Пример HTML-страницы

АЯЛДЫК СЫПАТ.

https://kyrgyzcha.site/?p=56850&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛДЫК СЫПАТ.

===============

 

Аял — жаратуучу, тарбиячы, үй-булөнүн өнүктүрүүчү өзөгү.

Аял-күйөө тутунууну, бала тарбиялоону, үй күтүүнү, мейман күтүүнү, тамак жасоону, коомдо өзүн алып жүрүүнү өздөштүрүү керек.

 

Бала эненин 80% үлгүсүн алат, атанын 20%эле болот.

 

Эркекке караганда аялдын билимсиз болушу балдары, күйөөсү үчүн коркунучтуу.

 

Аял — үйдүн куту, чырагы, гүлү.

 

Аялдын жан-дуйнөсү жакшы жакка өнүксө — өнүктүргүч, көрктөндүргүч, эн башкы күч, жаман жакка өнүксө — жегич, ириткич зат.

 

Аял — күйөөсүн коштоп, колдоп, мактап, өбөк-жөлөк болуу менен өзүнүн жакшы сөзүн күйөөмдүкү деп, өзү бүтүргөн иштерди да «күйөөм бүтүргөн, күйөөм айткан, күйөөм чечкен» деп дайыма күйөөсүнөн өзүн бир тепкич пас алып жүрүү керек.

 

Коомдо, эл арасында, күйөөсүнүн жакшы жактарын гана чыгарып жүрүүсү керек. Эгерде күйөөсүнүн жаман сыпаты болсо жеке отурганда сыпайы, сылык айтып түшүндүрүп, дайыма тарбиялоонун үстүндө болуу керек.

 

Аял, эне — калыптандыруучу, багыт көрсөтүүчү, үй-бүлө үчүн жооптуу кызмат ээси.

 

Эне — чалкыган дениздей билимдуу, оорундуу, Ала-тоодой кайрат-эрктүү, сезимтал, жапакеч, кечиримдүү, жагымдуу мамиледен, ар бир кыймылынан, башкаларга үлгү болуп байкалып туруусу маанилүү. Аял — озунун жол-жобосун өздөштүрө албаса, айлана бут нуксуз, үй-бүлөсү кунсуз, турмуштары эптемей, үй-тутунуу ирээтсиз, кыялы алып учма болот, байлык, бийликке умтулуп, «өзгөчөлөнүп өмүрүн өткөрөм» деп кор болушат.

 

Дүйнө элинин багытсыз калгандыгынын башкы себеби — аялдар оз ордун, кызматын аткарбагандыктан, балдар тарбиясыздыгынан келип чыгат.

 

Аял — ички өзөк, эркек — сырткы тон.

 

Аялдын табигый орду кандай болуш керек?

 

Сыпайы, Назик, Купуя сыр сактоо, Токтоо, Жонокой, Кечиримдуу, Тил билгилик, Чечкиндуу, Акырын кыймыл, Карапайым, Кайрымдуу, Илимдуу.

 

Жогоруда көрсөтүлгөндөй аял парзын билип, милдет, кызматын аткарса, сыноо токтоп, Аллах канатына калкаламак.

 

Аялдын Аллах берген ордунан туура эмес өскөн багыты:Шашмалык, алдамчылык, кенебестик, бийликке кызыгуу, менменсинүү, бирөөнү башкаруу, күйөөгө теңелүү, кур намыс, мактанчаактык, куру кыял, байлыкка кызыгуу, жасалма мамиле, эки жүздүүлүк, кыянатчылыкка баруу, сезимсиздик, тилге кирмелик, женилдик, күйөсүнө баш ийбөө. Бул сыпаттар аялда болсо ичи калтырак, сырты жалтырак адам корпусун кийген эле буюм катары болуп калат.

 

Аял канчалык мал- дүйнөгө ээ болуп, мартабасы жогору болбосун, эгер анын күйөөсү болбосо, ал баарыбир мискин (бечара) деп атала берет…

 

Күчтүү аялдар ар дайым БАКТЫЛУУ болуп көрүнүшөт…

Чындыгында БАКТЫСЫЗ болушса да…!

 

Күчтүү аялдар дайыма жылмайып жүрүшөт, чындыгында азап чегип турушса да…!

 

Күчтүү аялдар ар дайым кечиришет…

Чындыгында кечирүүнү каалашпаса да…!

 

Күчтүү аялдар эч качан жеңилишпейт…

Чындыгында алдан тайып турушса да…!

 

Күчтүү аялдар капа болбогондой болуп көрүнүшөт…

Чындыгында жүрөктөрү ыйлап турса да…!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE