Пример HTML-страницы

Ал өз атасына өткөрүлүп берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush29-апрелде Ысык-Ата районунда 3 жаштагы кыздын өгөй атасы тарабынан сабалышы боюнча акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев башында турган Балдарды коргоо комиссиясы тарабынан иш алынып барылып жатат. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, жетекчиликке ошол эле күнү билдирме түшүп, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан иш алып барыла баштаган. Комиссия Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте окуя катталган жерде болушуп, андан соң учурда ооруканага барып дарыланып жаткан кыздын абалы менен таанышып чыгышкан. Учурда кыз өз атасына өткөрүлүп берилип, чоң энесинин кароосунда ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Бул иш райондук жетекчиликтин тыкыр көзөмөлүндө.

Кыздын ата-энеси 2022-жылы ажырашып кетишкен. Жубайлардын ортосунда 2 кызы бар. 2020-жылы төрөлгөн улуу кызы өз атасы, чоң ата, чоң энелери менен бирге турат. Ортолорунда мамлекеттик каттоодон өткөн мыйзамдуу нике болгон эмес.

Кыздын энеси 21 жашта. 2022-жылы кыздардын атасы менен ажырашкандан кийин кайра турмушка чыккан. Учурда кош бойлуу. Экинчи жолдошу менен да мыйзамдуу никеге турушкан эмес.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 29-апрелде Ысык-Ата районунун Буденовка айылында 2021-жылы туулган Р.Н. аттуу кыз сабалып ооруканага түшкөнүн билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иш козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кызды өгөй атасы дайыма сабап келген. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Эскертүү! Сүрөттү сезимталдарга көрүүгө болбойт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE