Пример HTML-страницы

Москва районунда мөмө көчөттөрүн өстүргөн 20 жаштагы Бекзат жылына 3 млн сомдон киреше табууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында 20 жаштагы багбанчы Муратали уулу Бекзат жылына 3 млн сом таза киреше табууда.

Анын мөмө-жемиштерди өстүрүүдөгү багбанчылык сырлары жана ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Балалык кезимде эле багбанчылыкка байыр алгам. Атамдын кесиби юрист. Бирок, бак-дарактарды, мөмө-жемиштерди өстүрүүнүн устаты. Анын өстүргөн мөмө- жемиштерин кызыга карап, жардам да берип жүргөм. Ошондой күндөрдө турмуш шартка байланыштуу түштүктөн ата-энем менен Чүйдүн Петровка айылына көчүп келдик. Анда мен 10 жашта элем. Жашоомдун жаңы барактары ачылды. Айылдагы И.Черняховский атындагы орто мектептен билим ала баштадым. Көбүнчө орус тилинде сүйлөгөн, мамилеси да башкача балдар менен достоштум. Аларга аралаша албай, көпкө чейин эски досторумду сагынып жүргөн күндөр да эсимде. Мектепти ийгиликтүү аяктап, Бишкектеги колледждердин биринен финансы багытында кесип алдым. Бул жылдары атам экөөбүз жерге мөмө-жемиштердин көчөттөрүн отургузуп, 5 гектар жерди иштете баштаганбыз», — деди ал.

Каарманыбыз 2004-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Арпа- Сай айылында төрөлгөн. Ал төрт бир туугандын кичүүсү.

Атасы Муратали көп жылдар бою юрист кызматында иштеп, учурда уулу Бекзаттын устаты, кеңешчиси, жардамчысы. Апасы үй кызматында.

Жаш багбанчы Бекзат багбанчылык иштери жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди. «Элибизде «Көз коркок, кол баатыр» деп, туура айтылган экен. Алгач багбанчылыкты баштаганда бир аз коркуу сезими пайда болду. Бирок, атамдын тажрыйбасына таяндым. 5 гектар жер аздай эле сезилгени менен көп кыйынчылыктарды жаратты. Алгач түштүктөн, Чүйдөн тандалып алынган көчөттөрдүн уругун өстүрдүк. 3 жылда түбүн жумшартып, сугарып, бутап жана жер семирткичтерди берип, миңдеген көчөттөрдү жетилттик. Андан соң, ал көчөттөрдү 5 га жерге отургуздук. Учурда жакшы сорттогу «голден», «симиренко», «жанатан» жана башка алмалары, алча, кокон гилас жана башкалардын алды гүлдөп, аздан түшүм бере баштады. Бирок, киреше булагына айлана элек. Мен учурда жылына 3 миллион сомго жакын киреше табам. Албетте, бул бирөөлөр үчүн кызыктуу болушу мүмкүн», — деди жаш багбанчы.

Ал өз сөзүндө киреше табуунун жолдору менен ой бөлүштү. «Албетте, таза мээнеттен жакшы жашоо түзүлөт. Учурда 30 миңден ашуун ар түрдүү сорттогу мөмө-жемиштердин көчөтүн өстүрүп жатам. Аларды сатыкка койдум. Ар бир түбүн 100-150 сомдон сатканда эле таза киреше 3 млн сомдон ашат. Ал эми отургузулган жаш көчөттөрдүн арасына беде өстүрөбүз. Үйдө бука, уй, породалуу кой кармагандыктан, аны оруп, кышкы тоют кылабыз. Жакынкы жылдары 5 га жердеги мөмө-жемиштерим түшүм бере баштаганда киреше булагы 3 эсеп, башкача айтканда 10 млн сомдогон акча табам. Тийиштүү техникабыз жана өзүмдүн 1млн.500 миң сомго алган жаңы унаам бар. Буюрса, жакында үйдү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сатып алам. Учурда 20 жаштамын. Үйлөнө элекмин», — деп бактарды өстүрүүнүн, кыйыштыруунун эрежелерин видео аркылуу түшүндүрүп берди.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE