Пример HTML-страницы

Аксыдагы дыйкандар мөндүрдөн улам ири зыянга учурады. Алар 120 гектардан ашык жерди кайра айдоого мажбур болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаандан кийинки мөндүр Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагындагы 120 гектардан ашык аянтка зыянын тийгизди, анын басымдуу бөлүгүндө дарбыз эгилген.

Жергиликтүү тургун Улан Ырыскулов 3 гектар жерге эккен дарбыздын баарын мөндүр талкалап кеткен. Элеттик дыйкан ушул тапта талаасын кайра тазалап, айдатуу алдында турат. Ал гектарына дээрлик 150 миң сомдон чыгым кеткенин айтууда.

«25-апрелде жааган жамгырдан кийинки мөндүр менин эгиним сыяктуу ондогон гектар эгинди талкалады. Быйыл Кара-Колот участкасындагы 3 гектар жерге дарбыз эккем. Көчөттөр 3-4 кулак болуп чоңоюп калды эле, азыр бири да жок. Гектарына 150 миң сомго чейин чыгаша кетирген болчумун. Азыр тамтыгы чыккан талааны тазалап, кайра башынан айдатуу үчүн даярдап жатам. Быйыл баары кымбат, күйүүчү майдын литри эле 75 сом, 1 банка дарбыз урук 6000 сомго чейин, 1 таңгак клёенка 4500 сом, айдоо иштери баары биригип 15 миң сом, жардамчылар күнүнө 1200 сомдон иштейт. Азыр эми кайра башынан ушул процесстердин баарын жасап жатабыз, айла жок», — деди дыйкан.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу боюнча адиси Кадыр Шертаевдин маалыматы боюнча, табийгат кырсыгы орун алган күндүн эртеси атайын жумушчу топ келтирилген чыгымды эсептеп чыккан. 122 гектар айдоо аянтына зыян келтирилген, анын 87 гектарына дарбыз айдалган.

«Баарына белгилүү болгондой, 25-апрелде кечинде нөшөрлөп жааган жаандан кийин мөндүр жаап, эгин талааларына зыян келтирди. Аны менен катар кокту-колоттордон түшкөн суу сел арыктардан акты. Селден анчейин зыян келген жок. Тактап айтканда, жакынкы жайыттардын онго жакын жолун сел алган, аны менен катар бир чакан көпүрөнү бузуп кеткен. Ошол күнү айыл өкмөттүн техникасы бузулган жолдорду калыбына келтирди. Жумушчу топ зыян тийген эгин талааларына барып, дыйкандар менен кезиктик. Негизинен мөндүр айыл аймактын Жыл-Кол, Кыр-Кечүү, Жел-Тийбес жана Кара-Колот участкаларында жааган. Андан 87 гектар дарбыз аянты, 25 гектар жүгөрү жана 12 гектар беде эгилген талаа зыян тартты», — дейт Шертаев.

Turmush 2024-жылдын 25-апрелинде Жалал-Абад облусунун аймактарында мөндүр аралаш жаан жааганын жазган.

Шамалды-Сай шаарынын тургуну Нурлан Садыков жаандан талаага эгилген жаш көчөттөр сынып кеткенин айткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE