Пример HTML-страницы

Turmush: Тилек Матраимов камактан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТилек Матраимов камактан бошотулду. Бул тууралуу Тurmush басылмасына Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Мараттын сунуштамасы канааттандырылды.

Буга чейин М.И.Т.га карата колдонулган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылды.

—————————————

Буга чейин Turmush бир тууган Матраимовдор камакта калтырылганын жазган.

Исламбек Матраимов боюнча Ош шаардык сотунун токтому күчүндө калтырылып, Руслан Матраимов жана Тилек Матраимов боюнча жазылган арыз кайтарылып алынган.

——————————————————————-

Айыпталуучу М.Т.И.ге карата [Матраимов Тилек Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулгон.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Б.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.Р.И.га карата [Матраимов Руслан Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.И.И.ге [Матраимов Исламбек Исмаилович] карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.

——————————————————————-

2024-жылдын 26-мартында Райымбек, Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Бишкек шаарына алынып келген.

«Р.Матраимов «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болуп, бажыдагы жана мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин уюшкан кылмыштуу топ түзгөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго УКМК издөө жарыялаганы 26-январда маалым болгон. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) менен козголгон.

Бир тууган Матраимовдор тууралуу маалыматтар төмөндөгү видеодо:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE