Пример HTML-страницы

Turmush: Чүй облусунда эрезус табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖайыл районунда сейрек кездешүүчү курт-кумурскалардын түрү пайда болду.

«Мен өзүмдүн короомдо чоң жөргөмүш таптым. Буга чейин мындайды көргөн эмесмин», — дейт Новониколаевка айылынын тургуну Наталья.

«Бул өтө сейрек кездешүүчү жөргөмүш — кара кызыл эрезус. Бул жөргөмүштөр Борбордук Азияда кездешет. Бирок алар өтө сейрек кездешкендиктен Кызыл китепке киргизилген. Ургаачылары эркектеринен бир топ чоң жана эки сантиметрге чейин өсөт. Буга чейин эрезустар өзүнүн чоңдугуна байланыштуу ар кандай түрлөргө таандык деп эсептелген.

Жөргөмүштүн желеси кылдаттык менен жасалган торду элестетет. Анын капканына коңуздар, курт-кумурскалар жана майда кескелдириктер түшөт. Жупталуу мезгилинде эркек эрезус өзгөрүлүп, тамандарында кызыл тилкелер пайда болот. Ошондой эле, боор жагы кызгылт өңгө айланып, төрт кара так пайда болот. Адамдар үчүн бул жөргөмүштүн уусу өлүмгө алып келбейт, бирок чаккан жер абдан оорутат», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE