Пример HTML-страницы

Лейлек районунда 5 өспүрүм бала унаа айдап качууга шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда унаа айдап качууга шектелген 5 бала кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Раззаков шаарынын 68 жаштагы тургуну 20-мартка караган түнү үйүнүн алдына токтотуп койгон ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт Лейлек РИИБ тарабынан КБРге Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Сүлүктү шаарынын 15-16 жаштагы тургундары А.А, А.Э, Н.Б, С.Э, Ш.Б. Сүлүктү шаарынан кармалып, РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE