Пример HTML-страницы

Чоң-Алайдагы үңкүрдө Меккеге барчу жол бар дешет (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө Зындан деген үңкүр бар. Ал үңкүр жөнүндө жергиликтүү тургундардын арасында ар түрдүү уламыштар айтылып келет. Кашка-Суу айылынын тургуну Айзада аймактык кабарчыга үңкүр жөнүндө уккан маалыматтарды айтып берди.

Анын айтымында, үңкүрдүн тереңдиги 50-70 метр. Эл оозунда: «Үңкүрдүн ичиндеги жол Меккеге (Сауд Арабия) алып барат», — деп айтылат. Ошондой эле Айзада Зындан үңкүрүнүн төрүндө «көл бар» деп айтыларын билдирди.

«Зындан үңкүрү Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү касиеттүү жерлердин бири. Ал тоонун боорунда жайгашып, зынданга, орго окшош болгондугуна байланыштуу «Зындан» деп аталып калган дешет. Ал жерге барган адам даарат алып, милдеттүү түрдө куран окушу керек. СССР убагында ал жерге адамдар барып, зыярат кылып турушса, азыр үңкүргө көңүл бурган эч ким деле жок. Эл оозунда ниети бузук адам үңкүргө барса таш түшүп, Зындандын эшиги жабылып калышы мүмкүн деген айың кептер бар. Кээ бирлери үңкүрдүн төрүндө көл бар дешип, анын суусу касиеттүү деп ичишет. Үңкүрдүн ичине кирип, 500 метрге чейин баргандар болгон.

Андан тышкары Зындандын үстүнөн «көк кочкор түшкөн» деген уламыш бар. Андан койлор тараган дешет. Ошондой эле анын ичинде «Мекке шаарына бара турчу ат жол» бар деп айтышат», — деди Айзада.

Чоң-Алай району 3 айыл өкмөттөн турат. Алар — Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу. Зындан үңкүрү ошол эле атты алып жүргөн Зындан тоосунда жайгашкан.

Зындан тоосунун үстүңкү бөлүгү «Бүркүт зоо» деп аталат. Себеби зоонун үстүндө бүркүттүн уясы болгон. Анын качантан бери мындай аталып келе жатканы белгисиз.

Айылда Оргума деген суу агат. Ал жерден агып чыккандыктан таза, тунук, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу экени айтылат. Оргума суусу айылдын ичин аралап өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE