Пример HTML-страницы

Ноокатта эки окуучу бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн. Жаңы маалымат айтылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 22-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда окуучулардын бычакташуусуна байланыштуу жыйын өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жыйынга Ноокат райондук администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Үч-Бай орто мектебинде 20-апрель күнү 9-класстын окуучусу 10-класстын эки окуучусуна бычак шилтеген.

Ал эми Ноокат райондук ооруканасынын маалыматына караганда, бычак биринин көкүрөк тушуна, экинчисинин кулагынын четине тийип өткөн. Алар оор жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE