Пример HTML-страницы

Тынч жан алгычтар

https://kyrgyzcha.site/?p=56876&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Тынч жан алгычтар

 

Узак убакыт симптому жок, такыр билинбей өтчү оорулар болот жана бир күнү “мына мен” деп чыга келет. Алар кайсы оорулар? Ден соолукка кандай коркунучу бар? Баарын төмөндө карап көрөлү.

 

1. Жогорку кан басымСтатистика боюнча, дээрлик 50% адамдар кан басымы жогору экенин билишпейт, деп билдирет Мэри Бауман, АКШнын Оклохомаштатынын ага кардиологу. Оору адамдын ичинде “жашайт” жана тамырларга доо кетире берет, бир күнү инфаркт, инсульт же бөйрөк ооруларын алып келет.Кантип коргонуу керек?Өзүңүздүн ден соолугуңуз жакшы деп ойлогон күндө да жана эч бир көйгөй кабатырлантпаса да, жок дегенде жылына бир жолу кан басымыңызды өлчөтүп көюп туруңуз. Доктурга барууга убактыңыз болбосо, жакынкы дарыканада өлчөтсөңүз болот. Же болбосо электрондук танометр сатып алыңыз жана үй шартында өзүңүз эле текшерип туруңуз.

 

2. Уйку маалындагы апноэ пристубуКөпчүлүк адамдар ката кетиришип, апноэ менен ашыкча салмагы бар адамдар гана жабыркашат деп ойлошот. Бирокандай эмес. 20 жаштан 70 жашкачейинки айымдардын 50%ы апноэ менен жабыркашат. Бул, адам уктап жатканда дем алуунун күтүүсүз токтоп калган абалы, жүрөк оорулары жана диабеттин 2-тиби менен байлануштуу.Көбүнчө “апноэ” диагнозун айымдарга коюшат. Көп убакта, бул абалдын симптому болуп эртең мененки баш оору, маанайдын түшүшү жана баш айлануу саналат. Бир сөз менен айтканда, бул симптомдорду этибар албай, аба ырайына, айыз маалына ж.б. шылтап коюшат. Апноэнин дагы бир симптому – уйкусуздук. Айымдар, түнкүсүн, дем токтоп калгандыктан, бир нече жолу ойгонушат.Кантип коргонуу керек?Эгер бул симптомдорду байкасаңыз, дарыгерге кайрылыңыз. Керектүү изилдөөлөрдү өткөрүп, адистер апноэ бар-жогун аныкташат. Эгер табылып калса, анда СИПАП-терапия дайындашы мүмкүн. СИПАП – бул дем алуу жолдорунда тынымсыз оң басымжасап турган түзмөк.

 

3. ГлаукомаГлаукома аябай жай өнүгөт, жыйынтыгында, пациент көрүүсүначарлаганын кеч байкап калат. Глаукома көздө суюктуктун циркуляциясын оорлотуучу көздүн кан басымынын бузулушунан пайда болот. Мындай абалда көрүү тумандап, көрүү талаасы ичкерет, акыры сокурдукка алып келиши мүмкүн.Кантип коргонуу керек?Глаукома көбүнчө 40 жаштан өткөн адамдарда кездешет. Эгеркурагыңыз буга туура келсе, жылына бир жолу офтальмологдун көзөмөлүнөн өтүп коюп туруңуз.

 

4. ДиабетШекердин кандагы нормалдуу деңгээли дайым эле пациенттин диабети жок дегендик эмес. Баштапкы стадияларында бул абал дээрлик симптомсуз өтөт. Негизги сөз – “дээрлик”. Бир аз болсо да симптомдору бар: ооздун кургашы, суусагандык, бат-бат заара кылуу, көздүн начарлашы. Көп убакта бул симптомдорду пациент кеч болупкалганча этибар албайт.Диабеттин дагы бир симптому – акантокератодермия. Бул колтук менен моюндун терисинин кара тартып кетиши. Бул областтардын териси күнгө катуукүйгөндөй болуп калат.Кантип коргонуу керек?45 жаштан өткөндөн баштап дарыгерге көрүнүп туруу керек. Эгер ашыкча салмагыңыз болсо же каныңызда холестериндин деңгээли жогору болсо, анда кабатырлансаңыз болот.

 

5.Урук безинин поликистозсиндрому (УБПС)10%га жакын төрөт курагына жеткен айымдар УБПСтен жапа чегишет. Бул абал, организмде эркек гормондорунун көп бөлүнүп чыгышы. Анын айынан овуляция менен менструалдык цикл бузулат. Ошону менен биргеУБПС менен кошо диабеттин 2-тиби, жүрөк көйгөйлөрү, апноэ жана эндометрия рагы өнүгөт.Кантип коргонуу керек?Өз денеңизди угуңуз. УБПС болгондо менструалдык цикл батбузулуп турат (35 күндөн ашык), безеткилер чыгат (15 жашта болбосоңуз да), чачтар ичкерип, денеде түк көбөйөт. УБПСти көзөмөлдөсө болот, ал үчүн жашоо образды көзөмөлдөш керек. Углевод аз диета жана регулярдуу физикалык машыгуу – мыкты жардамчылар. Бирок, дарыгерге кайрылганыңыз туура.6. Өпкө рагыӨпкө рагы – рактын эң коркунучтуу түру. Анын баштапкы стадиялары симптомсуз өтөт. Андан да коркунучтуусу, оору өмүрү чылым чекпеген адамда да кездешет.Кантип коргонуу керек?Эгер тажрыйбалуу чылым чегүүчү болсоңуз, дарыгерге дайым көрүнүп туруңуз. Ошондой эле билинер-билинбес симптомдорго көңүл буруңуз: 2 жумадан ашык болгон кургак жөтөл, көкүрөктүн оорушу, кирилдегендик (үндүн) жана абанын жетишсиздиги.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE