбей койбойт белеңиз?

 

— Опе-ей ботом, эмне дейт ой мына бул? — деп Мырзайымдын көзү чакчайып кетти. — Тилинин узунун кара, эми сен кызмат кыласың, уктуңбу?

— Көрөбүз, — деп кайра өз бөлмөсүнө кирип кетти Айжмал.

— Акылбек!

— Эмне болду, апа? — Акылбек сырттан кирип келди.

— Мына бул катыныңды азыр каерден алып келсең ошоякка жеткирип сал! — деп Мырзайым бакырды.

— Эмне болуп кетти? — деп Арзыкул кирип келди.

— Мына бул келинди кайдан алып келсе ошол жакка жеткирсин, мындай тарбиясы жок келиндин кереги жок, ата-энеси буга тарбия бербей эмне кылып баккан деги?

— Ата-энеме асылбаңыз, — Айжамал үйдөн чыга калды. — Кетсе кетип эле калам, сенин балаңа жармашып калмак белем?! — деп бөйрөгүн таянганда Акылбек аны сыртка алып чыкты:

— Ал эмнең, Айжамал, апама сен эмес, биз же кыздары каяша айтчу эмес, улуунун сөзүн угуп кой да.

— Кереги жок, мен минтип жашай албайм!

— Койчу эми, апамдан кечирим сурап кой.

— Эмнеге сурайт экенмин, керек болсо энең менден кечирим сурасын, — дегенде Акылбек жаакка бир чапты.

— Бар анда, кетсең кете бер, мага эне-ата табылбайт, катынды таап алам! — деп жетелеп короодон чыгарып койду.

Айжамал ыйлаган бойдон үйүнө жөнөдү, келин болгонуна бир айдай эле болгон. Айжамал ыйлап киргенде Асылай менен Сейтаалы экөө чай ичип отурушкан.

— Сага эмне болду, кокуй? — деди адегенде Асылай тура калып.

— Эрте турбайсың деп кайненем урушса, Акылбек апасына болушуп бир чапты.

— Эрте турбайсыңбы анан, ошого эле баса бердиңби?

— Ооба, өзү кет дебедиби?

— Ал эмнеси экен, жаш деп көтөрмөлөп койбойбу, жүрү мен сени менен барып, ары же бери кылып келейин, — деген Асылайды күйөөсү токтотту.

— Отур!

— Эмнеге?

— Экөөң тең отургула, — дегенде күйөөсүнөн айбыгып отуруп калды. — Чай ичип ал дагы күйөөңө кайра баргын, экинчи жолу үйгө бырылдап келгениңди көрбөйүн. Күйөөгө тийген кыз барган жеринин ыгына көнөт, кайната-кайненесин сыйлайт, келин деген эрте турат, — деди Сейтаалы жай түшүндүрүп. — Сен менин төрүмдө тайтакта, эркелеп укта, азыр баргын да кайненеңден кечирим сура.

— Үйгө келген кызды сумсайтып өзүн кетиргенибиз кантип болсун, бүлө керек болсо келээр, — деди Асылай.

— Токтот, эбиреген сөздөрүңдү, кызың ызаат-сый менен келип кетсин мындан ары, үйгө осурган артым талаада да осурат деп, бир кыялын көрсөткөндүр да, андан көрө жөнөт кызыңды, — деп Сейтаалы чыгып кетти. Асылай күйөөсүнө эчтеке дей албады. Ыйлап-сыктаган Айжамал аргасыз кайра жөнөдү, кетип жатып: «Силерди шашпагыла» , — деп кекенип да алды. Ал келсе кайненеси кир жууп жаткан экен, унчукпай барып колунан алды, Мырзайым дагы унчуккан жок. Ошол бойдон кайра жашап калган. Анан эле бир күнү дагы уруш чыкты, Мырзайым нан салып жаткан келининин кылган ишин жактыра бербей:

— Капырай үйүңдө иш кылып көргөн эмессиңби? — деди.

— Эми үйрөнөм да, апа.

— Сен үйрөнгөнчө канча ун ысырап болоор экен, азыр заман башка, кымбатчылык күчөгөн, илгери он эки сом болгон бир кап ун азыр төрт жүз, беш жүз сомдон болуп жатканда биз ысырап кылсак кудайга жагаар бекен, балам?

— Көп деле күйгөн жок го, апа?

— Ак нанды ар ким жасайт, каракаш нанды Айжамал жасайт деп жей беребизби анан? — деп какшык аралаш күлүп коюп ары басып кетти.

— Сизге менин жасаган ишим эч эле жакпады го?

— Ой келин, кайра мага кайыр сүйлөгөнүң эмнең? — деди Мырзайым бери бурула. Ошол убакта ары жактан келе жаткан Акылбек аялына ороңдоп бир тийди.

— Тилиңди кыскартпаса болбой калды сенин.

— Эмне кылып жатам?

— Атаңдын башы! — деп келип отурган жеринен бир тепти.

Мырзайым болсо ары басып кетип калды, кыязы тартипке чакырып койсун деген шекилдүү.

— Эмне тебесиң, мен эмне кылдым? — деп Айжамал тура калып бакырганда Акылбек уруп жиберди. — Өлүп ке-ет! Балакетимди алган акмак, эмнеге мени урасың, өлүп калган жинди.

— Эмне деп жатасың, тилиңди кесип таштайынбы? — деп Акылбек басып калганда Арзыкул кирип келип, Акылбекти желкесинен апчый тартып ыргытты.

— Ок ат-таңдын оозун урайын айбан десе, бирөөнүн баласын өлтүргөнү калдыңбы, эмне жин тийди?

— Өзү тилин тартпай жатпайбы.

— Чык эшикке! — дегенде Акылбек чыгып кетти.

Андан кийин дагы кайненесинин айынан Акылбектин колу аялына көп тийди, жашаганына жети-сегиз ай болсо да боюна болбой жүрдү. Бир күнү Айжамал аптекадан дары алып келди да, Акылбек ичкен чайга күндө кошуп бере берди. Денсоолугу чың, алибеттүү бала тез эле ашказаны ооруп жатып калды. Айжамал ошондо да токтотподу, ого бетер күчөтүп бере баштады, дарынын кагаздарын ажатканага алып барып, өрттөп салат. «Мен жөн кетем десем да атам ажыратпайт, өлтүрүп анан кутулам», — деп ойлоп, кылган ишине кубанып жүрдү. Доктурга көрүн десе Акылбек да болбой койду, кирип-чыгып чөп чай ичет, акыры агалары келип, шаарга алып кетебиз деп жатканда түндөсү жаткан бойдон турбай калды…

 

 

Уландысы бар….

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE