Пример HTML-страницы

Тун ортосунда жин басса

https://kyrgyzcha.site/?p=56428&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Түн ортосунда ойгонуп, бирөө сизди кысып жаткандыгын сезесиз, бирок кыймылдай албайсыз, кээде сүйлөй да албайсыз. Кимдир бирөө сиздин үстүңүзгө отуруп алып, колу-бутуңузду төшөгүңүзгө кадап койгондой болот. Дагы, кээ бир учурларда, бирөө муунткандай сезилет. Натыйжада дем алуу кыйындайт. Тынчсызданып, көзүңүзгө таң калыштуу нерселер да көрүнүшү мүмкүн, кулагыңыздын астына кызыктай үндөр угулуп, кээде ал нерселерди так угушуңуз да мүмкүн. Уктап жатканда сизге зыян келтирген нерсе — бул жин, «жин басышы» деп аталат. Бизде «албарсты басты» деп коюшат. Жин адамга зыян берет. Демек, жин-шайтандарды кууп чыга турган иш-аракеттер менен жинден кутулуу мүмкүн.

 

 

 

 

1. Басмаланы айтуу (башкача айтканда Бисмиллахты) айтуу.

 

2. Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуу.

 

Жин илешип көп басышы кайра-кайра кездешсе, шариятыбызда өзүн жиндерден коргоонуунун жолдору кеңири баяндалган. Алардын айрымдары:

 

1. Аллахтын Элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: Кимде-ким багымдат намазынан кийин жүз жолу: «Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарийка лаху лахул мулку ва лахул хамду ва хува ала кулли шайин кодиир» деп айтса, ал күнү жин шайтандан сакталат. (Риваят Муслим.)

 

 

 

 

2. Эртең менен жана кечинде «Бисмиллаахил лазий лаа ядурру маас михии шайун фил арди валаа фис самаа ва хувас самийул алийм» дубасын үч жолу окуу керек. Себеби, Аллахтын Элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул дубаны эртең менен жана кечинде үч жолу кайталаган адамга эч нерсе зыян келтире албайт деп айткан. (Абу Давуд жана ат-Тирмизи риваят кылышкан).

 

 

 

 

3. Уктаардан мурун дуба кылгандай алаканын жайып Ихлас, Фалак жана Наас сүрөлөрүн окуп, башынан, бетинен, алдынан баштап, денесинин бүт жагына колу менен мүмкүн болушунча сылап чыгат. (Бухари жана Муслим риваят кылышкан).

 

Бул процесс үч жолу кайталанат.

 

4. Иш жүзүндө көрүлгөн өтө натыйжалуу болгон амалдардан — Куран окулган аппараттарды коюп уктоо. Бул ыкма Аллахтын кудурети менен шайтандарды кууп чыгат. (Биздин сунуш: Аятул Курси же Бакара Сүрөсүн кайталанып турган кылып коюңуз).

 

Бул аяттарды жана дубаларды окуп жатканда маанилерин түшүнүп жана ыклас менен аткаруу сунушталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE